1Сулайман падыша фараондун кызынан башка, жат жердик көп аялдарды: мааптык, амондук, эдомдук, сидондук, хеттик аялдарды сүйдү.
2Теңир Ысрайыл уулдарына ал элдер жөнүндө: «Алар силердин жүрөгүңөрдү өз кудайларына буруп кетпеши үчүн, аларга кошулбагыла, алар да силерге кошулбасын», – деп айткан эле. Сулайман аларды сүйүп, аларга жүрөгүн берди.
3Анын жети жүз аялы, үч жүз күң аялы бар эле. Ал аялдар анын жүрөгүн ээлеп, жолдон чыгарышты.
4Сулайман карып калган мезгилде, аялдары анын жүрөгүн башка кудайларга бурушту, анын жүрөгү атасы Дөөттүн жүрөгү сыяктуу Кудай-Теңирге толук берилген жок.
5Сулайман сидондуктардын кудайы Ашейрага жана амондуктардын жийиркеничине – Милкомго кызмат кыла баштады.
6Сулайман Теңирге жакпаган иштерди кылды, атасы Дөөт сыяктуу Теңирди толук ээрчиген жок.
7Сулайман Иерусалимдин чыгышындагы тоого мааптыктардын жийиркеничине – Кемошко, амондуктардын жийиркеничине – Молохко арнап буткана курду.
8Өз кудайларына арнап жыпар жыттуу зат түтөткөн жана курмандык чалган бардык жат жердик аялдары үчүн ал ушундай кылды.
9Эки жолу келген Ысрайылдын Кудай-Теңиринен жүрөгүн алыстаткандыгы үчүн, Теңир Сулайманга каарданды.
10Теңир ага башка кудайларды ээрчибөөнү буйрук кылды, бирок ал Теңирдин буйругун аткарган жок.
11Ошондо Теңир Сулайманга мындай деди: «Ушундай кылганың үчүн, Менин келишимимди, сага буйруган мыйзамдарымды сактабаганың үчүн, сенден падышачылыкты тартып алып, өзүңдүн кулуңа берем.
12Бирок атаң Дөөт үчүн Мен муну сенин убагыңда кылбайм. Аны сенин уулуңдун колунан тартып алам.
13Бирок падышачылыкты толугу менен тартып албайм. Өз кулум Дөөт үчүн, Өзүм тандап алган Иерусалим үчүн уулуңа бир урууну берем».
14Ошентип, Теңир Эдом падышасынын тукумунан эдомдук Адатты Сулайманга душман кылды.
15Дөөт Эдомдо жүргөндө, аскер башчы Жойап өлтүрүлгөндөрдү көргө койгону келип, Эдомдогу эркек аттуунун баарын кырып салганда,
16Жойап менен ысрайылдыктар Эдомдогу эркек аттуулардын баарын кырып бүткөнчө, ал жерде алты ай жашап турушкан.
17Ушул Адат жана анын атасына кызмат кылган бир нече эдомдук Мисирге качып кетишкен. Ошондо Адат кичинекей бала болчу.
18Алар Мидиан жеринен чыгып, Паранга келишкен. Анан алар Парандан кишилерди алып, Мисирге, Мисир падышасына, фараонго келишкен. Фараон ага үй берген, кызмат акы белгилеген, жер берген.
19Адат фараондон чоң ырайым тапкан, андыктан ал ага өзүнүн аялы ханыша Тахпенестин сиңдисин аялдыкка берген.
20Тахпенестин сиңдиси ага Генубат аттуу уул төрөп берген. Аны Тахпенес фараондун үйүндө тарбиялаган. Генубат фараондун балдары менен бирге фараондун үйүндө жашаган.
21Адат Дөөттүн ата-бабаларына кошулганын жана аскер башчы Жойаптын өлгөнүн укканда, фараонго: «Мени коё бер, өз жериме кетейин», – деген.
22Фараон ага: «Өз жериңе кеткиң келгидей, менин жеримде бир нерсеге муктаж болуп жатасыңбы?» – деген. Ал: «Эч нерсеге муктаж болгон жокмун, бирок мени коё бер», – деп жооп берген.
