1 Падышалар 16:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Ханани уулу Жейуга Бааша жөнүндө Теңирден сөз болду:

2«Мен сени жогору көтөрүп, Өзүмдүн элим Ысрайылга жол башчы кылдым, сен болсо Жаробамдын жолун жолдоп, Менин элим Ысрайылды күнөөгө батырдың, ал Мени күнөөлөрү менен каардантты.

3Мен эми Баашаны жана анын тукумун жок кылам, Небат уулу Жаробамдын тукумун кандай кылсам, сенин тукумуңду да ошондой кылам.

4Шаарда Баашанын кимиси өлсө, аны иттер жейт. Ал эми талаада кимиси өлсө, аны асман куштары чокуп жейт».

5Баашанын башка бардык иштери жана эрдиктери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

6Бааша ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү Тирсага коюлду. Анын ордуна уулу Эйла такка отурду.

7Ханани уулу Жейу аркылуу Бааша жөнүндө, анын тукуму жөнүндө, анын Теңирдин көз алдында кылган бардык жаман иштери жөнүндө, Жаробамдын тукумун туурап, өз колу менен кылган иштери менен Теңирди каарданткандыгы үчүн, Теңир аны өлтүргөндүгү жөнүндө Теңирдин сөзү мурун айтылган эле.

8Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын жыйырма алтынчы жылында Тирсада Ысрайылга Бааша уулу Эйла падыша болуп, эки жыл падышачылык кылды.

9Майдан арабаларынын жарымынын башчысы, кулу Зимри ага каршы чагым уюштурду. Эйла Тирсадагы падыша сарайынын башчысы Арсанын үйүндө шарап ичип мас болуп калганда,

10Зимри кирип, аны сайып өлтүрүп, анын ордуна такка отурду. Бул Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын жыйырма жетинчи жылында болду.

11Ал падыша болуп, анын тагына отургандан кийин, Баашанын бүт тукумун кырып салды, анын бир да эркегин, бир да тууганын, бир да досун тирүү калтырган жок.

12Жейу пайгамбар аркылуу Бааша жөнүндө айтылган Теңирдин сөзү боюнча Зимри Баашанын бүт тукумун кырып салды.

13Бул Баашанын жана анын уулу Эйланын өз күнөөлөрү менен Ысрайылды күнөөгө түртүшкөндүгү үчүн, жасалма кудайлары менен Ысрайылдын Кудай-Теңирин каардантышкандыгы үчүн болду.

14Эйланын башка бардык иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

15Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын жыйырма жетинчи жылында, Ысрайыл эли пелиштиликтердин Гиптонун курчап жатканда, Зимри такка отуруп, жети күн Тирсада падышачылык кылды.

16Курчап жаткан Ысрайыл эли Зимринин чагым уюштуруп, падышаны өлтүргөнүн угуп, ошол эле күнү кошуунда Ысрайылга аскер башчы Омрини падыша кылышты.

17Омри жана бардык ысрайылдыктар Гиптондон артка кайтып келип, Тирсаны курчап алышты.

18Зимри шаардын басылып алынганын көргөндө, падыша сарайынын ички бөлмөсүнө кирип, от коюп, өрттөнүп өлдү.

19Ал күнөөлөрү менен Ысрайылды күнөөгө батырган Жаробамдын жолун жолдоп, Теңирге жакпаган иштерди кылгандыгы үчүн өлдү.

20Зимринин башка иштери жана анын уюштурган чагымы Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

21Ошондо Ысрайыл эли экиге бөлүндү: такка отургузуу үчүн, элдин жарымы Гинат уулу Тибни тарапта, жарымы Омри тарапта болду.

22Омри тараптагы эл Гинат уулу Тибни тараптагы элди жеңди. Тибни өлүп, Омри такка отурду.

23Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын отуз биринчи жылында Ысрайылга Омри падыша болуп, он эки жыл падышачылык кылды. Ал Тирсада алты жыл падышачылык кылды.

24Омри эки күмүш талантка Шемерден Самария тоосун сатып алып, тоо үстүнө шаар куруп, аны тоонун ээси Шемердин атынан Самария деп атады.

25Омри Теңирге жакпаган иштерди, өзүнөн мурункулардыкынанан да жаман иштерди кылды.

26Ал Ысрайылдын Кудай-Теңирин өзүнүн жасалма кудайлары менен каардантып, Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын жолун бардык жагынан жолдоду.

27Омринин башка иштери, көрсөткөн эрдиги Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

28Омри ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү Самарияга коюлду. Анын ордуна уулу Ахап такка отурду.

29Омри уулу Ахап Ысрайылга Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын отуз сегизинчи жылында падыша болду. Омри уулу Ахап Ысрайылга Самарияда жыйырма эки жыл падышачылык кылды.

30Омри уулу Ахап Теңирге жакпаган иштерди, өзүнөн мурункулардыкынан да жаман иштерди кылды.

31Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кайталаганы аз келгенсип, ал Сидон падышасы Этпаалдын кызы Изебелди аялдыкка алып, Баалга табынып кызмат кыла баштады.

32Ал Самарияда өзү курган Баалдын бутканасына Баалга арнап курмандык чалынуучу жай тургузду.

33Ахап Ашейра мамысын тургузуп, Ысрайылдын Кудай-Теңирин каарданткан иштерди, Ысрайылдын мурунку падышаларыныкынан да жаман иштерди кылды.

34Анын убагында бейтелдик Хиел Жерихону кайра калыбына келтирди. Ал анын пайдубалын тургузганда, тун уулу Абырамдан ажырады, дарбазасын орноткондо, кичүү уулу Сегуптан ажырады. Бул Нундун уулу Жашыя аркылуу айтылган Теңирдин сөзү боюнча болду.

cle>