1Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болууга чакырылган Пабылдан жана бир тууганыбыз Состенден
2Кудайдын Корунттагы Жыйынына салам! Машайак Ыйса аркылуу ыйыкталган жана ыйык болууга чакырылган силерге, ошондой эле бардык жерде баарыбыздын Теңирибиз болгон Ыйса Машайактын ысымын чакыруучулардын баарына
3Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!
4Силер үчүн жана Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу силерге көрсөткөн ырайымы үчүн, Кудайга ар дайым ыраазычылык билдирем.
5Себеби силер Ыйса Машайак аркылуу бардыгына: сөзгө жана билимге байыдыңар.
6Анткени Машайактын күбөлөндүрүүсү силерде бекем орун алды.
7Теңирибиз Ыйса Машайактын келишин күтүп жаткан силер рухий жөндөмдүүлүктөрдүн эч биринен кем эмессиңер.
8Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү кемчиликсиз болушуңар үчүн, Ал силерди акырына чейин бекемдейт.
9Силерди Өз Уулу – Теңирибиз Ыйса Машайак менен мамилелешүүгө чакырган Кудай ишенимдүү.
10Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан өтүнөм, баарыңардын сөзүңөр бир болсун. Өз ара бөлүнбөгүлө, тескерисинче, бир ой, бир пикирге келгиле.
11Бир туугандарым, өз ара талашып-тартышып жатканыңар Хлоянын үйүндөгүлөрү аркылуу мага маалым болду.
12Муну айтып жатканымдын себеби: бириңер: «Мен Пабылдыкымын», бириңер: «Мен Аполостукумун», дагы бириңер: «Мен Кейфаныкымын», дагы бириңер: «Мен болсо Машайактыкымын», – деп жатыптырсыңар.
13Эмне, Машайак бөлүндү беле? Пабыл силер үчүн айкаш жыгачка кадалды беле? Же силер Пабылдын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлдүңөр беле?
14Криспос менен Гайдан башкаңарды сууга чөмүлдүрбөгөнүм үчүн, Кудайга ыраазымын,
15«Мен Пабылдын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгөм», – деп, эч ким айта албайт.
16Степандын үйүндөгүлөрдү да сууга чөмүлдүргөм, алардан башка дагы кимди сууга чөмүлдүргөнүм эсимде жок.
17Машайак мени сууга чөмүлдүрүү үчүн жиберген эмес, Жакшы Кабар таратуу үчүн жиберген. Бирок аны чечендик менен таратуу үчүн жиберген эмес, болбосо Машайактын айкаш жыгачы өз күчүн жоготуп коёт.
18Себеби айкаш жыгач жөнүндөгү сөз – өлүмгө бара жаткандар үчүн акылсыздык, ал эми куткарыла турган биз үчүн Кудайдын күчү.
19Анткени Ыйык Жазууда: «Даанышмандардын даанышмандыгын жок кылам, акылмандардын акылын четке кагам», – деп жазылган.
20Даанышман кайда? Мыйзамды окутуучу кайда? Бул дүйнөнүн акылдуусу кайда? Бул дүйнөнүн акылмандуулугун Кудай акылсыздыкка айландырган жокпу?
21Өзүн акылман санаган бул дүйнө Кудайды кудайлык акылмандуулук боюнча тааныбай койгондуктан, Кудай ишенгендерди акылга сыйбаган сөз аркылуу куткарып алууну туура тапты.
22Анткени жүйүттөр керемет-жышаанды талап кылышат, эллиндер акылмандыкты издешет,
23биз болсо айкаш жыгачка кадалган Машайак жөнүндө жарыялайбыз. Жүйүттөр үчүн бул – азгырык, ал эми эллиндер үчүн акылсыздык.
24Чакырылгандар үчүн, алар жүйүт болобу, эллин болобу, Машайак – бул Кудайдын күчү жана Кудайдын акылмандыгы.
25Анткени Кудайдын «акылсызы» адамдардан акылдуу, Кудайдын «алсызы» адамдардан күчтүү.
26Кудай тарабынан чакырылып алынган бир туугандар, өзүңөрдүн ким экениңерди карап көргүлөчү: бир азыңар эле акылдуусуңар, бир азыңар эле күчтүүсүңөр, бир азыңар эле тектүү жерден чыккансыңар.
27Акылдууларды уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн акылсыздарын тандап алды. Күчтүүлөрдү уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн алсыздарын тандап алды.
28Бул дүйнөнүн барктууларынын баркын түшүрүү үчүн, Кудай бул дүйнөнүн тексиздерин, басынтылгандарын жана барксыздарын тандап алды.
29Кудай алдында эч бир адам мактанбашы үчүн ушундай кылды.
30Ал аркылуу силер Машайак Ыйсанын ичиндесиңер. Машайак биз үчүн Кудайдан келген акылмандуулук, адилеттик, ыйыктык жана куткарылуу болуп калды.
31Ошондуктан Ыйык Жазууда жазылгандай, «Мактанган адам Теңир менен мактансын».