1 Корунттуктарга 2:1-16 KYB2004 - Bible AI

1Бир туугандар, мен силерге барганымда, Кудайдын күбөлөндүрүүсүн чечендик же адамдык акылмандык менен жарыялаганы барган эмесмин.

2Анткени силерге барганда, айкаш жыгачка кадалган Ыйса Машайактан башка эч нерсе айтпай эле коёюн деп чечкем.

3Мен силердин араңарда алсыз болуп, калтырап коркуп жүрдүм.

4Силердин ишенимиңер адамдык акылмандыкка эмес, Кудайдын күчүнө негизделиши үчүн,

5мен сөз сүйлөгөндө жана насаат айтканда, адамдык акылмандык менен айтылган ишендирерлик сөздөргө эмес, Кудайдын Рухуна жана күчүнө таяндым.

6Акылмандуулук жөнүндө биз жеткилең адамдардын арасында сүйлөйбүз. Бирок бул акылмандуулук бул дүйнөнүн жана бул дүйнөнүн жок боло турган бийлик башындагыларынын акылмандуулугу эмес.

7Биз Кудайдын жашыруун сыр катары сакталып келген акылмандуулугу жөнүндө сүйлөйбүз. Биздин даңкталышыбыз үчүн, Кудай аны дүйнө жаратыла электен мурун эле белгилеп койгон.

8Ал акылмандыкты бул дүйнөнүн бийликтегилеринин бири да түшүнгөн жок. Түшүнүшсө, даңктуу Теңирди айкаш жыгачка кадашмак эмес.

9Ыйык Жазууда жазылгандай, «Кудай Өзүн сүйгөндөргө көз көрбөгөн, кулак укпаган, адамдын оюна да келбеген нерсени даярдап койгон».

10Бизге муну Кудай Өзүнүн Руху менен ачып берди. Анткени Рух бардыгын, Кудайдын улуу сырларын да билет.

11Адамдын оюнда эмне бар экенин ким билет? Адамдын ичиндеги рухтан башка эч ким билбейт. Ошол сыяктуу эле Кудайдыкын да Кудайдын Рухунан башка эч ким билбейт.

12Кудайдын бизге эмне бергенин билишибиз үчүн, биз бул дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдын Рухун кабыл алдык.

13Биз аны адамдык акылмандык аркылуу үйрөнгөн сөздөр менен жарыялап жаткан жокпуз, Ыйык Рух аркылуу үйрөнгөн сөздөр менен рухий адамдарга рухий тилде жарыялап жатабыз.

14Табигый адам Кудайдын Руху ачып берген чындыктарды кабыл албайт, анткени ал муну акылсыздык деп эсептейт. Ал муну түшүнө албайт, анткени бул жөнүндө рухий ой жүгүртүү керек.

15Рухий адам бардыгы жөнүндө ой жүгүртө алат, бирок ал адамга эч ким баа бере албайт.

16Кудайды үйрөткүдөй, Анын акыл-оюн ким билиптир? Ал эми бизде Машайактын акылы бар.

article>