1Буркандарга багышталган тамак-аш жөнүндө баарыбыз эле билебиз, анткени баарыбызда эле билим бар. Бирок билим адамды текебер кылат, ал эми сүйүү адамдын акылына акыл кошот.
2«Бир нерсе билем», – деп ойлогон адам эмнени билүү керек экендигин али биле элек.
3Бирок Кудай Өзүн сүйгөн адамга билим берген.
4Буркандарга багышталган тамак-ашты жегенге болор-болбосу жөнүндө сөз кыла турган болсок, биз буркандын бул дүйнөдө эч нерсеге арзыбаган нерсе экенин, жалгыз Кудайдан башка Кудай жок экендигин билебиз.
5Жер үстүндө болобу, асманда болобу, «кудай» деп аталгандар бар болгону менен (анткени көптөгөн кудайлар жана үстөмдүк кылуучулар бар),
6бизде бир гана Кудай Ата бар. Баарын Ал жараткан, биз да Ал үчүн жаратылганбыз. Ошондой эле бир гана Теңир – Ыйса Машайак бар, баары Ал аркылуу жаратылган, биз да Ал аркылуу жаратылганбыз.
7Бирок баарында эле мындай билим жок. Кээ бирөөлөр азыркыга чейин өздөрүнүн бутпарастык эски адаты боюнча бул тамакты буркандарга багышталган тамак катары жешет. Алардын абийири алсыз болгондуктан булганат.
8Тамак бизди Кудайга жакындатпайт: жесек, бир нерсеге ээ болбойбуз; жебей койсок, эч нерсе жоготпойбуз.
9Бирок сак болгула, силердин ушул эркиндигиңер алсыздар үчүн азгырык болбосун.
10Эгерде алсыз бир тууганың билимдүүмүн деген сенин бутканада тамак жеп отурганыңды көрүп калса, буркандарга багышталган тамак-аштан анын да жегиси келбес бекен?
11Машайак сенин ушул алсыз бир тууганың үчүн да өлгөн, сен болсо өз билимиң менен аны өлүмгө дуушар кылып жатасың.
12Алсыз бир туугандарыңардын абийирин жаралап, аларга каршы күнөө кылууңар менен силер Машайакка каршы күнөө кылып жатасыңар.
13Эгерде мен жеп жаткан тамак бир тууганымдын азгырылышына түрткү болсо, бир тууганым азгырылбашы үчүн, мен этти эч качан оозума албайм.