1Бирок, бир туугандар, мен силердин рухий жөндөмдүүлүктөр тууралуу да билишиңерди каалайм.
2Өзүңөр билесиңер, бутпарас кезиңерде тилсиз буркандарга бирөө жетелеп баргансып барчусуңар.
3Ошондуктан силерге айтарым: Кудайдын Руху аркылуу сүйлөгөн адам Ыйсага каршы анафема айтпайт жана ал Кудайдын Руху аркылуу гана Ыйсаны «Теңир» дей алат.
4Рухий жөндөмдүүлүктөр ар түрдүү, бирок Рух бирөө.
5Кызматтар ар түрдүү, бирок Теңир бирөө.
6Иштер ар түрдүү, бирок Кудай бирөө, бардыгын кыймылга келтирген – Ал.
7Бирок Рухтун жөндөмдүүлүгү жалпынын пайдасы үчүн ар бирине берилет.
8Рух аркылуу бирине акылмандык берилсе, ошол эле Рух аркылуу башка бирине билим берилет.
9Ошол эле Рух аркылуу бирине ишеним, дагы бирине айыктыруу жөндөмдүүлүгү,
10бирине ажайып көрсөтүү жөндөмдүүлүгү, бирине пайгамбарчылык кылуу жөндөмдүүлүгү, бирине рухтарды айырмалоо жөндөмдүүлүгү, бирине ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү, башка бирине ошол тилдерди которуп түшүндүрүп берүү жөндөмдүүлүгү берилет.
11Мунун баары – ошол эле Рухтун иши. Ал ар бирине Өзү каалагандай жөндөмдүүлүк берет.
12Дене бирөө болгону менен, анын мүчөлөрү көп, баары – бир дененин мүчөлөрү, алар көп болсо да, бир эле денени түзөт. Машайактын Денеси болуп эсептелген Жыйын да көп мүчөлөрдөн турат.
13Жүйүт да, эллин да, кул да, эркин адам да – баарыбыз бир Рухка, бир денеге чөмүлүп, бир Рухтан ичкенбиз.
14Дене бир мүчөдөн эмес, көп мүчөдөн турат.
15Бут: «Мен денеге таандык эмесмин, анткени кол эмесмин», – десе эле, денеге таандык болбой калабы?
16Кулак: «Мен денеге таандык эмесмин, анткени көз эмесмин», – десе эле, денеге таандык болбой калабы?
17Дененин баары эле көз болсо, ал кантип угат? Дененин баары эле кулак болсо, ал кантип жыт сезет?
18Кудай ар бир мүчөнү денеге Өзү каалаганындай кылып жайгаштырган.
19Эгерде баары бир эле мүчө болсо, дене кантип дене болот?
20Көп мүчө биригип, бир денени түзөт.
21Көз колго: «Сенин мага керегиң жок!», баш бутка: «Сенин мага керегиң жок!» – дей албайт.
22Дененин алсыз көрүнгөн мүчөлөрү көбүрөөк керек.
23Денебиздеги көрксүз болуп көрүнгөн мүчөлөрүбүзгө өзгөчө кам көрөбүз.
24Денебиздеги анча маанилүү эмес болуп көрүнгөн мүчөлөрүбүзгө өзгөчө кам көрөбүз, көрксүз мүчөлөрүбүз көрктүү кийим кийишет, ал эми көрктүү мүчөлөрүбүз буга муктаж эмес.
25Бирок дене мүчөлөрү өз ара бөлүнбөш үчүн, мүчөлөрдүн бардыгы бири-бирине кам көрүш үчүн, Кудай дененин көрксүз мүчөсүн өзгөчө кам көрүлгүдөй кылып жайгаштырган.
26Ошондуктан бир мүчө азап тартса, аны менен кошо бардык мүчөлөр азап тартышат. Бир мүчө даңкталса, аны менен кошо бардык мүчөлөр кубанышат.
27Силер Машайактын денесисиңер, өз-өзүнчө алганда, ар бириңер бул дененин мүчөлөрүсүңөр.
28Кудай Жыйынга, биринчиден, элчилерди; экинчиден, пайгамбарларды; үчүнчүдөн, окутуучуларды дайындады. Калгандарына ажайып көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн, айыктыруу жөндөмдүүлүгүн, жардам берүү жөндөмдүүлүгүн, башкаруу жөндөмдүүлүгүн, ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгүн берди.
29Баары эле элчиби? Баары эле пайгамбарбы? Баары эле окутуучубу? Баарында эле ажайып көрсөтүү жөндөмдүүлүгү барбы?
30Баарында эле айыктыруу жөндөмдүүлүгү барбы? Баары эле ар кандай тилдерде сүйлөй алышабы? Баары эле ал тилдерди которо алышабы?
31Эң жакшы жөндөмдүүлүктөргө умтулгула, ошондо мен силерге мындан да жакшы жолду көрсөтөм.