1Мен Машайактан үлгү алгандай эле, силер да менден үлгү алгыла.
2Бир туугандар, силердин мен берген көрсөтмөлөрдү эсиңерден чыгарбай, мен үйрөткөндөй аткарып жүргөнүңөр мактоого арзырлык.
3Бирок муну билип алышыңарды каалайм: ар бир эркектин башчысы – Машайак, аялдын башчысы – эркек, Машайактын башчысы – Кудай.
4Баш кийимчен сыйынган же баш кийимчен пайгамбарчылык кылган эркек өз башын өзү уятка калтырат.
5Жылаңбаш сыйынган же жылаңбаш пайгамбарчылык кылган аял өз башын өзү уятка калтырат, себеби бул чачын кырдырып салууга барабар.
6Эгерде аял башын жапкысы келбесе, чачын кырктырып салсын. Кырктырып салгандан же кырдырып салгандан уялса, башын жапсын.
7Эркек башын жаппашы керек, анткени эркек – Кудайдын бейнеси жана даңкы, аял болсо – күйөөсүнүн даңкы.
8Анткени эркек аял аркылуу эмес, аял эркек аркылуу жаратылган.
9Эркек аял үчүн эмес, аял эркек үчүн жаратылган.
10Ошондуктан аял периштелерге өзүнүн бийлик астында экендигин көрсөтүш үчүн, башын жаап жүрүшү керек.
11Бирок Теңирдин алдында аял эркекке, эркек аялга көз каранды.
12Анткени аял эркек аркылуу жаратылгандай эле, эркек аялдан төрөлөт, бирок баары Кудайдан.
13Өзүңөр эле ойлоп көргүлөчү: аялдын Кудайга жылаңбаш сыйынганы адептүүлүккө жатабы?
14Табият өзү эле айтып жатпайбы: чач өстүрүү эркек үчүн уятсыздык,
15аял үчүн сыймык, анткени чач аялга жабуу ордуна берилген.
16Ким бул тууралуу талашып-тартышкысы келсе, билип койсун, бизде да, Кудайдын Жыйындарында да андай адат жок.
17Чогулганыңардын пайдасынан зыяны көп болгондуктан, төмөндөгү көрсөтмөлөрдү берем. Мен силерди мактай албайм.
18Биринчиден, Жыйын катары чогулганыңарда, өз ара бөлүнөрүңөрдү уктум. Кандайдыр бир деңгээлде мен буга ишенем.
19Бирок араңарда ар кандай көз караштар да болушу керек, ошол аркылуу кимдердин ишенимдүү экендиги белгилүү болот.
20Чогулганыңар менен, Теңирдин Кечки Тамагын жеп-ичүү расмисин туура өткөргөн жоксуңар.
21Анткени ар ким башканы күтпөй, өз тамагын жей баштайт. Ошентип, бири ачка калса, бири мас болуп калат.
22Уйүңөрдөн ичип-жесеңер болбойбу? Же Кудайдын Жыйынын барк албай, колунда жокторду басынткыңар барбы? Эмне дейин, силерди ушул үчүн мактайынбы? Жок, мактабайм.
23Силерге үйрөткөндөрүмдү мен Теңирден алгам. Адамдардын колуна салынып берилер түнү Теңир Ыйса нанды алып,
24Кудайга ыраазычылык билдирип сыйынгандан кийин, нанды сындырып, мындай деген:
25Тамактан кийин чөйчөктү да алып, мындай деген:
26Бул нандан жеп, бул чөйчөктөгү шараптан ичкен сайын, Теңир келгенге чейин, силер Анын өлүмү жөнүндө жарыялайсыңар.
27Ошондуктан ким татыксыз түрдө бул нандан жесе жана Теңирдин чөйчөгүнөн ичсе, ал Теңирдин Денесине жана Канына каршы күнөө кылган болот.
28Адам адегенде өзүн өзү текшерсин, ошондон кийин гана бул нандан жеп, чөйчөктөгү шараптан ичсин.
29Ким Теңирдин Денеси жөнүндө ойлонбой, татыксыз түрдө ичип-жесе, ал өзүн өзү айыптуу кылат.
30Ошондуктан көпчүлүгүңөр алсызсыңар жана оорулуусуңар, араңарда өлгөндөр да аз эмес.
31Өзүбүздү өзүбүз текшерсек, сотко кабылмак эмеспиз.
32Бул дүйнө менен бирге соттолбошубуз үчүн, Теңир бизди соттоп, жазалап жатат.
33Ошондуктан, бир туугандарым, Кечки Тамакка чогулганыңарда, бири-бириңерди күткүлө.
34Ачка адам үйүнөн тамактансын. Кечки Тамак расмисин өткөрүүңөр сотко кабылууңарга себеп болбогондой болсун. Калганын өзүм барганда чечем.