23Өз мырзасы Соба падышасы Ададезерден качып кеткен Элийада уулу Резонду да Кудай Сулайманга душман кылды.
24Адедазар Дөөттөн жеңилип калганда, Резон тегерегине кишилерди топтоп, каракчылар тобунун жетекчиси болуп алган. Алар Дамаскка барып отурукташып, Дамаскта бийлик кылышкан.
25Ал Сирияга падыша болуп алып, Сулаймандын өмүрү өткөнчө, Ысрайылга душман болду. Адат кылган жамандыктан тышкары ал Ысрайылга дайыма зыян келтирчү.
26Эпрайым уруусунан серейдалык Небат уулу Жаробам, Сулаймандын кулу, падышага кол көтөрдү. Анын жесир калган энесинин аты – Серуя.
27Анын падышага кол көтөргөнүнүн себеби мындай: Сулайман Мило сепилин куруп, атасы Дөөттүн шаарын оңдоп жатты.
28Жаробам эр жүрөк жигит эле. Сулайман бул жаш жигиттин ишке жөндөмдүү экендигин байкап, аны Жусуптун тукумундагы жумушчуларга көзөмөлдөөчү кылып дайындады.
29Ошол убакта Жаробам Иерусалимден чыкты. Ага жолдон шилолук Акия пайгамбар жолукту. Анын кийими жаңы эле. Талаада алар экөө гана болчу.
30Акия кийимин чечип, аны он эки бөлүк кылып айрып салды.
31Анан Жаробамга мындай деди: «Он бөлүгүн өзүңө ал, анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мына, Мен Сулаймандын колунан падышачылыкты тартып алып, он урууну сага берип жатам.
32Ал эми ага Менин кулум Дөөт үчүн жана бүт Ысрайыл урууларынын ичинен Мен тандап алган Иерусалим шаары үчүн бир уруу калат.
33Анткени алар Мени таштап, Сидон кудайы Ашейрага, Маап кудайы Кемошко, Амон кудайы Милкомго табына башташты. Менин мыйзамдарым менен буйруктарымды сактаган атасы Дөөттөй болбой, Менин алдымда Мага жакпаган иштерди кылышты, Менин жолум менен жүрүшкөн жок.
34Мен анын колунан бүт падышачылыкты тартып албайм, Менин мыйзамдарым менен буйруктарымды сактаган, Өзүм тандап алган кулум Дөөт үчүн Мен аны өмүрү өткөнчө өкүмдар кылып калтырам.
35Бирок падышачылыкты анын уулунун колунан тартып алып, сага он урууну берем.
36Өзүмдүн ысымым болуп турушу үчүн тандап алган Иерусалим шаарында, Менин алдымда кулум Дөөттүн чырагы түбөлүккө жаркырап турушу үчүн, анын уулуна бир урууну берем.
37Мен сени тандап алдым, сен жүрөгүң каалаган нерсенин бардыгынын үстүнөн бийлик кыласың, Ысрайылга падыша болосуң.
38Эгер сен Менин кулум Дөөттөй болуп, Мен берген осуяттардын бардыгын сактасаң, Менин жолдорум менен жүрсөң, Менин көз алдымда Мага жаккан иштерди кылсаң, Мен берген мыйзамдар менен буйруктардын бардыгын аткарсаң, Мен сени менен болуп, Дөөттүн үйүн тургузгандай, сенин үйүңдү бекем тургузам, Ысрайылды сага берем.
39Мен Сулайман үчүн Дөөт тукумун басынтам, бирок түбөлүккө эмес”».
40Сулайман Жаробамды өлтүргүсү келди, бирок Жаробам турду да, Мисирге, Мисир падышасы Шишакка качып кетти. Ал Мисирде Сулайман өлгөнгө чейин жашады.
41Сулаймандын калган сөздөрү, кылган бардык иштери, акылмандуулугу Сулаймандын иштери жазылган китепте баяндалган.
42Сулайман Иерусалимде, бүт Ысрайылга кырк жыл падышачылык кылды.
43Сулайман ата-бабаларына кошулду, сөөгү атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Рехабам тактыга отурду.