1 Корунттуктарга 15:1-58 KYB2004 - Bible AI

1Бир туугандар, мен силерге тараткан Жакшы Кабарды эсиңерге салайын. Силер аны кабыл алып, ага бекем ишенип калдыңар.

2Эгерде ага мен айткандай ишенсеңер, ал аркылуу куткарыласыңар, болбосо ишенгениңердин пайдасы жок.

3Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген кабарым бул: Ыйык Жазууда жазылгандай, Машайак биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлдү,

4көргө коюлду жана Ыйык Жазууда жазылгандай, үчүнчү күнү тирилди.

5Ал Кейфага, кийин он эки шакиртине көрүндү.

6Андан кийин бир эле убакта беш жүздөн ашуун бир тууганыбызга көрүндү. Алардын көпчүлүгү азыркы күнгө чейин тирүү, айрымдарынын көзү өтүп кетти.

7Андан кийин Жакыпка жана башка элчилерге көрүндү.

8Акырында ай-күнүнө жетпей төрөлгөн балага окшогон мага да көрүндү.

9Мен элчилердин эң кичинесимин, атүгүл, элчи деп аталууга да татыксызмын. Анткени мен Теңирдин Жыйынын куугунтуктачумун.

10Бирок Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошолмун. Анын мага кылган ырайымы текке кеткен жок, мен баарынан көп кызмат кылдым. Дегинкиси, мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды.

11Ошентип, мен да, алар да тараткан, силер ишенген Жакшы Кабар ушул.

12Машайактын өлгөндөрдүн арасынан тирилгендиги жарыяланып жатса, кээ бирөөлөрүңөрдүн: «Өлгөндөр тирилишпейт», – дегени кандай?

13Эгерде өлгөндөр тирилишпесе, анда Машайак да тирилген жок.

14Эгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда биздин Жакшы Кабар таратканыбыздын да, силердин ишенимиңердин да пайдасы жок.

15Эгерде өлгөндөр чын эле тирилишпесе, ал эми биз Машайакты Кудай тирилтти деп жатсак, анда Кудайга каршы жалган күбөлүк кылган болор элек.

16Эгерде өлгөндөр тирилишпесе, анда Машайак да тирилген жок.

17Эгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда силердин ишенимиңердин пайдасы жок: күнөөлөрүңөр дагы деле өз мойнуңарда.

18Анда Машайакка ишенип жүрүп көз жумгандар да тирилишпейт.

19Эгерде Ыйсага ушул жашоодо гана үмүттөнүп жатсак, анда биз эң бактысыз адамдарбыз.

20Бирок Машайак өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилди.

21Өлүм бир адам аркылуу келген сыяктуу эле, өлгөндөр бир Адам аркылуу тирилишет.

22Адам атанын айынан баары өлүштү, ал эми Машайак аркылуу баары тирилишет.

23Ар бири өз кезеги менен тирилет: адегенде Машайак, Машайак келгенде, машайакчылар тирилишет.

24Машайак бардык бийликти, үстөмдүк кылуучулукту жана күчтү жоюп, Падышачылыкты Кудай Атага өткөрүп бергенден кийин, баарынын акыры келет.

25Анткени Ал бардык душмандарын Өзүнүн бут алдына жыкканга чейин бийлик жүргүзүүгө тийиш.

26Өлүм акыркы душман катары жок болот.

27Себеби Кудай бардыгын Машайактын бут алдына жыкты. Албетте, бардыгынын ичине бардыгын Ага багындырып берген Кудай кирбейт.

28Бардыгы Уулга багындырылып берилгенден кийин, Уул Өзү да бардыгын багындырып берген Кудайга баш иет. Ошентип, Кудай бардык бийликти Өз колуна алат.

29Өлгөндөр үчүн чөмүлдүрүлүп жаткандар эмне кылып жатышат? Эгерде өлгөн адамдар эч качан тирилишпесе, анда эмнеге өлгөндөр үчүн да чөмүлдүрүлүп жатышат?

30Биз да эмнеге саат сайын өзүбүздү кыйынчылыктарга туш кылып жатабыз?

