1 Падышалар 19:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Ахап Изебелге Илиястын кылган иштеринин баарын, бүт пайгамбарларды кылычтап өлтүргөнүн айтып берди.

2Изебел Илияска элчи жиберип: «Сен тигилерди өлтүргөндөй, мен да сени эртең ушул убакта өлтүрбөсөм, анда кудайлар мени жазаласын, катуу жазаласын», – деп айттырды.

3Илияс муну укканда, ордунан туруп, жанын сактап калыш үчүн, Жүйүттүн Бейер-Шебасына келип, ал жерге өз кызматчысын калтырды.

4Өзү бир күн жол жүрүп, чөлгө келип, бир бадалдын түбүнө отуруп, өзүнө өлүм сурап: «Теңир, эми жетишет. Жанымды ал, анткени мен аталарымдан артык эмесмин», – деди.

5Анан ал бадалдын түбүнө жатып уктап калды. Ошондо ага периште колун тийгизип: «Тур, тамактан», – деди.

6Илияс көзүн ачса, баш жагында чокко бышырылган ачыткысыз нан жана бир кумура суу туруптур. Тамактангандан кийин, кайра уктап калды.

7Теңирдин периштеси кайрылып келип, экинчи жолу колун тийгизип: «Тур, тамактан, анткени алдыңда узак жол турат», – деди.

8Илияс туруп, тамактанып, кубаттанып алып, Кудайдын тоосу Хорепке чейин кырк күн, кырк түн жол жүрдү.

9Ал ошол жердеги үңкүргө кирип, түнөп калды. Ошондо Теңирден ага сөз болуп, Теңир ага: «Илияс, сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?» – деди.

10Ал: «Мен Себайот Кудай-Теңир үчүн кызганчаактык көрсөттүм, анткени Ысрайыл уулдары Сенин келишимиңден баш тартып, Сенин курмандык чалынуучу жайларыңды бузуп, Сенин пайгамбарларыңды кылычтап өлтүрүштү. Мен жалгыз калдым, бирок менин жанымды да алыш үчүн, издеп жүрүшөт», – деди.

11Теңир ага мындай деди: «Чык, тоонун үстүнө, Теңирдин алдында тур. Ошондо Теңир өтөт, Теңирдин алдында тоолорду жарган, аскаларды кыйраткан чоң, катуу шамал болот, бирок Теңир шамалда эмес. Шамалдан кийин жер титирөө болот, бирок Теңир жер титирөөдө эмес.

12Жер титирөөдөн кийин от келет, бирок Теңир отто эмес. Оттон кийин акырын соккон жел болот».

13Илияс муну укканда, чапаны менен бетин жашырып, үңкүрдөн чыгып, анын кире беришинде турду. Ага дагы үн угулуп: «Илияс, сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?» – деди.

14Ал: «Мен Себайот Кудай-Теңир үчүн кызганчаактык көрсөттүм, анткени Ысрайыл уулдары Сенин келишимиңден баш тартып, Сенин курмандык чалынуучу жайларыңды бузуп, Сенин пайгамбарларыңды кылычтап өлтүрүштү. Мен жалгыз калдым, бирок менин жанымды да алыш үчүн, издеп жүрүшөт», – деди.

15Теңир ага мындай деди: «Кайра чөл аркылуу өз жолуң менен Дамаскка бар. Барганыңда, Сирияга Хазаелди падыша кылып майла.

16Ал эми Нимши уулу Жейуну Ысрайылга падыша кылып майла. Абел-Мекелалык Шапат уулу Элишаны болсо өзүңдүн ордуңа пайгамбар кылып майла.

17Хазаелдин кылычынан качып кутулганды Жейу өлтүрөт, ал эми Жейунун кылычынан качып кутулганды Элиша өлтүрөт.

18Бирок Мен Ысрайылда жети миң эркек калтырдым. Алардын бардыгынын тизелери Баалдын алдында бүгүлгөн эмес, алардын бирөө да аны өпкөн эмес».

19Илияс ошол жерден кетип, кош айдап жаткан Шапат уулу Элишаны тапты. Анын он эки кош өгүзү бар эле, өзү он экинчисинин жанында болчу. Илияс анын жанынан өтүп бара жатып, ага өзүнүн чапанын ыргытты.

20Ошондо Элиша өгүздөрүн таштап, Илиястын артынан чуркап барып: «Атам менен энемди өөп келгенге уруксат бер, анан мен сенин артыңдан барам», – деди. Ал ага: «Барып кел. Мен сага эмне кыла алмак элем?» – деди.

21Ал Илиястын жанынан кеткенден кийин, эки өгүз алып, аларды союп, алардын буурусунун отко жагып, эт бышырып, элге таратты, алар жешти. Өзү болсо ордунан туруп, Илиястын артынан барып, ага кызмат кыла баштады.

cle>