1 Падышалар 15:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Небат уулу Жаробамдын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Абиям жүйүттөргө падыша болду.

2Ал Иерусалимде үч жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты Мааха эле, ал Абышаломдун кызы болчу.

3Ал атасы кылган күнөөлөрдүн баарын кылды, атасы Дөөттүн жүрөгү берилгендей, анын жүрөгү Кудай-Теңирине берилген жок.

4Бирок Дөөт өлгөндөн кийин, ордуна уулун көтөрүп, Иерусалимди душмандардан коргош үчүн, Дөөт үчүн анын Кудай-Теңири ага Иерусалимде чырак берди.

5Себеби хеттик Урийге кылганын эске албаганда, Дөөт өмүрү өткөнчө Теңирдин осуяттарынын биринен да четтебей, Теңирге жаккан иштерди кылган.

6Рехабам менен Жаробамдын ортосунда дайыма согуш болуп турган.

7Абиямдын башка бардык иштери Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган. Абиям менен Жаробамдын ортосунда согуш болуп турган.

8Абиям көз жумуп, аны Дөөттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюшту. Анын ордуна уулу Аса такка отурду.

9Ысрайылдын падышасы Жаробамдын падышачылыгынын жыйырманчы жылында жүйүттөргө Аса падыша болду.

10Ал Иерусалимде кырк бир жыл падышачылык кылды. Анын чоң энесинин аты Мааха эле, ал Абышаломдун кызы болчу.

11Аса атасы Дөөткө окшоп, Теңирдин алдында Теңирге жаккан иштерди кылган.

12Ал бузулгандарды өлкөдөн кууп, аталары жасаган жасалма кудайларды жок кылды.

13Ал тургай, ал өз энеси Мааханы Ашейра бурканын жасаганы үчүн, ханышалык наамынан ажыратты. Аса анын бурканын талкалап, өрттөп, күлүн Кидрон суусуна чачып жиберди.

14Бийик жерлердеги бутканалар жок кылынган жок. Бирок Асанын жүрөгү өмүрү өткөнчө Теңирге толук берилди.

15Ал атасы жана өзү Теңирге арнаган алтындарды, күмүштөрдү, идиштерди Теңир үйүнө киргизди.

16Аса менен Ысрайыл падышасы Баашанын ортосунда дайыма согуш болуп турду.

17Ысрайыл падышасы Бааша Жүйүткө каршы көтөрүлдү. Жүйүт падышасы Асага эч ким өтүп кетпесин деп, ал Рама чебин кура баштады.

18Аса Теңир үйүндөгү казынада жана падыша сарайындагы казынада калган бардык алтын менен күмүштөрдү алып, кулдарынын колуна берип, Дамаскта жашаган Сирия падышасы Хезиондун уулу, Табримондун уулу Бенадатка жөнөтүп, мындай деп айттырды:

19«Менин атам менен сенин атаңдын ортосундагыдай, экөөбүздүн ортобузда да тынчтык келишими түзүлсүн. Мен сага алтын менен күмүштөрдү белек кылып берип жибердим. Ысрайыл падышасы Бааша менин жеримден кетиши үчүн, аны менен түзгөн тынчтык келишимиңди буз».

20Бенадат Аса падышанын тилин алып, өз аскер башчыларын Ысрайылдын шаарларына каршы жөнөтүп, Айынды, Данды, Абел-Бейт-Маакты, Кинроттун тегерегиндеги бүт жерди жана Напталынын бүт жерин талкалады.

21Бааша бул жөнүндө угуп, Рама чебин курууну токтотуп, Тирсага кайтып келди.

22Аса падыша болсо эч кимисин калтырбай, бардык жүйүттөрдү чогултту. Алар Бааша курулушка керектеген таштар менен жыгачтарды Рамадан алып чыгышты. Аса падыша аларды алып, Бенжеминдин Гибасын жана Миспаны курду.

23Асанын башка бардык иштери, анын бардык эрдиктери, ал эмне кылса, ошонун баары, кайсы шаарларды тургузганы Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган. Бирок Ал карыганда бутунан оорукчал болуп калды.

24Аса көз жумуп, ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Жошапат тактыга отурду.

25Жүйүт падышасы Асанын падышачылык кылганына эки жыл болгондо, Жаробам уулу Надап Ысрайылга падыша болуп, эки жыл падышачылык кылды.

26Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, Ысрайылды күнөөгө батырган атасынын жолун жолдоп, ал кылган күнөөлөрдү кылды.

27Надап жана бүт ысрайылдыктар Гиптонду курчап алган учурда, Исахар уруусунан Акия уулу Бааша Надапка каршы чагым уюштуруп, аны пелиштиликтердин Гиптонунун жанында өлтүрдү.

28Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын үчүнчү жылында Бааша Надапты өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

29Ал такка отурганда, Теңирдин Өз кулу шилолук Акия аркылуу айткан сөзү боюнча Жаробамдын бүт тукумун кырып салды, Жаробамдын бир да кишисин тирүү калтырган жок.

30Бул Жаробамдын өз күнөөлөрү менен Ысрайылды күнөөгө батыргандыгы үчүн, акарат келтирип Ысрайылдын Кудай-Теңирин каарданткандыгы үчүн болду.

31Надаптын башка бардык иштери, ал эмне кылса, ошонун баары Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

32Аса менен Ысрайыл падышасы Баашанын ортосунда дайыма согуш болуп турду.

33Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын үчүнчү жылында Акиянын уулу Бааша Тирсада бүт Ысрайылга падыша болуп, жыйырма төрт жыл падышачылык кылды.

34Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, Ысрайылды күнөөгө батырган Жаробамдын жолун жолдоп, ал кылган күнөөлөрдү кылды.

cle>