1 Корунттуктарга 4:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Ошентип, адамдар бизди Машайактын кызматчылары жана Кудайдын жашыруун сырларын билген үй башкаруучулары катары эсептей алгандай болушсун.

2Үй башкаруучулардан болсо ишенимдүүлүк талап кылынат.

3Мен жөнүндө силер кандай ойдосуңар, башкалар кандай ойдо, мен үчүн бул маанилүү эмес. Өзүм да өзүмө баа бербейм.

4Абийирим таза, бирок муну менен актанбайм, анткени мага Кудай Өзү Сот.

5Ошондуктан Теңир келгенче, алдын ала эч соттобогула. Теңир келгенде, караңгыга жашырылганды жарыкка чыгарат, жүрөктөгү ниеттерди ачыкка чыгарат. Ошондо Кудай ар бир адамга ишине жараша мактоо айтат.

6Ыйык Жазуудан четтеп, ашыкча акылдуусунбаганды бизден үйрөнүшүңөр үчүн, бир адамды экинчи бир адамдан жогору эсептебешиңер үчүн, бир туугандар, мен бул сөздөрдү силер үчүн, өзүмө жана Аполоско тиешелүү кылып айттым.

7Ким сени башкалардан жогору эсептеп жатат? Бардыгын Кудайдан алган жок белең? Эгерде бардыгын Андан алган болсоң, анда эмне үчүн албагансып мактанып жатасың?

8Силер тоюп калдыңар, силер байып калдыңар, силер бизсиз эле падышачылык кыла баштадыңар. Силер чыны менен эле падышачылык кылып жатсаңар кана, анда биз да силер менен бирге падышачылык кылмакпыз!

9Кудай бизди, элчилерди, өлүмгө өкүм кылынган акыркы адамдардай кылып койсо керек деп ойлойм. Анткени биз бул дүйнөдө периштелер менен адамдар үчүн тамашага айландык.

10Биз Машайак үчүн акылсызбыз, силер болсо Машайактын ичинде акылдуусуңар! Биз алсызбыз, силер болсо күчтүүсүңөр! Силер кадыр-барктуу, биз болсо кадыр-барксыз адамдарбыз.

11Ушул кезге чейин ач-жылаңач болуп, суусап жүрөбүз, бизди таякташат, жер кезип жүрөбүз.

12Өз колубуз менен эмгектенип жатабыз. Бизди жамандашат, биз батабызды беребиз. Бизди кубалашат, биз чыдайбыз.

13Бизди тилдегендерге жылуу жооп беребиз. Бул дүйнө үчүн биз ушул кезге чейин шыпырынды жана таштанды болдук.

14Мен муну силерди уяткарыш үчүн жазган жокмун. Силерге сүйүктүү балдарым катары акыл-насаат айтып жатам.

15Машайак жолунда насаатчыларыңар көп болгону менен, силерде аталар аз. Жакшы Кабар таратуу аркылуу Машайак Ыйса жолунда мен силердин атаңар болуп калдым.

16Ошондуктан силерден суранарым, мен Машайактан үлгү алгандай эле, силер да менден үлгү алгыла.

17Мен силерге Теңирге ишенимдүү, сүйүктүү уулум Тиметейди жибердим. Ал менин Машайак жолундагы жашоомду, бардык жерде, ар бир Жыйында кандай окутуп жүргөнүмдү силердин эсиңерге салат.

18Мен силерге барбачудай болуп, кээ бирөөлөр көөдөнүн көтөрүп жатыптыр.

19Бирок Кудай буюрса, мен силерге жакында барам. Ошондо мен көөдөнүн көтөргөндөрдүн сөзүн эмес, күчүн сынап көрөм.

20Анткени Кудайдын Падышачылыгы сөз аркылуу эмес, күч аркылуу көрүнөт.

21Кайсынысын каалайсыңар, таяк менен барганымдыбы, же сүйүү жана момундук менен барганымдыбы?

article>