1Гилат тургундарынын бири тишпилик Илияс пайгамбар Ахапка: «Мен алдында турган Ысрайылдын Кудай-Теңири тирүү! Ушул жылдары, менин сөзүм боюнча шүүдүрүм түшпөйт, жамгыр жаабайт», – деди.
2Теңирден ага мындай сөз болду:
3«Бул жерден чыгып, чыгышка бурулуп, Иордандын каршысындагы Керит суусунун жанына жашын.
4Сен ошол суудан ичесиң, сени багууну Мен каргаларга буйрудум».
5Ал барып, Теңирдин айтканындай кылды. Иордандын каршысындагы Керит суусунун боюна барып токтоду.
6Каргалар ага эртең менен да, кечинде да нан жана эт алып келип турушту, сууну болсо ал агын суудан ичип турду.
7Бир аз убакыт өткөндөн кийин, агын суу какшыды, анткени жерге жамгыр жааган эмес эле.
8Ошондо ага Теңирден сөз болду:
9«Тур, Сидондун Сарепат шаарына барып, ошол жерде кал. Мен ал жердеги бир жесир аялга сени багууну буйрудум».
10Ал туруп, Сарепатка жөнөдү. Шаар дарбазасына келсе, ошол жерде бир жесир аял отун терип жүрүптүр. Илияс аны чакырып: «Мага ичкенге кичине суу берчи», – деди.
11Ошондо ал аял суу алып келгени кетти. Илияс анын артынан кыйкырды: «Мага бир кесим нан да ала келчи».
12Аял мындай деди: «Сенин Кудай-Теңириң тирүү! Менде нан жок, жыгач челекте бир ууч гана ун, кумурада бир аз май бар. Бир аз чырпык терип алып, уулум экөөбүзгө тамак даярдайм. Ошону жейбиз да өлөбүз».
13Ошондо Илияс ага мындай деди: «Коркпо, барып, өзүң айтканды жаса. Бирок адегенде мага ошондон кичине ачыткысыз нан жасап алып кел. Балаң менен өзүңө андан кийин жасайсың.
14Анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Теңир жерге жамгыр жаадырган күнгө чейин үкөктөгү ун түгөнбөйт, кумурадагы май бөксөрбөйт”».
15Аял барып, Илияс айткандай кылды. Илияс, аял жана анын үй-бүлөсү бир топ убакыт жан багышты.
16Теңирдин Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча үкөктөгү ун түгөнгөн жок, кумурадагы май бөксөргөн жок.
17Ушундан кийин ал аялдын, үйдүн ээсинин, баласы ооруп калды. Оорусу катуу болгондуктан, анын дем алуусу токтоп калды.
18Ошондо аял Илияска: «Кудайдын кишиси, мага кандай каршылыгың бар? Сен менин күнөөлөрүмдү эсиме салып, баламды өлтүргөнү келдиңби?» – деди.
19Илияс аялга: «Мага уулуңду бер», – деди. Анан ал аялдын колунан баланы алып, өзү жашаган үстүнкү бөлмөгө алып барып, төшөгүнө жаткырды.
20Анан Теңирди чакырып, мындай деди: «Кудай-Теңирим! Мен үйүндө жашап жаткан бул жесир аялга да жамандык кылып, уулун өлтүрүп коёсуңбу?»
21Анан ал баланын үстүнө үч жолу жатып, Теңирди чакырып, мындай деди: «Кудай-Теңирим! Бул баланын жаны өзүнө кайтсын!»
22Теңир Илиястын үнүн укту. Баланын жаны өзүнө кайтып келди, ал тирилди.
23Илияс баланы өз бөлмөсүнөн алып түшүп, энесине берип: «Карачы, сенин уулуң тирүү», – деди.
24Ошондо ал аял Илияска мындай деди: «Сенин Кудайдын кишиси экениңди, сен, чын эле, Теңирдин сөзүн сүйлөп жатканыңды мен эми билдим».