1Бүт ысрайылдыктар өз уруулары боюнча эсептелген. Алар Ысрайыл падышаларынын китебине жазылган. Жүйүттөр болсо мыйзамсыз иштери үчүн Бабылга туткундалып кетишкен.
2Өздөрү ээлеп алган жерлерде, Ысрайыл шаарларында жашаган алгачкы тургундар ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жана нетиндер болгон.
3Иерусалимде Жүйүттүн кээ бир уулдары, Бенжеминдин уулдарынан, Эпрайым менен Менашенин уулдарынан жашап турушкан:
4Жүйүттүн уулу Перестин уулдарынан Утай, Утай – Амийуттун уулу, Амийут – Омринин уулу, Омри – Имринин уулу, Имри – Банинин уулу.
5Шилондун уулдарынан тун уулу Асая жана анын уулдары.
6Зерактын уулдарынан Жейуел жана анын алты жүз токсон бир тууганы.
7Бенжемин уулдарынан Салу, ал – Мешуламдын уулу, Мешулам – Одабиянын уулу, Одабия – Асенуйдун уулу,
8Жерохамдын уулу – Жибнея, Узинин уулу – Эйла, Узи – Михринин уулу, Шепатиянын уулу – Мешулам, ал – Ребуелдин уулу, Ребуел – Жибнеянын уулу.
9Үй-бүлөлөрү боюнча алардын бир туугандары – тогуз жүз элүү алты киши, булардын бардыгы өз урууларында үй-бүлө башчылары болгон.
10Ал эми ыйык кызмат кылуучулар булар: Жедая, Жойарип, Жахин жана
11Азария. Азария – Хилкиянын уулу, Хилкия – Мешуламдын уулу, Мешулам – Садоктун уулу, Садок – Мерайоттун уулу, Мерайот – Кудайдын үйүндө башкаруучу болгон Акитуптун уулу.
12Ошондой эле Адая. Адая – Жерохамдын уулу, Жерохам – Пашкурдун уулу, Пашкур – Малкиянын уулу. Ошондой эле Масай. Масай – Адиелдин уулу, Адиел – Жахзердин уулу, Жахзер – Мешуламдын уулу, Мешулам – Мешилеймиттин уулу, Мешилеймит – Имердин уулу.
13Ошондой эле алардын бир туугандары, өз үй-бүлөлөрүнүн башчылары – бир миң жети жүз алтымыш адам. Алар Кудайдын үйүндө ак ниет кызмат кылган эң жакшы адамдар болгон.
14Ал эми лебилерден: Шемая. Ал – Хашубанын уулу, Хашуба – Азрикамдын уулу, Азрикам – Хашабиянын уулу, Хашабия Мераринин тукуму болгон.
15Ошондой эле Бакбакар, Хереш, Галал жана Матания. Матания – Миханын уулу, Миха – Зихринин уулу, Зихри – Асаптын уулу.
16Ошондой эле Обадия. Ал – Шемаянын уулу, Шемая – Галалдын уулу, Галал – Жедутундун уулу, Жедутун – Берекиянын уулу, Берекия – Асанын уулу, Аса – нетопалыктардын айыл-кыштактарында жашаган Элкананын уулу.
17Ал эми дарбазачылар: Шалум, Акуп, Талмон, Акиман жана алардын бир туугандары. Алардын башчысы – Шалум.
18Леби уулдарынын бул дарбазачылары чыгыш жактагы падыша дарбазасын бүгүнкү күнгө чейин кайтарышат.
19Шалум – Корейдин уулу, Корей – Эбийасаптын уулу, Эбийасап – Корактын уулу. Шалум жана анын уруусундагы бир туугандары, корактыктар, кызмат абалы боюнча жыйын чатырынын босогосунда күзөтчүлөр болушкан. Алардын аталары болсо Теңирдин станынын кире беришин кайтарышкан.
20Алардын үстүнөн мурда Элазар уулу Пинехас башчы болгон. Теңир аны колдоп турган.
21Мешелемия уулу Захария жыйын чатырынын эшигин кайтарган.
22Дарбазачы болуу үчүн тандалгандардын саны эки жүз он эки болгон. Алар өз кыштактары боюнча тизмеге кирген. Аларды Дөөт менен көрөгөч Шемуел ишенимдүү адамдар болгону үчүн койгон.
23Алар да, алардын уулдары да жыйын чатырынын, Теңир үйүнүн дарбазасын кайтарып турушкан.
24Дарбазачылар төрт тарапта: чыгышта, батышта, түндүктө, түштүктө турган.
25Кыштактарда жашаган бир туугандары аларга мезгил-мезгили менен жети күнгө келип турушкан.
26Күзөтчүлөрдүн төрт башчысы, лебилер, ишенимдүү адамдар болгон. Аларга Кудай үйүнүн турак-жайлары менен казынасын кайтаруу дайындалган.
27Кудай үйүнүн айланасында алар түн күзөтүшкөн, анткени аларга кайтаруу иши тапшырылган. Алар ар күнү эртең менен эшиктерди ачып туруулары керек эле.
28Алардын кээ бирөөлөрү кызмат кылууда колдонулуучу идиштерге жооптуу болуп дайындалышкан, алар идиштерди эсептеп кабыл алып, эсептеп берип турушкан.
29Башкаларына башка буюмдар менен керектүү ыйык нерселер: эң жакшы деп эсептелген ун, шарап, зайтун майы, жыпар жыттуу заттар тапшырылган.
30Ыйык кызмат кылуучулардын уулдарынын кээ бири жыпар жыттуу заттардан жыпар жыттуу аралашма жасап турушкан.
31Корактык Шалумдун тун уулуна – лебилерден чыккан Мататияга көмөч казанга нан бышыруу тапшырылган.
32Ишемби сайын нан курмандыктарын коюп туруу үчүн, алардын Каат уулдарынан тараган бир туугандарынын кээ бирлерине нан курмандыктарын бышыруу тапшырылган.
33Ырчылар – Леби урууларындагы уруу башчылар ийбадатканадагы бардык кызматтардан бошотулган, анткени алар күнү-түнү өз кызматын кылууга милдеттүү болчу.
34Булар – леби урууларынын уруу башчылары, өз урууларынын башчылары. Алар Иерусалимде турушкан.
35Гибондуктардын атасы Жейел Гибондо жашаган, анын аялынын аты – Мааха,
36анын тун уулу – Абдон, андан кийин Сур, Киш, Баал, Нейир, Надап,
37Гедор, Ахио, Захария жана Миклот.
38Миклоттон Шимам төрөлдү. Алар өздөрүнүн бир туугандарынын жанында, Иерусалимде бир туугандары менен бирге жашап турушкан.
39Нейирден Киш төрөлдү, Киштен Шабул төрөлдү, Шабулдан Жонатан, Малки-Шуу, Абынадап жана Эшпаал төрөлдү.
40Жонатандын уулу – Мерибаал. Мерибаалдан Миха төрөлдү.
41Миханын уулдары: Питон, Мелех, Тахрей жана Ахаз.
42Ахаздан Жара төрөлдү. Жарадан Алемет, Азмабет жана Зимри төрөлдү. Зимриден Мотса төрөлдү.
43Мотсадан Бина төрөлдү. Бинанын уулу – Репая, Репаянын уулу – Элас, Эластын уулу – Атсел.
44Атселдин алты уулу болгон, алардын ысымдары: Азрикам, Бохра, Ысмайыл, Шеярия, Обадия жана Ханан. Булар – Атселдин уулдары.