1 Падышалар 2:1-46 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт өлөр күнү жакындап калганда, уулу Сулайманга мындай керээз айтты:

2«Мына, мен бардык адамдар баруучу жайга кеткени жатам, сен болсо бекем, кайраттуу бол.

3Эмне гана кылба, бардык нерседе, кайда гана барба, бардык жерде акыл-эстүү болушуң үчүн, Кудай-Теңириңдин Мусанын мыйзамында жазылган мыйзамдарын, буйруктарын, көрсөтмөлөрүн, осуяттарын аткар, Анын жолдору менен жүр, Анын келишимин сакта.

4Теңир Өзүнүн мен жөнүндө айткан сөзү аткарылышы үчүн мындай деген эле: “Эгерде сенин уулдарың чын жүрөктөн, жан-дили менен Менин алдымда туура жүрүү үчүн, өздөрүнүн жолдоруна көз салып жүрсө, анда сенин тукумуңдан Ысрайылдын тагында отурган адам үзүлбөйт”.

5Серуянын уулу Жойаптын мага эмне кылганын, Ысрайылдын эки аскер башчысы Нейир уулу Абенер менен Жетер уулу Амасага эмне кылганын, бейпил убакта кан төгүп, аларды кандай өлтүргөнүн, белиндеги курун, бутундагы бут кийимин канга боёгонун билесиң.

6Ошондуктан акылга салып иш кыл, анын ак чач башын өлгөндөр жаткан жайга тынчтык менен жөнөтпө.

7Ал эми гилаттык Барзелай уулдарына жакшылык кыл, алар сенин дасторконуңдан тамактангандардын арасында болсун, анткени агаң Абышаломдон качып жүргөнүмдө, алар мага жардамга келишкен.

8Сенде Бенжемин уруусундагы бакуримдик Гейранын уулу Шемей да бар. Мен Маханайимге бара жатканда, ал мени абдан жаман сөздөр менен тилдеген. Бирок ал мени Иордандын жанынан тосуп чыкканда, мен ага Теңир менен: “Мен сени кылычтап өлтүрбөйм”, – деп ант берип койгом.

9Сен болсо аны жазасыз калтырба, анткени сен акылдуу адамсың, ага эмне кылышты билесиң, анын ак чач башын өлгөндөр жаткан жайга канга боёп жөнөт».

10Ошентип, Дөөт ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Дөөттүн шаарына коюлду.

11Дөөт Ысрайылга кырк жыл падышачылык кылды. Ал жети жыл Хеброндо, отуз үч жыл Иерусалимде падышачылык кылды.

12Сулайман атасы Дөөттүн тагына отурду, анын падышачылыгы абдан бекем болду.

13Падышанын Кагыттан төрөлгөн уулу Адония Сулаймандын энеси Бат-Шебага келди. Бат-Шеба: «Тынчтык менен келдиңби?» – деп сурады. Адония болсо: «Тынчтык менен», – деп жооп берди.

14Анан мындай деди: «Сага айтчу сөзүм бар». Бат-Шеба ага: «Айта бер», – деди.

15Адония мындай деди: «Сен билесиң, падышачылык мага таандык эле. Бүт Ысрайыл мени өздөрүнүн падышасы катары карачу, бирок падышачылык менден четтеп, менин бир тууганыма тийди, анткени бул Теңирден болду.

16Эми сенден бир нерсе сурайын, жок дей көрбө». Ал ага: «Айт», – деди.

17Адония: «Сулайман падыша менен сүйлөш, суранам сенден, анткени ал сага жок дебейт, шунамдык Абишаганы мага аялдыкка берсин», – деди.

18Бат-Шеба мындай деди: «Болуптур, сен жөнүндө падыша менен сүйлөшөйүн».

19Бат-Шеба Адония жөнүндө сүйлөшүү үчүн, Сулайман падышага кирди. Падыша ордунан тура калып таазим кылды да, тагына кайра отурду. Падышанын энесине да такты коюшту, ал анын оң жагына отуруп, мындай деди:

20«Сага бир кичине өтүнүч менен келдим, жок дебе», – деди. Падыша ага: «Сурагын, энеке, сага кантип жок дейин», – деди.

21Энеси ага: «Бир тууганың Адонияга шунамдык Абишаганы аялдыкка бер», – деди.

22Сулайман падыша энесине: «Шунамдык Абишаганы эмне үчүн Адонияга сурап жатасың? Анда ага падышачылыкты да кошо сура, анткени ал менин улуу агам, ыйык кызмат кылуучу Абыйатар менен Серуянын уулу Жойап – анын достору», – деп жооп берди.

23Анан Сулайман Теңир менен мындай деп ант берди: «Адония ушул сөзү үчүн өз өмүрү менен жооп бербей турган болсо, анда Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын.

