1 Корунттуктарга 9:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Мен эркин адам эмесминби? Мен элчи эмесминби? Мен Теңирибиз Ыйса Машайакты көргөн эмес белем? Теңир үчүн кылган эмгегимдин жемиши силер эмессиңерби?

2Башкалар үчүн элчи болбосом да, силер үчүн элчимин! Анткени менин Теңирдин элчиси экендигимди ырастаган мөөр силерсиңер.

3Мени айыптагандардын алдында мен ушуну айта алам!

4Биздин жеп-ичкенге укугубуз жокпу?

5Башка элчилер сыяктуу, ошондой эле Теңирибиздин бир туугандары жана Кейфа сыяктуу биз да үйлөнүп алып, аялыбызды жаныбызга алып жүрүүгө укугубуз жокпу?

6Барнаба экөөбүздүн эле иштебей коюуга укугубуз жокпу?

7Өз эсебинен кызмат өтөгөн аскер барбы? Жүзүм тиккен адам анын жемишинен жебей коймок беле? Мал баккан адам анын сүтүнөн ичпей коймок беле?

8Мен муну адамдык көз караш менен эле айтып жатамбы? Мыйзамда да ушундай айтылган жок беле?

9Мусанын мыйзамында: «Эгин бастырып жаткан өгүзүңдүн оозун таңба!» – деп жазылган. Кудай өгүздөр үчүн кам көрүп жатабы же биз үчүн кам көрүп жатабы?

10Албетте, биз үчүн. Жер иштеткен адам үмүт менен иштетет, эгин бастырган адам да «Өз үлүшүмдү алам» деген үмүт менен бастырат.

11Биз силерге рухий нерсени септик. Эгерде силерден денеге керектүү нерсени жыйнап алсак, көптүк кылабы?

12Эгерде силердин араңарда кээ бирөөлөр ушундай укукка ээ болуп жатышса, биздин укугубуз жокпу? Бирок биз бул укукту пайдаланган жокпуз, Машайактын Жакшы Кабарынын таратылышына кедерги болбош үчүн, баарына чыдап жатабыз.

13Ыйык жайда кызмат кылгандар ыйык жайдан тамактанарын, курмандык чалынуучу жайда кызмат кылгандар өз үлүшүн курмандыктардан аларын билбейсиңерби?

14Теңир да Жакшы Кабар тараткандар Жакшы Кабар таратуунун эсебинен жашашсын деп буйруган.

15Бирок мен бул укуктардын бирин да пайдаланган жокмун. Азыр мен муну силерден бир нерсе алайын деп жазып жаткан жокмун. Кимдир бирөө мени ушул мактанычымдан ажыраткыча, өлгөнүм артык.

16Жакшы Кабар таратып жаткандыгым менен мактана албайм, анткени бул менин милдетим. Эгерде Жакшы Кабар таратпасам, мага кайгы!

17Эгерде мен муну өз ыктыярым менен кылып жатсам, сыйлыгымды алам. Өзүмө тиешелүү милдет катары кылып жаткан болсом, анда мен өзүмө тапшырылган ишти гана аткарып жатам.

18Анда мен эмне үчүн сыйлык алам? Мен Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды өз укугумдан пайдаланбай, кызмат акысыз тараткандыгым үчүн сыйлык алам.

19Мен эч кимдин кулу болбосом да, көптөрдүн Машайакка ишенип калышы үчүн, өзүмдү баарына кул кылдым.

20Машайакка ишенип калышы үчүн, жүйүттөр үчүн жүйүт сыяктуу болдум. Мыйзам астында болбосом да, мыйзам астындагылардын Машайакка ишенип калышы үчүн, мыйзам астындагы адам сыяктуу болдум.

21Мыйзамды билсем да, мыйзамды билбегендердин Машайакка ишенип калышы үчүн, мыйзамды билбеген адам сыяктуу болдум. Бирок өзүм Машайактын мыйзамынын астындамын.

22Алсыздардын Машайакка ишенип калышы үчүн, алсыз адам сыяктуу болдум. Жок дегенде, кээ бирөөлөрүн куткарып калыш үчүн, бардыгы үчүн бардыгы сыяктуу болдум.

23Жакшы Кабарда үлүшүм болсун деп, ушунун баарын Жакшы Кабар үчүн кылып жатам.

24Жарышта баары чуркаганы менен бирөө гана байге аларын билесиңер. Ошондуктан байге алгыдай болуп чуркагыла.

25Жарышка катышуучулардын баары өздөрүн бардык жагынан тыйышат: бирөөлөр жок боло турган таажы алуу үчүн ошентишет, ал эми биз соолубас таажы алуу үчүн ошентебиз.

26Ошондуктан мен максатсыз чуркап бара жаткан жокмун, муштумум менен абаны ургулап жаткан жокмун.

27Бирок башкаларга насаат айтып жүрүп, өзүм жараксыз болуп калбашым үчүн, денемди зордоп кулга айландырып жатам.

article>