1 Корунттуктарга 16:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Ыйыктар үчүн чогултулчу жардам жөнүндө айтарым: Галатиядагы Жыйындарга берген көрсөтмөмдү колдонгула.

2Мен барганда чогултуп жүрбөшүңөр үчүн, ар жуманын биринчи күнү ар бириңер шартыңарга жараша колуңардан келгенин чогултуп коюп жүргүлө.

3Барганымда, өзүңөр тандаган адамдарды кат менен Иерусалимге жөнөтөм. Алар чогулткандарыңарды Иерусалимге жеткирип барышат.

4Эгерде менин да барышым керек болсо, алар мени менен барышат.

5Адегенде Македонияга барып, андан ары силерге барам.

6Араңарда бир аз убакыт туруп калат окшойм, атүгүл, кыштап калышым да ыктымал. Кийин силер мени бара турган жагыма узатып коёрсуңар.

7Мен силерге тийип эле кетким келген жок. Кудай буюрса, силер менен көп убакыт бирге болоюн деген оюм бар.

8Элүүнчү күн майрамына чейин Эфесте болом.

9Анткени мен үчүн эшик кенен ачылды, бирок каршылашкандар да көп.

10Эгерде силерге Тиметей барса, өмүрүнө коркунуч туулбагыдай болсун. Анткени ал да мага окшоп, Теңирдин ишин кылып жатат.

11Аны тоотпой койбогула. Силер аны тынчтык менен узатып койгула, биз аны бир туугандар болуп күтүп жатабыз.

12Аполос бир тууганыбыздан бир туугандар менен бирге силерге баруусун абдан өтүндүм. Бирок ал азыр барууну каалаган жок, ыңгайы келгенде барат.

13Сергек болгула, ишенимиңерди бек туткула, бекем болгула, кайраттуу болгула.

14Бардык ишти сүйүү менен кылгыла.

15Ахая жеринде Теңирге биринчилерден болуп ишенген, өздөрүн ыйыктарга кызмат кылууга арнаган Степандын үй-бүлөсүн билесиңер.

16Бир туугандарым, силерден өтүнөрүм, мындай адамдарды сыйлагыла. Силерге жардам көрсөтүп, силер менен чогуу эмгектенген адамдардын баарын сыйлагыла.

17Степандын, Портунаттын жана Ахайиктин келгенине аябай кубандым, анткени алар силерди жоктотушкан жок.

18Алар мени да, силерди да тынчтандырып коюшту, мындай адамдарды сыйлагыла.

19Асиядагы Жыйындар силерге салам айтып жатышат. Теңир жолунда жүргөн Акила менен Прискила да өздөрүнүн үйүндө чогулган Жыйын менен бирге силерге ысык салам айтып жатышат.

20Бардык бир туугандар силерге салам айтып жатышат. Ыйык өбүшүү менен саламдашкыла.

21Мен, Пабыл, саламымды өз колум менен жаздым.

22Теңирибиз Ыйса Машайакты сүйбөгөн адамга анафема! Маранафа!1

23Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгө берсин!

24Мен баарыңарды Машайак Ыйсанын сүйүүсү менен сүйөм. Оомийин.

/article>