31Мен күн сайын өлүмгө баш байлап жатам. Бир туугандар, Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу мен ээ болгон силердин мактооңор буга күбө.

32Адамдык көз караш менен айтайын, өлгөндөр тирилишпесе, Эфестеги жырткычтар менен күрөшүп, өз өмүрүмдү тобокелге салып эмне кылам? «Анда ичип-жейли, баары бир өлөбүз да».

33Алданбагыла, акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат.

34Эсиңерге келгиле, күнөө кылганды токтоткула. Уяткарыш үчүн айтайын, айрымдарыңар Кудайды али тааный элексиңер.

35Бирок кимдир бирөө: «Өлгөндөр кантип тирилишет? Алардын тирилгенден кийинки денеси кандай болот?» – дейт чыгар.

36Акылсыз! Сепкен уругуң өлбөсө, өнүп чыкпайт.

37Буудай себесиңби, башканы себесиңби, сен өсүмдүктүн өзүн эмес, уругун эле себесиң.

38Кудай ар бир өсүмдүккө Өзү каалагандай түр берет, ар бир уруктун денеси ар башка болот.

39Денелердин баары бирдей эмес: адамдын, малдын, канаттуунун, балыктын денеси бири-биринен айырмалуу.

40Асмандагылардын денелери бар, жердегилердин денелери бар. Асмандагылардын денелеринин даңкы башка, жердегилердин денелеринин даңкы башка.

41Күндүн көркү башка, ай-жылдыздардын көркү башка. Көркү жагынан жылдыздар бири-биринен айырмаланышат.

42Өлгөндөрдүн тирилүүсү да ушундай болот: топуракка көмүлгөн дене чирийт, тирилген дене эч качан чирибейт.

43Себилген нерсе барксыз, тирилген нерсе барктуу. Себилген нерсе алсыз, тирилген нерсе күчтүү.

44Себилгени – табигый дене, тирилгени – рухий дене. Табигый дене бар, рухий дене бар.

45Тооратта мындай деп жазылган: «Ошентип, биринчи адам – Адам ата тирүү жан болуп калды». Ал эми акыркы Адам – өмүр берүүчү рух.

46Адегенде табигый адам, андан кийин рухий Адам келди.

47Топурактан жаратылган биринчи адам жерден, экинчи Адам асмандан келди.

48Жердеги адам кандай болсо, жердегилер да ошондой. Асмандан келген Адам кандай болсо, асмандагылар да ошондой.

49Азыр жердеги адамдын бейнесин алып жүрөбүз, кийин асмандан келген Адамдын бейнесин алабыз.

50Бир туугандарым, айтайын дегеним бул: бул дене Кудайдын Падышачылыгын мурастай албайт. Чирип калчу нерсе чирибес нерсени мурастай албайт.

51Силерге бир жашыруун сыр айтайын: баарыбыз эле өлбөйбүз, бирок баарыбыз өзгөрүлөбүз.

52Акыркы сурнай тартылганда, көз ачып-жумгуча өзгөрүлөбүз. Сурнай тартылганда, өлгөндөр чирибес болуп тирилишет, биз болсо өзгөрүлөбүз.

53Анткени чирип калчу бул дене чирибес болот, өлүп калчу бул дене өлбөс болот.

54Чирип калчу бул денебиз чирибес болгондо, өлүп калчу бул денебиз өлбөс болгондо, «Өлүм жеңилди, жок болду» деген сөз аткарылат.

55«Өлүм! Сенин уу тишиң кайда? Өлгөндөр жаткан жай! Сенин жеңишиң кайда?»

56Өлүмдүн уу тиши – күнөө, ал эми күнөөнүн күчү – мыйзам.

57Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу бизге жеңиш берген Кудайга ыраазыбыз!

58Ошондуктан, сүйүктүү бир туугандарым, бекем болгула, туруктуу болгула. Теңирдин ишин ар дайым жан-дилиңер менен кылгыла, анткени Теңир үчүн кылган эмгегиңер текке кетпестигин билесиңер.

/article>