1 Корунттуктарга 13:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Эгерде мен адамдын жана периштенин тили менен сүйлөй алсам, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен зың эткен жезмин же шыңгыраган коңгуроомун.

2Эгерде мен пайгамбарчылык кылсам, бардык сырларды билсем, толук билимге ээ болсом, тоону ордунан жылдыра ала тургандай ишенимим бар болсо, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен эч ким эмесмин.

3Эгерде мен мал-мүлкүмдүн баарын таратып берсем, денемди отко таштоого даяр болсом, бирок менде сүйүү жок болсо, мунун баары пайдасыз.

4Сүйүү чыдамдуу, боорукер, сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, текеберденбейт,

5адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек сактабайт,

6адилетсиздикке кубанбайт, чындыкка кубанат,

7баарын жаап коёт, баарына ишенет, баарынан үмүт үзбөйт, баарын көтөрөт.

8Сүйүү эч качан токтобойт. Пайгамбарчылык айтылбай калат, тилдер сүйлөнбөй калат, билимдин кереги жок болуп калат.

9Анткени биздин билимибиз чектелүү, пайгамбарчылыгыбыз да чектелүү.

10Жеткилеңдүүлүктүн убагы келгенде, чектелүү нерселер жок болот.

11Бала кезимде жаш балача сүйлөп, жаш балача ойлонуп, жаш балача ой жүгүртчүмүн. Эр жеткенде балалык көз караштарымды калтырдым.

12Азыр биз күңүрт күзгүдөн көргөнсүп, даана көрө албай жатабыз, кийин болсо даана көрөбүз. Азыр менин билимим чектелүү, Теңир мени кандай билсе, кийин мен баарын ошондой билип алам.

13Ал эми азыр үчөө бар: ишеним, үмүт, сүйүү. Бирок сүйүү баарынан жогору.

/article>