1Рехабам Шекемге кетти, анткени аны такка отургузуу үчүн, бүт Ысрайыл эли Шекемге келди.
2Сулайман падышадан качып, дагы эле Мисирде жүргөн Небат уулу Жаробам бул жөнүндө угуп, Мисирден кайтып келди.
3Киши жиберип, аны чакыртышты. Ошондо Жаробам жана ысрайылдыктардын бүт жамааты Рехабамга келип, мындай деп айтышты:
4«Сенин атаң биздин мойнубузга оор моюнтурук салган, эми сен атаң жүктөгөн оор жумушту, мойнубузга салган оор моюнтурукту жеңилдет, ошондо биз сага кызмат кылабыз».
5Рехабам аларга: «Баргыла да, үч күндөн кийин мага кайра келгиле», – деди. Эл тарап кетти.
6Рехабам падыша атасы Сулайман тирүү кезинде анын алдында жүргөн карыялар менен кеңешип: «Бул элге эмне деп жооп берейин? Кандай кеңеш бересиңер?» – деди.
7Алар ага: «Эгер сен ушул күнү бул элге кул болуп, аларга кызмат кылсаң, аларды ыраазы кылсаң, аларга жакшы сөздөрдү айтсаң, анда алар түбөлүккө сага кул болушат», – деп айтышты.
8Бирок ал карылардын айткан кеңешин четке какты. Ал өзү менен бирге өскөн, алдында кызмат кылган жаштар менен кеңешти.
9Аларга мындай деди: «“Атаң мойнубузга салган моюнтурукту жеңилдет”, – деген бул элге эмне деп жооп берейин? Кандай кеңеш бересиңер?»
10Аны менен бирге өскөн жаштар ага мындай дешти: «“Атаң мойнубузга оор моюнтурук салган, сен аны жеңилдет”, – деп айткан элге: “Менин чыпалагым атамдын белинен жоонураак.
11Атам силердин мойнуңарга оор моюнтурук салып эзген болсо, мен аны андан бетер оорлотом. Атам силерди камчы менен жазалаган, а мен силерди тикенек менен жазалайм”, – деп айт».
12Падышанын «Yч күндөн кийин мага келгиле» деген буйругу боюнча үчүнчү күнү Жаробам жана бүт эл Рехабамга келишти.
13Падыша элге катаал жооп берди, карыялардын берген кеңешин четке какты.
14Ал жаш адамдардын кеңеши менен: «Менин атам силердин мойнуңарга оор моюнтурук салган, а мен аны андан бетер оорлотом. Атам силерди камчы менен жазалаган, а мен силерди тикенек менен жазалайм», – деди.
15Падыша элге кулак салган жок, анткени Теңирдин шилолук Акия аркылуу Небат уулу Жаробамга айткан сөзү ордунан чыгышы үчүн Теңир тарабынан ушундай белгиленген эле.
16Бүт ысрайылдыктар падышанын укпай койгонун көрүштү. Ошондо эл падышага: «Дөөттө биздин кайсы бөлүгүбүз бар эле? Жышайдын уулунда үлүшүбүз жок. Ысрайыл, өз-өз чатырыңа жөнө! Дөөт, эми сен өз тукумуңду бил!» – деп айтты. Ошентип, Ысрайыл өз чатырларына тарады.
17Рехабам Жүйүттүн шаарларында жашаган Ысрайыл уулдарына гана падышачылык кылды.
18Рехабам падыша салык жыйноочулардын башчысы Адонурамды жиберди, бирок ысрайылдыктар аны таш бараңга алып өлтүрүп салышты. Рехабам падыша Иерусалимге качып кетиш үчүн, шашылыш түрдө майдан арабага түштү.
19Ысрайыл ушул күнгө чейин Дөөттүн тукумуна каршы.
20Ысрайылдыктар Жаробамдын кайтып келгенин угушканда, киши жиберип, аны жыйынга чакыртышып, ысрайылдыктарга падыша кылып алышты. Дөөт тарапта Жүйүт жана Бенжемин урууларынан башка эч ким калган жок.
21Рехабам Иерусалимге келип, Ысрайыл уруулары менен согушуп, Сулаймандын уулу Рехабамга падышачылыкты кайтарыш үчүн, бүткүл Жүйүт уруусунан жана Бенжемин уруусунан тандалган жүз сексен миң аскер топтоду.
22Кудайдын кишиси Шемайга Кудайдан мындай сөз айтылды:
23«Жүйүт падышасы Сулаймандын уулу Рехабамга, Жүйүт жана Бенжемин урууларына жана калган элге айт:
24Теңир мындай дейт: “Бир тууганыңар Ысрайыл уулдарына барбагыла жана согуш баштабагыла. Ар бириңер үйүңөргө кайткыла, анткени бул Менден болду”». Алар Теңирдин тилин алышып, Теңирдин сөзү боюнча кайра кайтышты.
25Жаробам Эпрайым тоосундагы Шекемди чеп куруп бекемдеп, ошол жерге отурукташты. Ал жерден чыгып, Пенуелди чеп куруп бекемдеди.
26Анан Жаробам өз жүрөгүндө мындай деди: «Падышачылык Дөөттүн тукумуна кайра өтүп кетиши ыктымал.
27Эгерде бул эл Иерусалимдеги Теңир үйүнө курмандык чалууга бара турган болсо, анда бул элдин жүрөгү өз өкүмдарына, Жүйүт падышасы Рехабамга тартылып кетет. Анан мени өлтүрүп, Жүйүт падышасы Рехабамга кайра кетип калышат».
28Анан падыша кеңешип, алтындан эки букачар жасап, элге: «Силерге Иерусалимге баруунун кереги жок. Ысрайыл, сени Мисир жеринен алып чыккан кудайларың мына!» – деди.
29Анын бирин Бейтелге, экинчисин Данга койду.
30Бул элди күнөөгө түрттү, анткени эл Бейтелге, атүгүл, Данга да барып турду.
31Ал бийик жерге буткана курду да, Леби уулдарынан эмес, эл ичинен буткана кызматчыларын койду.
32Жүйүт жериндеги майрамга окшош кылып, Жаробам сегизинчи айдын он бешинчи күнүн майрам кылып белгиледи. Курмандык чалынуучу жайда курмандыктарды чалды. Бейтелде да өзү жасаган букачарларга курмандык чалды. Ал Бейтелге курган бутканага кызматчыларды койду.
33Ал Бейтелге курган курмандык чалынуучу жайда өз каалоосу менен белгилеп алган сегизинчи айдын он бешинчи күнү курмандыктарды чалды. Ысрайыл уулдары үчүн майрам белгилеп, жыпар жыттуу зат түтөтүш үчүн, курмандык чалынуучу жайдын жанына келди.