1 Падышалар 20:1-43 KYB2004 - Bible AI

1Сирия падышасы Бенадат өзүнүн бардык аскерин жыйнап, отуз эки падышасын ээрчитип, аттары, майдан арабалары менен барып, Самарияны курчоого алып, кол салды.

2Анан ал шаарга, Ысрайыл падышасы Ахапка элчилерин жөнөтүп,

3ага: «Бенадат мындай дейт: “Сенин күмүшүң менен алтының меники, сенин аялдарың менен мыкты уулдарың меники”», – деп айттырды.

4Ысрайыл падышасы: «Сенин айтканыңдай болсун, мырзам падыша. Мен жана менде эмне болсо, ошонун бардыгы сеники», – деп жооп берди.

5Элчилер кайра келип айтышты: «Бенадат мындай дейт: Мен сага мындай деп айттырып жибердим: “Күмүшүңдү да, алтыныңды да, аялдарыңды да, уулдарыңды да мага бер”.

6Ошондуктан мен эртең ушул убакта сага өзүмдүн кулдарымды жиберем. Алар сенин үйүңдү жана сенин алдыңдагы кызматчыларыңдын үйлөрүн карап чыгып, көзүңө кымбат болуп көрүнгөн нерселериңдин бардыгын өз колдору менен алып, көтөрүп кетишет».

7Ысрайыл падышасы өлкөнүн аксакалдарынын баарын чакыртып, мындай деди: «Байкадыңарбы, ал бизге жамандык кылганы жатат. Ал менин аялдарымды, уулдарымды, күмүштөрүмдү, алтындарымды алганы киши жибергенде, мен ага каршы болгон жокмун».

8Ошондо бардык аксакалдар менен бүт эл ага: «Укпагын да, макул болбогун», – дешти.

9Ал Бенадаттын элчилерине: «Мырзам падышага айткыла: “Кулуңа биринчи жолу эмне деп жиберсең, ошонун бардыгын кылууга даярмын. Бирок мунуңду аткара албайм”», – деди. Элчилер өздөрүнүн падышасына анын жообун айтып барышты.

10Бенадат ага: «Артымда келе жаткан адамдардын баарына Самариянын топурагы бир уучтан жетсе, анда мени кудайлар жазаласын, катуу жазаласын», – деп айттырганы киши жиберди.

11Ысрайыл падышасы: «Айткыла: Кур курчанып жаткан киши кур чечип жаткан кишидей мактанбасын», – деп жооп берди.

12Падышалар менен чатырларда ичип отурган Бенадат бул сөздү угуп, кулдарына: «Шаарды курчоого алгыла», – деди. Алар шаарды курчоого алышты.

13Ошондо бир пайгамбар Ысрайыл падышасы Ахаптын жанына келип: «Теңир мындай дейт: “Бул сансыз көп аскерди көрүп жатасыңбы? Сен Менин Теңир экенимди билишиң үчүн, булардын баарын Мен бүгүн сенин колуңа салып берем”», – деди.

14Ахап: «Ким аркылуу?» – деп сурады. Ал ага: «Теңир мындай дейт: “Дубан башчыларынын кызматчылары аркылуу”», – деп жооп берди. Ахап: «Салгылашты ким баштайт?» – деп сурады. Ал: «Сен», – деди.

15Ахап дубан башчыларынын кызматчыларын эсептегенде, алардын саны эки жүз отуз эки болду. Алардан кийин бүткүл элди санаганда, бардык Ысрайыл уулдарынын саны жети миң болду.

16Алар чак түштө аттанып чыгышты. Бенадат өзүнө жардамдашкан отуз эки падыша менен чатырларда мас болгуча ичти.

17Адегенде дубан башчыларынын кызматчылары чыгышты. Бенадат жиберген кишилер келип, ага Самариядан кишилер чыгышканын билдиришти.

18Ал: «Тынчтык менен чыгышса да, согушканы чыгышса да, тирүүлөй колго түшүргүлө», – деди.

19Шаардан дубан башчыларынын кулдары чыгышты, алардын аркасынан аскерлер чыгышты.

20Ар бири өз душманын талкалап жатты. Сириялыктар качып жөнөштү, ысрайылдыктар алардын артынан кууп жөнөштү. Сирия падышасы Бенадат болсо атчан жоокерлер менен качып кетти.

21Ысрайыл падышасы чыгып, майдан арабалар менен аттарды тартып алып, сириялыктарды катуу талкалады.

22Жанагы пайгамбар Ысрайыл падышасынын жанына келип: «Бар, күч топто, эмне кылышың керек экенин билип байкаштыр, анткени бир жыл өткөндөн кийин Сирия падышасы сага кайра кол салат», – деди.

23Сирия падышасына аскер башчылары мындай дешти: «Алардын Кудайы тоо Кудайы экен, ошондуктан алар бизди жеңишти. Эгер биз алар менен түздүктө салгылашсак, анда биз сөзсүз жеңебиз.

