1 Корунттуктарга 14:1-40 KYB2004 - Bible AI

1Сүйүүгө жетүүгө аракеттенгиле, рухий жөндөмдүүлүктөргө, айрыкча пайгамбарчылык кылууга, умтулгула.

2Ар кандай тилдерде сүйлөгөн адам адамдарга эмес, Кудайга сүйлөп жатат. Анткени аны эч ким түшүнгөн жок, ал сырларды руху менен айтып жатат.

3Ал эми пайгамбарчылык кылган адам бекемдейт, акыл-насаат айтат, сооротот.

4Ар кандай тилдерде сүйлөгөн адам өзүн бекемдейт, ал эми пайгамбарчылык кылган адам Жыйынды бекемдейт.

5Ар кандай тилдерде баарыңардын эле сүйлөшүңөрдү каалайм, бирок ага караганда пайгамбарчылык кылганыңар жакшы. Ар кандай тилдерде сүйлөгөнгө караганда, пайгамбарчылык кылган жакшы. Сүйлөгөнүн которуп түшүндүрүп бербесе, Жыйындын бекемделиши үчүн, пайгамбарчылык кылганы жакшы.

6Бир туугандар, мен силерге барып алып, ар кандай тилдерде сүйлөсөм, бирок менин айткандарымдан же ачылыш албасаңар, же бир нерсени таанып билбесеңер, же пайгамбарчылык укпасаңар, же насаат албасаңар, мен силерге кандай пайда келтирген болом?

7Үн чыгарган чоор же гусли сыяктуу жансыз буюмдардын ар бири ар башка үн чыгарбаса, алардын үнүн кантип ажыратмак элек?

8Сурнай белгисиз эле бир үн чыгарып жатса, согушка ким даярданмак эле?

9Ошол сыяктуу эле, эгерде силер түшүнүксүз сөздөрдү сүйлөп жатсаңар, эмнени айтып жатканыңарды кантип билишет? Сүйлөгөнүңөр ооздун жели эле болуп калат.

10Дүйнөдө ар кандай сөздөр бар, ар бир сөздүн мааниси бар.

11Эгерде мен сүйлөп жаткан адамдын сөзүнүн маанисин түшүнбөсөм, мен ал адам үчүн чет өлкөлүкмүн, ал адам мен үчүн чет өлкөлүк.

12Бул рухий жөндөмдүүлүктөргө умтулуп жаткан силерге да тиешелүү. Жыйындын бекемделиши үчүн, жөндөмдүүлүктөргө бай болууга аракет кылгыла.

13Ошондуктан ар кандай тилдерде сыйынган адам которуп берүү жөндөмдүүлүгүн да сурап сыйынсын.

14Анткени ар кандай тилдерде сыйынып жатканда, рухум сыйынганы менен, акылым жемишсиз калат.

15Анда эмне кылыш керек? Рухум менен да сыйынам, акылым менен да сыйынам. Рухум менен да ырдайм, акылым менен да ырдайм.

16Эгерде сен рухуң менен Кудайга ыраазычылык билдирип жатсаң, эмнени айтып жатканыңды түшүнбөгөн адам сен ыраазычылык билдирип сыйынгандан кийин, кантип «Оомийин» демек эле? Анткени ал сенин эмнени айтканыңды түшүнгөн жок.

17Сен Кудайга канчалык жакшы ыраазычылык билдирсең да, бул аркылуу башка бирөөнүн ишеними бекемделбейт.

18Кудайга ыраазымын, ар кандай тилдерде мен баарыңардан көбүрөөк сүйлөйм.

19Бирок Жыйында ар кандай тилдерде көп сөз айткыча, башкалар насаат алышы үчүн, акылым менен беш сөз айтканым жакшы.

20Бир туугандар, акылыңар жаш баланыкындай болбосун. Жамандыкка карата жаш баладай болгула, бирок акылыңар жетик болсун.

21Мыйзамда мындай деп жазылган: «“Бул элге башка тилдер менен башкалардын оозу аркылуу сүйлөсөм да, булар Мени угушпайт”, – дейт Теңир».

22Ошентип, ар кандай тилдерде сүйлөө – Теңирге ишенгендер үчүн эмес, Теңирге ишенбегендер үчүн жышаан. Пайгамбарчылык кылуу – Теңирге ишенбегендер үчүн эмес, Теңирге ишенгендер үчүн жышаан.

23Жыйындагылардын баары чогулуп алып, ар кандай тилдерде сүйлөп жатышканда, муну билбеген же Теңирге ишенбеген адам келип калса, «Буларга жин тийгенби» дебес бекен?

24Баарыңар пайгамбарчылык кылып жатканыңарда, араңарга Теңирге ишенбеген же муну билбеген адам келсе, ал силер аркылуу ашкереленет, соттолот.

25Анын жүрөгүндөгү жашыруун ойлору ачыкка чыгат. Ошондо ал жүзтөмөндөп жыгылып: «Кудай, чын эле, силер менен экен», – деп, Кудайга таазим кылат.

26Бир туугандар, чогулганыңарда рухий ырлардан ырдайсыңар, насаат айтасыңар, алган ачылышыңар менен бөлүшөсүңөр, ар кандай тилдерде сүйлөйсүңөр, аны которуп түшүндүрүп бересиңер, бирок мунун баары Жыйындын бекемделиши үчүн болсун.

27Кимдер ар кандай тилдерде сүйлөсө, алардын экөөсү, ашып кетсе үчөөсү кезектешип, биринин артынан бири сүйлөсүн, бири аны которуп түшүндүрүп берсин.

28Эгерде которуп түшүндүрүп берүүчү адам жок болсо, ал Жыйында унчукпай эле койсун, өзү үчүн сүйлөсүн, Кудайга сүйлөсүн.

29Ошондой эле эки же үч пайгамбар сүйлөсүн, угуп отургандар алардын айткандары жөнүндө ойлонушсун.

30Эгерде угуп отургандардын бири ошол убакта ачылыш алса, сүйлөп жаткан адам ачылыш алган адамга сөз берсин.

31Баарыңар үйрөнүп, баарыңар соороно алышыңар үчүн, кезек менен пайгамбарчылык кылсаңар болот.

32Пайгамбарчылык руху пайгамбарларды угат.

33Анткени Кудай тартипсиздикти эмес, тынчтыкты каалайт.

34Ыйыктардын бардык Жыйындарындагыдай эле Жыйында аялдарыңар унчугушпасын, анткени аларга сүйлөөгө уруксат берилген эмес. Алар мыйзамда айтылгандай баш ийишсин.

35Эгерде алар бир нерсени үйрөнгүсү келсе, үйүнө барганда, күйөөсүнөн сурап алсын. Аял кишинин Жыйында сүйлөгөнү уят.

36Кудай Сөзү силерден чыкты беле? Кудай Сөзү жалгыз силерге жетти беле?

37Ким өзүн пайгамбармын же рухий адаммын деп эсептесе, силерге жазгандарым Теңирдин осуяты экендигин билип койсун.

38Билгиси келбеген адам билбей эле койсун.

39Ошентип, бир туугандарым, пайгамбарчылык кылууга умтулгула, бирок ар кандай тилдерде сүйлөөгө тыюу салбагыла.

40Бирок баары өз орду, өз тартиби менен болсун.

/article>