24Мени бекемдеп, атам Дөөттүн тагына отургузган, Өзү айткандай, мага жана менин тукумума падышачылыкты берген Теңир тирүү! Адония ушул күнү өлүшү керек».

25Анан Сулайман падыша Жойаттын уулу Бенаяны жиберди, ал Адонияны өлтүрдү. Ошентип, ал өлдү.

26Ал эми ыйык кызмат кылуучу Абыйатарга падыша: «Өз жериң Анатотко кет. Сен өлүмгө татыктуусуң, бирок азыр мен сени өлтүрбөйм, анткени сен атам Дөөттүн алдында Эгедер Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жүргөнсүң, атам тарткан азапты сен да тарткансың», – деди.

27Сулайман Абыйатарды Теңирге ыйык кызмат кылуудан четтетти. Ошентип, Теңирдин Шилодо Эйлинин тукуму жөнүндө айткан сөзү аткарылды.

28Бул жөнүндө Жойапка да жетти. Ал Сулайман жакка ообой, Адония жакка оогон эле. Ошондуктан Жойап Теңирдин жыйын чатырына качып барып, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүн кармады.

29Жойаптын Теңирдин жыйын чатырына качып барып, курмандык чалынуучу жайдын жанында турганын Сулайман падышага билдиришти. Сулайман Жойат уулу Бенаяны: «Барып, аны өлтүр», – деп жиберди.

30Беная Теңирдин жыйын чатырына келип, ага мындай деди: «Падыша сага: “Бери чык”, – деп жатат». Жойап болсо: «Жок, мен ушул жерде өлгүм келет», – деди. Беная падышага: «Жойап ушинтип айтты, мага ушинтип жооп берди», – деп жеткирди.

31Падыша ага мындай деди: «Аны өзү айткандай кылып өлтүрүп, көргө кой. Жойап төккөн күнөөсүз канды менин жана атамдын тукумунун мойнунан алып ташта.

32Өзүнөн мыкты, айыпсыз эки жоокерди өлтүргөндүгү үчүн, алардын каны анын мойнунда болсун. Ал атам Дөөткө билдирбей, Ысрайылдын аскер башчысы Нейир уулу Абенерди жана Жүйүттүн аскер башчысы Жетер уулу Амасаны кылычтап өлтүргөн.

33Алардын каны түбөлүккө Жойаптын жана анын тукумунун мойнунда болсун, ал эми Дөөткө, анын тукумуна, үй-бүлөсүнө, тагына Теңирден түбөлүккө тынчтык болсун!»

34Жойат уулу Беная барды да, Жойапты кылыч менен сайып өлтүрдү. Ал чөлдөгү өз үйүнө коюлду.

35Сулайман падыша Жойат уулу Бенаяны Жойаптын ордуна аскер башчы койду. Ыйык кызмат кылуучу Садокту болсо Абыйатардын ордуна койду.

36Падыша Шемейди чакыртып, ага мындай деди: «Иерусалимге үй салып, ушул жерде жаша, бул жерден эч жакка чыкпа.

37Билип кой, чыккан күнү, Кидрон суусунан өткөн күнү сөзсүз өлөсүң. Өз каның өз мойнуңда болот».

38Шемей падышага мындай деди: «Жакшы болот, мырзам падыша кандай буйруса, кулуң ошондой аткарат». Ошентип, Шемей Иерусалимде көпкө жашады.

39Бирок үч жылдан кийин Шемейдин эки кулу Гат падышасы Мааханын уулу Акиштикине качып кетти. Шемейге: «Сенин кулдарың Гатта», – деп айтышты.

40Шемей турду да, эшегин токуп, кулдарын издеп таап келүү үчүн, Гатка, Акиштикине жөнөдү. Гаттан Шемей кулдарын алып кайтып келди.

41Шемейдин Иерусалимден чыгып, Гатка барып келгенин Сулайманга билдиришти.

42Ошондо падыша Шемейди чакыртып, ага мындай деди: «“Билип кой, сен чыккан күнү, бир жакка барган күнү сөзсүз өлөсүң”, – деп, Теңир менен ант бербедим беле? Сен мага: “Жакшы болот”, – дебедиң беле.

43Эмне үчүн сен Теңир алдында ант берип айткан буйругумду аткарган жоксуң?»

44Анан падыша Шемейге мындай деп айтты: «Атам Дөөткө жасаган жамандыгыңдын баарын билесиң, жүрөгүң да билет. Ошол жамандыгыңды Теңир өз мойнуңа салсын!

45Ал эми Сулайманга Теңир батасын берсин! Теңир алдында Дөөттүн тагы түбөлүккө бекем болсун!»

46Падыша Жойат уулу Бенаяга буйрук кылды. Ал барып, Шемейди өлтүрдү.

le>