1 Корунттуктарга 6:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Араңардан бирөөнүн кимдир бирөөгө доосу болсо, ыйыктардын алдында эле чечишип албайбы, кудайсыздардын сотуна кайрылууга кантип батынды?

2Же эмне, ыйыктардын дүйнөнү сотторун билбейсиңерби? Өзүңөр дүйнөнү соттой турган адамдар болуп туруп, майда-барат иштерди чече албайсыңарбы?

3Келечекте периштелерди соттой турган адамдар экенибизди билбейсиңерби? Турмуш-тиричиликке байланыштуу көйгөйлөрдү чече албаганыңар кандай?

4Турмуш-тиричиликке байланыштуу суроолоруңарды чечүү үчүн, Жыйынга тиешеси жок адамдарга кайрыласыңар.

5Уялсаңар боло, араңарда бир туугандардын ортосундагы көйгөйдү чече ала турган бир да акыл-эстүү адам жокпу?

6Бир тууган бир тууган менен кудайсыздардын алдында соттошот деген эмне?

7Бир туугандардын ортосунда араздашуу бар дегендин өзү эле силер үчүн уят. Андан көрө бириңер бириңерден жеңилип калбайсыңарбы! Андан көрө колуңардагыны тарттырып жибербейсиңерби!

8Силер болсо бир тууганыңарды таарынтып да, колундагысын тартып алып да жатасыңар.

9Же эмне, адилетсиздердин Кудайдын Падышачылыгын мурастабай тургандыгын билбейсиңерби? Алданбагыла! Ойноштук кылуучулар да, бутка табынуучулар да, нике бузуучулар да, аял жандуулар да, бачабаздар да,

10уурулар да, дүнүйөкорлор да, аракечтер да, ушакчылар да, талап-тоноочулар да Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт.

11Айрымдарыңар ушундай адамдар элеңер. Бирок Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымынын урматына Кудайыбыздын Руху аркылуу жуулдуңар, ыйыкталдыңар жана акталдыңар.

12Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле пайдалуу эмес. Мага баарын кылууга болот, бирок эч нерсе менин үстүмөн бийлик жүргүзбөшү керек.

13Тамак кардың үчүн, кардың тамак үчүн. Бирок Кудай тигини да, муну да жок кылат. Дене ойноштук кылуу үчүн эмес, Теңир үчүн, Теңир болсо дене үчүн.

14Теңирди тирилткен Кудай Өз кудурети менен бизди да тирилтет.

15Же эмне, денеңер Машайактын дене мүчөлөрү экенин билбейсиңерби? Машайактын дене мүчөсүн сойку аялдын мүчөсү кылмак белем? Албетте, жок!

16Же эмне, сойку аял менен кошулган адам аны менен биригип, бир дене болорун билбейсиңерби? Анткени Ыйык Жазууда: «Экөө бир дене болот», – деп жазылган.

17Ал эми Теңир менен бириккен адам Аны менен бир рух болот.

18Ойноштук кылуудан качкыла. Адам кылган бардык күнөөлөр денеден тышкары болот, ал эми ойноштук кылган адам өз денесине каршы күнөө кылат.

19Же эмне, денеңер силердин ичиңерде жашаган Ыйык Рухтун ийбадатканасы экендигин, Ал Рухту Кудайдан алганыңарды жана өзүңөрдүн өзүңөргө таандык эмес экениңерди билбейсиңерби?

20Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, ошондуктан Кудайды денеңер менен да, рухуңар менен да даңктагыла, анткени анын баары Теңирдики.

article>