24Ошондуктан мындай кыл: падышалардын ар бирин турган ордунан алып, алардын ордуна дубан башчыларын кой.

25Канча аскер кырылса, ошончо аскер жыйна, канча ат кырылса, ошончо ат жыйна, канча майдан араба талкаланса, ошончо майдан араба жыйна, алар менен түздүктө салгылашабыз, ошондо аларды сөзсүз жеңебиз». Алардын сөзүн угуп, ал ушундай кылды.

26Бир жыл өткөндөн кийин Бенадат сириялыктарды чогултту да, Ысрайыл менен салгылашуу үчүн, Апейикке жөнөдү.

27Ысрайыл уулдары да жыйналып, азык-түлүк алып, аларга каршы аттанышты. Ысрайыл уулдары алардын каршысына анча чоң эмес текенин эки үйүрүндөй болуп жайгашты, сириялыктар болсо жер бетин каптап калды.

28Кудайдын кишиси Ысрайыл падышасынын жанына келип: «Теңир мындай дейт: Сириялыктар “Теңир – өрөөндүн Кудайы эмес, тоо Кудайы” деп айтышканы үчүн, Мен бул сансыз аскерди сенин колуңа салып берем, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер», – деди.

29Ошентип, алар бири-биринин каршысында жети күн турушту. Жетинчи күнү салгылаш башталды. Ысрайыл уулдары сириялыктардын жүз миң жөө аскерин бир күндө талкалашты.

30Калгандары Апейик шаарына качып кетишти. Ал жерде калган жыйырма жети миң адамды дубал басып калды. Бенадат болсо шаарга качып келип, ички бөлмөлөрдүн биринен экинчисине чуркап жүрдү.

31Кулдары ага: «Ысрайыл тукумунун падышалары ырайымдуу деп укканбыз. Андыктан белибизге зумбал курчанып, башыбызга жип салып, Ысрайыл падышасына барууга уруксат кыл. Балким, ал сени аяп, аман калтырар», – дешти.

32Алар белдерине зумбал курчанып, баштарына жип салып, Ысрайыл падышасына барып: «Сенин кулуң Бенадат: “Жан соога”, – дейт», – дешти. Ошондо тиги: «Ал, эмне, али тирүүбү? Ал менин бир тууганым», – деди.

33Алар бул сөздү жакшы белги катары кабыл алып, анын оозунан чыккан сөздү илип алып: «Ооба, Бенадат сенин бир тууганың», – дешти. Ошондо ал: «Барып, аны алып келгиле», – деди. Бенадат ага келгенде, ал аны өзүнүн майдан арабасына отургузду.

34Бенадат ага: «Сенин атаңдан менин атам тартып алган шаарларды мен кайтарып берем. Менин атамдын Самарияда базар аянттары болгондой, сенин да Дамаскта базар аянттарың болот», – деди. Ахап ага: «Келишим түзгөндөн кийин, мен сени коё берем», – деди. Экөө келишим түзгөндөн кийин, Ахап аны коё берди.

35Теңирдин сөзү боюнча пайгамбар уулдарынын бири экинчисине: «Мени саба», – деди. Бирок экинчиси макул болбой койду.

36Ошондо ал: «Теңирдин айтканын кылбаганың үчүн, менин жанымдан кеткенден кийин, сени арстан жара тартат», – деди. Ал анын жанынан кеткенден кийин, алдынан арстан чыгып, аны жара тартып салды.

37Ал башка кишини таап: «Мени саба», – деди. Ал киши аны жарадар кылгыча сабады.

38Пайгамбар көзүн жабуу менен жаап алып, жолдо бара жаткан падышанын алдына келди.

39Падыша жанынан өтүп бара жатканда, ал падышага мындай деп кыйкырды: «Кулуң салгылашууга барган, ошондо бир киши четке чыгып, мага бир кишини алып келип: “Бул кишини кайтар. Эгер ал жоголуп кетсе, анда сенин жаның анын жаны үчүн кыйылат же бир талант күмүш тартып бересиң”, – деди.

40Кулуң ар кайсы иштер менен алек болуп жатканда, ал жоголуп кетти». Ысрайыл падышасы ага: «Сага ошондой өкүм чыгарылсын. Өзүң чечип койдуң», – деди.

41Ал ошол замат жабууну көзүнөн алды. Падыша анын пайгамбарлардын бири экенин тааныды.

42Пайгамбар ага мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Мен өлүмгө өкүм кылган кишини колуңдан чыгарып жибергениң үчүн, сенин жаның анын жаны үчүн кыйылат, сенин элиң анын элинин ордуна кырылат”».

43Ысрайыл падышасы көңүлү чөгүп, санаага батып, үйүнө, Самарияга келди.

cle>