1 Корунттуктарга 3:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Бир туугандар, мен силер менен рухий адамдар менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө алган жокмун. Дененин каалоосун аткарып жашаган адамдар менен, Машайак жолундагы жаш балдар менен сүйлөшкөндөй сүйлөштүм.

2Мен силерге күчтүү тамак эмес, сүт бергем. Анткени силер күчтүү тамакты аш кыла алмак эмессиңер, аны азыр да аш кыла албайсыңар.

3Анткени силер азыр деле дененин каалоосун аткарып жашап жатасыңар. Ортоңордо көрө албастык, уруш-талаш, келишпестик бар болсо, дененин каалоосун аткарып жашаган адам эмей кимсиңер? Силер адамдык кылып жаткан жоксуңарбы?

4Бириңер: «Мен Пабылдыкымын», – десеңер, бириңер: «Мен Аполостукумун», – дейсиңер, дененин каалоосун аткарып жашаган адам эмей кимсиңер?

5Аполос ким? Пабыл ким? Алар – жөн гана кызматчылар, силер Теңирге ошолор аркылуу ишенип калдыңар. Теңирдин бергенине жараша алардын ар биринин жөндөмдүүлүгү бар.

6Мен урук септим, Аполос сугарды, бирок Кудай өстүрдү.

7Ошондуктан себүүчүнүн да, сугаруучунун да иши маанилүү эмес, себилгенди өстүрүүчү Кудайдын иши маанилүү.

8Себүүчү менен сугаруучунун эмгеги бирдей. Бирок ар бири өз эмгегине жараша акысын алат.

9Биз Кудайдын кызматташтарыбыз, силер болсо Кудайдын эгин талаасы жана Кудайдын имаратысыңар.

10Кудайдын мага көрсөткөн ырайымы менен мен акылдуу куруучу катары пайдубал салдым. Башка бирөө ошол пайдубалдын үстүнө куруп жатат. Бирок ар бириң өзүңдүн кандай куруп жатканыңа көңүл бур!

11Себеби эч ким салынган пайдубалдан бөлөк пайдубал сала албайт, ал пайдубал – Ыйса Машайак Өзү.

12Ал пайдубалдын үстүнө бирөө алтындан, бирөө күмүштөн, бирөө кымбат баалуу таштардан, бирөө чөптөн, бирөө жыгачтан, бирөө самандан курат.

13Ар бир адамдын кылган иши сот күнү ачыкка чыгат, себеби от аркылуу ачылат, кимдин иши кандай экенин от сынайт.

14Кимдин кылган иши отко туруштук берсе, ал сыйлыгын алат.

15Ал эми кимдин иши күйүп кетсе, ал зыян тартат. Өзү куткарылат, бирок оттон чыккандай куткарылат.

16Кудайдын ийбадатканасы экендигиңерди, ичиңерде Кудайдын Руху жашарын билбейсиңерби?

17Ким Кудайдын ийбадатканасын талкаласа, аны Кудай талкалайт. Анткени Кудайдын ийбадатканасы ыйык, ал эми ал ийбадаткана силерсиңер.

18Эч ким өзүн өзү алдабасын. Араңардан ким бул дүйнөдө акылдуу болгусу келсе, акылдуу болуш үчүн, акылсыз болсун.

19Анткени бул дүйнөнүн акылмандыгы – Кудай алдында акылсыздык. Ыйык Жазууда жазылгандай, «Ал акылмандарды өздөрүнүн эле айла-амалы менен кармайт».

20Ошондой эле: «Кудай акылмандардын ою куру ой экендигин билет», – деп жазылган.

21Ошондуктан эч кимиңер адам менен мактанбагыла, анткени баары силердики.

22Пабыл да, Аполос да, Кейфа да, дүйнө да, өмүр да, өлүм да, азыркы учур да, келечек да – баары силердики.

23Силер болсо Машайактыкысыңар, Машайак Кудайдыкы.

article>