1 Падышалар 13:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Жаробам курмандык чалынуучу жайдын жанына туруп, жыпар жыттуу зат түтөткөнү жатканда, Теңирдин сөзү боюнча Жүйүт жеринен Бейтелге Кудайдын кишиси келди.

2Ал Теңирдин сөзүн жарыя кылып, курмандык чалынуучу жайга мындай деди: «Курмандык чалынуучу жай, курмандык чалынуучу жай! Теңир мындай дейт: “Дөөттүн тукумунан Жошия деген уул төрөлөт, ал сенин үстүңдө жыпар жыттуу зат түтөткөн буткана кызматчыларын сенин үстүңдө курмандыкка чалып, сенин үстүңдө адамдардын сөөктөрүн өрттөйт”.

3Бул сөздү Теңир айтканын мына бул жышаан далилдейт: бул курмандык чалынуучу жай урайт, үстүндөгү күлү чачылат», – деп, ошол күнү жышаан берди.

4Падыша Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайга сүйлөгөн Кудайдын кишисинин сөзүн укканда, Жаробам курмандык чалынуучу жайдан колун сунуп: «Аны кармагыла», – деди. Ошондо анын сунган колу сенейип катып калды, ал колун өзүнө тарта албай койду.

5Курмандык чалынуучу жай урап, үстүндөгү күлү Теңирдин сөзү боюнча, Кудайдын кишиси көрсөткөн белги боюнча чачылды.

6Ошондо падыша Кудайдын кишисине: «Колу калыбыңа келсин деп, Кудай-Теңириңе жалынып сыйын», – деди. Кудайдын кишиси Теңирге жалынды. Падышанын колу калыбына келип, мурункусундай болуп калды.

7Падыша Кудайдын кишисине: «Мени менен үйгө кирип, тамак ичип, кубаттанып ал, мен сага белек берем», – деди.

8Бирок Кудайдын кишиси падышага мындай деди: «Мага үйүңдүн жарымын берсең да, сени менен барбайм, бул жерде нан да жебейм, суу да ичпейм.

9Анткени: “Ал жерден нан да жебе, суу да ичпе, өзүң барган жол менен кайтып келбе”, – деп, Теңир мага буйрук берген».

10Ал башка жол менен кетти, Бейтелге келген жолу менен кайткан жок.

11Бейтелде бир кары пайгамбар жашачу. Баласы келип, ага Кудайдын кишисинин Бейтелде кылган иштерин айтып берди. Анын падышага айткан сөздөрүн да балдары атасына айтып беришти.

12Ошондо атасы алардан: «Ал кайсы жол менен кетти?» – деп сурады. Балдары ага Жүйүт жеринен келген Кудайдын кишисинин кайсы жол менен кеткенин көрсөтүп беришти.

13Ал балдарына: «Мага эшекти токуп бергиле», – деди. Алар эшекти токуп беришти, ал эшекке минди.

14Ал Кудайдын кишисинин артынан барып, аны эмен дарагынын түбүндө отурган жеринен таап, мындай деди: «Жүйүт жеринен келген Кудайдын кишиси сенсиңби?» Ал: «Менмин», – деди.

15Тиги: «Менин үйүмө кирип, нан же», –деди.

16Ал мындай деди: «Мен артка кайрылып, сеникине бара албайм. Бул жерде нан да жебейм, суу да ичпейм.

17Анткени Теңир мага: “Ал жерде нан да жебе, суу да ичпе, барган жолуң менен кайра келбе”, – деп айткан».

18Ошондо ал ага мындай деди: «Мен деле сендей пайгамбармын, периште мага Теңирдин сөзүн айткан: “Аны үйүңө кайрып кел. Нан жеп, суу ичип алсын”». Бирок ал калп айтып койду.

19Тигил аны менен кайрылып келди, анын үйүнөн нан жеп, суу ичти.

20Алар дасторкондо отурушканда эле, аны артка кайрып келген пайгамбарга Теңирден сөз болду.

21Ал Жүйүт жеринен келген Кудайдын кишисине мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Теңирдин сөзүнө моюн сунбаганың үчүн, Кудай-Теңириңдин "Нан да жебе, суу да ичпе" деген буйругун аткарбай,

22кайрылып келип, ал жерде суу ичип, нан жегениң үчүн, сөөгүң ата-бабаларыңдын мүрзөсүнө коюлбайт”».

23Жолунан кайрылып келген пайгамбар нан жеп, суу ичкенден кийин, кары пайгамбар ага эшек токуп берди.

24Ал жолуна түштү. Жолунан арстан чыгып, аны өлтүрүп салды. Анын өлүгү жолдо жатты. Эшек менен арстан болсо өлүктүн жанында турду.

25Жолдо жаткан өлүктү жана анын жанында турган арстанды алардын жанынан өткөн кишилер көрүшүп, кары пайгамбар жашаган шаарга келип айтышты.

26Аны жолдон кайрып келген пайгамбар муну угуп: «Ал – Теңирдин сөзүнө моюн сунбаган Кудайдын кишиси. Ага айтылган Теңирдин сөзү боюнча Теңир аны арстанга салып берди, арстан аны жара тартып өлтүрдү», – деди.

27Анан балдарына: «Мага эшекти токуп бергиле», – деди. Алар токуп беришти.

28Ал барып, анын жолдо жаткан өлүгүн тапты. Эшек менен арстан өлүктүн жанында турган экен. Арстан өлүктү жебептир, эшекти да жара тартпаптыр.

29Пайгамбар Кудайдын кишисинин өлүгүн көтөрүп, эшекке артып, алып кетти. Аза күтүп көргө коюш үчүн, кары пайгамбар аны өз шаарына алып кетти.

30Анын өлүгүн өз мүрзөсүнө коюп: «Оо, бир боорум ай!» – деп ыйлады.

31Аны көргө койгондон кийин, ал өз балдарына мындай деди: «Мен өлгөндө, мени Кудайдын кишиси коюлган мүрзөгө койгула. Менин сөөгүмдү анын сөөгүнүн жанына койгула.

32Анткени анын Бейтелдеги курмандык чалынуучу жай жөнүндө жана Самария шаарларындагы бийик жерлерде турган бутканалар жөнүндө Теңирдин буйругу боюнча айткан сөзү орундалат».

33Ушул окуядан кийин да Жаробам өзүнүн жаман жолунан кайткан жок, бийик жерлердеги бутканаларга элден ыйык кызмат кылуучуларды коюуну уланта берди. Ким кааласа, ал аны буткана кызматчысы кылып дайындачу, ал буткана кызматчысы болуп калчу.

34Бул Жаробамдын тукумунун күнөөгө батуусуна, өлүшүнө, жер бетинен кырылып жок болуусуна себеп болду.

cle>