1 Падышалар 21:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Ушул окуялардан кийин мындай болду: Самария падышасы Ахаптын падыша сарайынын жанында, Изрейелде изрейелдик Наботтун жүзүмзары бар эле.

2Ахап Наботко: «Жүзүмзарыңды мага бер, ал жерге мен жашылча өстүрөм, анткени ал менин үйүмө жакын. Анын ордуна мен сага андан да жакшы жүзүмзар берем. Эгер кааласаң, канча турса, ошончо күмүш берем», – деди.

3Бирок Набот Ахапка: «Ата-бабаларымдын мурасын сага берүүдөн Теңирим мени сактасын!» – деди.

4Ахап изрейелдик Наботтун «Ата-бабаларымдын мурасын сага бербейм» деген сөзүнө көңүлү чөгүп, санаага батып, үйүнө келди да, төшөгүнө тескери карап жатып алды, тамак ичкен жок.

5Анын үстүнө аялы Изебел кирип: «Эмнеге мынча көңүлүң чөктү? Эмнеге тамак ичпей койдуң?» – деди.

6Ал ага мындай деди: «Изрейелдик Наботко: “Жүзүмзарыңды күмүшкө бер, кааласаң, анын ордуна башка жүзүмзар берем”, – десем, ал мага: “Жүзүмзарымды сага бербейм”, – деди».

7Ошондо аялы Изебел ага: «Сен ушундай кылсаң, Ысрайылда эмне деген падышачылык болот? Тур, тамак ич, кайгырба, мен сага изрейелдик Наботтун жүзүмзарын алып берем», – деди.

8Анан ал Ахаптын атынан каттарды жазып, аларга анын мөөрүн басты да, ал каттарды Набот менен бир шаарда жашаган аксакалдарга жана атактуу кишилерге жиберди.

9Ал каттарга мындай деп жазды: «Орозо жарыя кылып, Наботту элдин алдына отургузгула.

10Ал эми анын маңдайына жүзү кара эки кишини отургузгула. “Сен Кудайга жана падышага акарат келтирдиң” деп, алар ага жалаа жабышсын. Анан аны алып чыгып, таш бараңга алып өлтүргүлө».

11Анын шаарында жашаган эркектер: аксакалдар, атактуу кишилер Изебел жиберген каттарда кандай жазылса, ошондой кылышты.

12Орозо жарыя кылып, Наботту элдин алдына отургузушту.

13Анан жүзү кара эки киши чыгып, анын маңдайына отурду. Ал жаман адамдар элдин алдында ага: «Набот Кудайга жана падышага акарат келтирди», – деп жалаа жабышты. Ошентип, аны шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүрүштү.

14Наботту таш бараңга алып өлтүрүшкөнүн Изебелге айттырып жиберишти.

15Изебел Наботту таш бараңга алып өлтүрүшкөнүн укканда, Ахапка: «Тур, барып, изрейелдик Наботтун күмүшкө бергиси келбеген жүзүмзарын ээле, анткени Набот жок, ал өлдү», – деди.

16Ахап Наботтун өлгөнүн укканда, ордунан турду да, анын жүзүмзарын ээлеп алганы жөнөдү.

17Ошондо тишпилик Илияска Теңирден сөз болду:

18«Тур, барып, Самариядагы Ысрайыл падышасы Ахапка жолук. Ал азыр Наботтун жүзүмзарын ээлеп алганы келди.

19Ага мындай дегин: Теңир мындай дейт: “Өлтүргөнүң аз келгенсип, эми мурасын ээлеп алгың барбы?” Дагы мындай де: Теңир мындай дейт: “Наботтун канын иттер кайсы жерде жалашса, сенин каныңды да ошол жерде жалашат”».

20Ахап Илияска: «Душманым, мени таптың!» – деди. Илияс мындай деди: «Таптым, анткени сен Теңирге жакпаган иштерди кылууга дитиңди бердиң.

21Теңир мындай дейт: “Мен сага каран түн түшүрөм, артыңа тукум калтырбай, жер үстүнөн шыпырып таштайм, Ахаптын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, Ысрайылда калгандарын да жок кылам.

22Акарат келтирип, Мени каардантканың үчүн, Ысрайылды күнөөгө батыргандыгың үчүн, Небат уулу Жаробамдын тукумун жана Акиянын уулу Баашанын тукумун кандай кылсам, сенин тукумуңду да ошондой кылам”.

23Теңир Изебел жөнүндө да: “Изрейел дубалынын сыртында Изебелди иттер жейт”, – деди.

24Шаарда Ахаптын тукумунан ким өлсө, аны иттер жейт. Ал эми талаада кимиси өлсө, аны асман куштары чокуп жейт.

25Аялы Изебелдин сөзүнө кирип, Теңирге жакпаган иштерди кылган Ахаптай адам мурун болгон эмес.

26Ал Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан аморлуктардай болуп жасалма кудайларды ээрчип, өтө ыпылас иштерди кылды».

27Ахап ушул сөздүн баарын укканда, кийимин айрып, зумбал жамынып, орозо кармап, зумбалчан жатып, кайгылуу жүрдү.

28Ошондо тишпилик Илияска Теңирден сөз болду, Теңир мындай деди:

29«Менин алдымда Ахаптын моюн сунганын көрдүңбү? Менин алдымда моюн сунганы үчүн Мен ага көзү тирүүсүндө каран түн түшүрбөйм. Анын тукумуна баласынын убагында каран түн түшүрөм».

cle>