1 Корунттуктарга 7:1-40 KYB2004 - Bible AI

1Ал эми силердин мага жазып жибергениңер жөнүндө айтарым бул: эркектин аялга жакындабай эле койгону жакшы.

2Бирок ойноштук кылбаш үчүн, ар бир эркектин аялы, ар бир аялдын күйөөсү болсун.

3Күйөөсү аялына карата, аялы күйөөсүнө карата жубайлык милдетин аткарсын.

4Аялдын денеси өзүнө эмес, күйөөсүнө таандык. Ошондой эле эркектин денеси өзүнө эмес, аялына таандык.

5Өз ара макулдашкандан кийин, орозо кармоо жана сыйынуу үчүн гана бири-бириңерден убактылуу алыс болгула. Андан кийин кайрадан бирге болгула, өзүңөрдү кармай албаганыңардан пайдаланып, шайтан азгырып кетпесин.

6Мен муну буйрук катары эмес, кеңеш катары айтып жатам.

7Анткени бардык адамдардын мендей болушун каалар элем. Бирок ар бир адамдын Кудайдан алган рухий жөндөмдүүлүгү бар, бири мындай болсо, экинчиси тигиндей.

8Үйлөнө электерге жана жесирлерге айтарым: алардын мен сыяктуу жалгыз болгону жакшы.

9Эгерде өздөрүн кармай алышпаса, үйлөнүшсүн. Кумарлангандан көрө, үйлөнгөн жакшы.

10Ал эми үй-бүлө кургандарга мен эмес, Теңир мындай буйрук кылат: «Аял күйөөсү менен ажырашпасын.

11Эгерде ажыраша турган болсо, кайра күйөөгө тийбесин, же күйөөсү менен жарашсын. Ал эми эркек аялын кетирбесин».

12Дагы бирөөлөргө Теңир эмес, мен мындай демекчимин: Эгерде кайсы бир бир туугандын аялы Теңирге ишенбесе, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал бир тууган аялы менен ажырашпасын.

13Кайсы бир бир туугандын күйөөсү Теңирге ишенбесе, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал бир тууган күйөөсү менен ажырашпасын.

14Анткени Теңирге ишенбеген күйөөсү Теңирге ишенген аялы аркылуу, Теңирге ишенбеген аялы Теңирге ишенген күйөөсү аркылуу ыйыкталат. Болбосо балдарыңар ыйык болмок эмес, азыр алар ыйык.

15Эгерде Теңирге ишенбеген тарап ажырашууну кааласа, ажырашсын. Мындай учурда бир туугандын башы бош, Кудай бизди тынчтыкка чакырган.

16Аял, балким, күйөөң сен аркылуу куткарылып калар, кайдан билесиң? Эркек, балким, аялың сен аркылуу куткарылып калар, кайдан билесиң?

17Кудай кимге эмнени белгилесе жана кимди кандай абалында чакырып алса, ошол боюнча жашасын. Мен бардык Жыйындарга ушундай буйрук берем.

18Сүннөткө отургузулган абалыңда чакырылсаң, жашырынба. Сүннөткө отургузулбаган абалыңда чакырылсаң, сүннөткө отургузулбай эле кой.

19Сүннөткө отургузулуу же отургузулбоо маанилүү эмес, маанилүүсү – Кудайдын осуяттарын аткаруу.

20Ким кандай абалында чакырылса, ошол абалында калсын.

21Кул абалыңда чакырылган болсоң, уялба. Эгерде эркиндикке чыгууга мүмкүнчүлүгүң бар болсо, жакшысын пайдаланып кал!

22Кул абалында чакырылган адам – Теңир алдында эркин адам. Ошол сыяктуу эле эркин абалында чакырылган адам – Машайактын кулу.

23Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, адамга кул болбогула.

24Бир туугандар, ким кандай абалында чакырылса, Кудай алдында ошол абалында калсын.

25Турмушка чыга элек кыздар жөнүндө Кудайдан буйрук алган эмесмин. Бирок Теңирдин ырайымын көрүп, ишенимдүү болгон адам катары кеңеш берем.

26Азыркы кыйынчылыктарды эске алганда, үй-бүлө курбай эле койгон жакшы деп ойлойм.

27Аялың бар болсо, ажырашам дебе. Аялсыз калсаң, аял издебе.

28Эгерде үйлөнсөң, күнөө эмес. Эгерде кыз турмушка чыкса, күнөө эмес. Бирок үй-бүлө кургандар дене жагынан азап тартышат. Мен болсо силерди аяйм.

29Силерге айтарым, бир туугандар, аз убакыт калды. Мындан ары аялы барлар аялы жоктордой болсун.

30Ыйлагандар ыйлабагандардай, кубангандар кубанбагандардай, сатып алгандар сатып албагандардай,

31бул дүйнөнүн жыргалчылыгын көрүп жаткандар жыргалчылык көрбөгөндөрдөй болушсун. Анткени бул дүйнө – жок боло турган дүйнө.

32Мен силердин түйшүк тартышыңарды каалабайм. Үйлөнбөгөн адам Теңирге жагуу үчүн, Теңирдикин ойлойт.

33Ал эми үйлөнгөн адам аялына жагуу үчүн, бул дүйнөнүкүн ойлойт. Турмушка чыккан кыз менен турмушка чыкпаган кыздын да айырмасы бар.

34Турмушка чыкпаган кыз денеси, руху ыйык болуп, Теңирге жагуу үчүн, Теңирдикин ойлойт. Ал эми турмушка чыккан кыз күйөөсүнө жагуу үчүн, бул дүйнөнүкүн ойлойт.

35Муну силердин эркиндигиңерди чектеш үчүн эмес, силерге жакшы болуш үчүн айтып жатам. Эч нерсеге алаксыбай, Теңирге ар дайым жакшы кызмат кылышыңарды каалайм.

36Ким өзүнүн жашы өтүп бара жаткан кызынын жалгыз өтүшүн туура көрбөсө, кызын күйөөгө берсин, күнөө эмес. Кызы турмушка чыксын.

37Ал эми ким кызын күйөөгө бербөөнү чечсе, ошол чечиминин туура экенине көзү жетсе, өз эрки менен ушундай кылса, ал жакшы кылат.

38Кызын күйөөгө берген адам жакшы кылат. Ал эми кызын күйөөгө бербеген адам андан да жакшы кылат.

39Күйөөсү тирүү турганда, аялдын башы бош эмес. Күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе, аялдын башы бош. Каалаган адамына турмушка чыкса болот, бирок Теңирге ишенген адамга гана.

40Менин оюмча, жесир бойдон калган аял бактылуу. Менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм.

article>