1 Корунттуктарга 5:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Силердин араңарда бузуктук кылган адам бар экенин уктум. Ал өзүнүн өгөй энесин алып алыптыр. Мындай нерсе бутпарастар арасында да кездешпейт.

2«Мындай иш кылган адам арабыздан чыгарылса экен», – деп ыйлагандын ордуна кекирейесиңер да!

3Араңарда болбосом да, рухум силер менен, ошондуктан өзүмдү араңарда жүргөндөй эле сезип, мындай иш кылган адамга карата чечим чыгарып койдум.

4Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымынын урматына чогулганыңарда, рухум силердин араңарда.

5Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү менен ал адамдын жаны куткарылып калышы үчүн, денеси кыйналышы үчүн, аны шайтанга берип салгыла.

6Мактанар жөнүңөр жок! Бир аз эле ачыткы бүт камырды ачытарын билбейсиңерби?

7Жаңы камыр болушуңар үчүн, эски ачыткыдан арылгыла. Силер ачыткысыз камырсыңар, анткени Пасах Козусу – Машайак биз үчүн курмандыкка чалынган.

8Ошондуктан эски ачыткы – бузуктук жана куулук-шумдук менен эмес, ачыткысыз нан – таза жүрөк жана чындык менен майрамдайлы.

9Мен силерге: «Бузуктук кылуучулар менен мамилелешпегиле», – деп, кат жазып жибергем.

10Бул дүйнөнүн бузуктук кылуучулары, дүнүйөкорлору, талап-тоноочулары жана бутка табынуучулары менен мамилелешпегиле дебейм. Болбосо бул дүйнөдөн таптакыр эле чыгып кетүүгө туура келмек.

11Мен силерге: «“Бир тууганыңармын”, – деп коюп, бузуктук кылганын, дүнүйөкорлугун, бутка табынганын, ушак сүйлөгөнүн, ичкилик ичкенин, уурулук кылганын таштабаган адам менен мамилелешпегиле. Атүгүл, аны менен бирге отуруп тамак да ичпегиле», – деп жазгам.

12Сырттагыларды соттоп эмне кылам? Жыйындагыларды силер соттошуңар керек эмес беле?

13Сырттагыларды Кудай соттойт. Ошондуктан бузулган адамды араңардан чыгарып салгыла.

article>