1Ошол убакта Жаробамдын уулу Абия ооруп калды.
2Жаробам аялына мындай деди: «Тур, менин аялым экениңди тааный албагыдай болуп кийин да, Шилого жөнө. Ал жерде Акия деген пайгамбар бар. Ал менин ушул элге падыша болорумду алдын ала айткан.
3Он нан, бир нече токоч, бир кумура бал алып, ага баргын. Ал сага баланын эмне болорун айтат».
4Жаробамдын аялы ошондой кылды. Турду да, Шилого бет алып, Акиянын үйүнө келди. Акия карып, көзү көрбөй калган эле.
5Ошондо Теңир Акияга: «Сага Жаробамдын аялы уулу жөнүндө сураганы келе жатат, анткени ал ооруп жатат. Ага ушундай, ушундай деп айт. Ал башкача кийинип келет», – деди.
6Аял эшиктен киргенде, Акия анын баскан кадамынын дабышын угуп, мындай деди: «Кир, Жаробамдын аялы. Башкача кийингениңе эмне себеп болду? Менин сага айта турган жаман кабарым бар.
7Жаробамга барып айт: Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сени жөнөкөй элдин арасынан көтөрүп, Өзүмдүн Ысрайыл элиме жол башчы койгом.
8Дөөттүн тукумунан падышачылыкты тартып алып, аны сага бердим. Сен болсо Менин осуяттарымды аткарган, Менин алдымда Мага жаккан гана иштерди кылып, Мени чын жүрөгү менен ээрчиген кулум Дөөттөй болгон жоксуң.
9Сен өзүңдөн мурункулардын баарынан жаман иш кылдың. Мени четке кагып, өзүңө моло таштарды жана жасалма кудайларды жасап, Мени каарданттың.
10Бул үчүн Мен Жаробамдын тукумуна каран түн түшүрөм, Жаробамдын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, эркиндиктегилерин да кырам, таштандыны шыпыргандай, Жаробамдын тукумун да шыпырып салам.
11Шаарда Жаробамдын тукумунан кимиси өлсө да, аны иттер жейт, талаада өлгөндөрүн асман куштары чокуп жейт”. Анткени Теңир ушинтип айтты.
12Тур, үйүңө бар, шаарга кирериң менен балаң өлөт.
13Бүт Ысрайыл аза күтүп, аны көргө коёт, анткени Жаробамдын тукумунан ошол гана көргө кирет. Анткени андан, Жаробамдын тукумунан Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алдында жакшы нерсе табылды.
14Теңир Ысрайылга падыша коёт, ал Жаробамдын ушул күнү төрөлгөн тукумун да, кийин төрөлгөн тукумун да жок кылат. Бул абдан жакын калды.
15Теңир Ысрайылды талкалайт, ал сууда термелген камыштай болот, ата-бабаларына берген бул асыл жерден ысрайылдыктарды алып ыргытат, өздөрүнө буркандарды жасап, Теңирди каардантышкандыгы үчүн, аларды дарыядан ары чачыратат.
16Жаробамдын кылган күнөөлөрү үчүн жана ал өз күнөөлөрү менен бүт Ысрайылды күнөөгө батыргандыгы үчүн Теңир Ысрайылды таштап салат».
17Жаробамдын аялы туруп, үйүн көздөй бет алып, Тирса шаарына келди. Ал үйүнүн босогосун жаңы гана аттаганда, баласы өлүп калды.
18Теңирдин Өз кулу Акия пайгамбар аркылуу айткан сөзү боюнча бүт Ысрайыл аза күтүп, аны көргө койду.
19Жаробамдын кандай согуш жүргүзүп, кандай падышачылык кылганы жана башка иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
20Жаробам жыйырма эки жыл падышачылык кылды. Ал ата-бабаларына кошулду, анын ордуна уулу Надап такка отурду.
21Сулаймандын уулу Рехабам Жүйүт жеринде падышачылык кылды. Теңир Өзүнүн ысымы болуп турушу үчүн Ысрайыл урууларынын ичинен тандап алган Иерусалим шаарында Рехабам он жети жыл падышачылык кылды. Ал такка отурган кезде кырк бир жашта эле. Анын энеси Наама деген амондук аял эле.
22Жүйүт Теңирге жакпаган иштерди кылып, ата-бабаларынан көбүрөөк күнөө кылып, Теңирди каардантты.
23Алар ар кандай бийик жерлерге, көлөкөлүү дарактардын астына бутканаларды куруп, балбалдарды, Ашейра бурканын орнотушту.
24Ушул жерде бузулгандар да бар эле, алар Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан элдердин бардык жийиркеничтүү иштерин жасашчу.
25Рехабамдын падышачылыгынын бешинчи жылы Мисир падышасы Шишак Иерусалимге кол салып,
26Теңир үйүндөгү, падыша сарайындагы асыл буюмдардын баарын алды. Сулайман жасаган алтын калкандарды да алды.
27Рехабам падыша алардын ордуна жезден калкандарды жасап, аларды падыша сарайын кайтарган сакчылардын башчыларынын колуна берди.
28Падыша Теңир үйүнө бара жатканда, аларды сакчылар көтөрүп алышчу, анан кайра сакчылар үйүнө алып барып коюшчу.
29Рехабам жөнүндө жана анын бүт иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
30Рехабам менен Жаробамдын ортосунда дайыма согуш болуп турган.
31Рехабам өлүп, ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Дөөттүн шаарына коюлду. Анын энеси Наама деген амондук аял эле. Анын ордуна уулу Абиям такка отурду.