1 Корунттуктарга 10:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Бир туугандар, мен силердин билишиңерди каалайм: ата-бабаларыбыздын баары булут астында жол жүрүшкөн, алардын баары деңизден өтүшкөн.

2Алардын баары булутка жана деңизге, Мусанын урматына чөмүлдүрүлүшкөн.

3Бардыгы бир эле рухий тамак жешкен.

4Бардыгы бир эле рухий суусундук ичишкен: өздөрүнүн артынан келе жаткан рухий аскадан суу ичишкен. Ал аска Ыйса Машайак болчу.

5Кудай алардын көпчүлүгүнө нааразы болду. Ошондуктан алар чөлдө өлүп жок болушту.

6Алар сыяктуу жамандыкка жакын болбошубуз үчүн, бул бизге сабак болуп калды.

7Алардын кээ бирөөлөрүнө окшоп бурканга табынуучу болбогула. Алар жөнүндө Ыйык Жазууда: «... эл ичип-жегени отурду, көңүл ачканы турду», – деп жазылган.

8Кээ бирөөлөрүнө окшоп ойноштук кылбайлы, алардын жыйырма үч миңи бир күндө кырылган.

9Алардын кээ бирөөлөрүнө окшоп Машайакты сынабайлы. Сынагандарды жылан чагып өлтүргөн.

10Алардын кээ бирөөлөрүнө окшоп күңкүлдөбөгүлө. Күңкүлдөгөндөрдү Кыруучу өлтүргөн.

11Алардын башынан өткөн нерселердин баары бизге сабак болуш үчүн болгон. Кылымдын акырында жашап жаткан бизге эскертүү болуш үчүн, кагазга түшүрүлгөн.

12Ошондуктан туруп турам деп ойлогон адам жыгылып калуудан сак болсун.

13Силер адам баласынын башына келе турган эле сыноолорго туш болдуңар. Кудай ишенимдүү, Ал силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт. Сыноону көтөрө алышыңар үчүн, сыноо учурунда чыгуу жолун да берет.

14Ошондуктан, сүйүктүүлөрүм, буркандарга кызмат кылуудан качкыла.

15Силерди акыл-эстүү адамдар катары көрүп айтып жатам, айткандарым жөнүндө өзүңөр ойлонуп көргүлө.

16Теңирге ыраазычылык билдирүү менен ыраазычылык чөйчөгүнөн ичкенде, биз Машайактын канына үлүштөш болуп жаткан жокпузбу? Нан сындырып жегенде, биз Машайактын денесине үлүштөш болуп жаткан жокпузбу?

17Нан бирөө, бардыгыбыз биригип бир денебиз, анткени бардыгыбыз бир нандан жеп жатабыз.

18Ысрайыл элин алып көрөлү: курмандыктан жегендер курмандык чалынуучу жайга үлүштөш болуп жатышкан жокпу?

19Муну менен эмнени айткым келет? Буркан маанилүү нерсе демекчиминби? Же ага багышталган курмандыкты маанилүү нерсе демекчиминби?

20Албетте, жок. Айтайын дегеним бул: бутпарастар курмандыктарын Кудайга эмес, жиндерге багышташат. Силердин жиндер менен үлүштөш болушуңарды каалабайм.

21Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар. Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин да дасторконунан тамактана албайсыңар.

22Теңирдин кызганычын ойготкубуз келеби? Же биз Андан күчтүүбүзбү?

23Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле пайдалуу эмес. Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле ишенимди бекемдебейт.

24Ар бир адам өзүн эле эмес, өзгөнү да ойлосун.

25Базарда сатылгандын бардыгын текшербестен, тынчсызданбастан эле алып жегиле.

26Анткени жер жана жердегинин бардыгы Теңирдики.

27Эгерде Теңирге ишенбегендердин бири силерди үйүнө чакырып калса, аныкына барганыңарда, алдыңарга коюлган тамак-ашты текшербестен, тынчсызданбастан эле жегиле.

28Эгерде кимдир бирөө силерге: «Бул – бурканга багышталган тамак», – десе, анда муну айткан ошол адам үчүн жана анын абийири үчүн жебей эле койгула.

29Өзүмдүн эмес, анын абийирин айтып жатам. Башка бирөөнүн абийирине өз эркиндигимди соттотуп эмне кылам?

30Эгерде мен тамакты Кудайга ыраазычылык билдирүү менен жеп жатсам, анда мени ыраазычылык билдирип жеген тамак үчүн айыптоонун эмне кереги бар?

31Ошентип, ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла.

32Жүйүткө да, эллинге да, Кудайдын Жыйынына да азгырык болбогула.

33Мен да өз пайдамды эмес, көптөрдүн пайдасын көздөп, куткарылып калышы үчүн, аларга бардык жагынан жагууга аракеттенип жатам.

/article>