1 Падышалар 22:1-53 KYB2004 - Bible AI

1Yч жылдын аралыгында Сирия менен Ысрайылдын ортосунда согуш болгон жок.

2Yчүнчү жылы Жүйүт падышасы Жошапат Ысрайыл падышасына барды.

3Ысрайыл падышасы өзүнүн кызматчыларына: «Гилаттын Рамоту биздики экенин билесиңерби? Биз болсо көптөн бери унчукпай эле жүрөбүз, аны Сирия падышасынын колунан албай жатабыз», – деди.

4Анан ал Жошапаттан: «Мени менен бирге Гилаттын Рамотуна каршы согушканы барасыңбы?» – деп сурады. Жошапат Ысрайыл падышасына: «Сен кандай болсоң, мен да ошондоймун. Сенин элиң кандай болсо, менин элим да ошондой. Сенин аттарың кандай болсо, меники да ошондой», – деп жооп берди.

5Жошапат Ысрайыл падышасына: «Теңирдин эмне айтарын бүгүн сура», – деди.

6Ысрайыл падышасы төрт жүзгө жакын пайгамбарды чогултуп, алардан: «Мен Гилаттын Рамотуна каршы согушканы барсам болобу же болбойбу?» – деп сурады. Алар: «Бар, Теңир аны падышанын колуна салып берет», – дешти.

7Жошапат: «Бул жерде Теңирдин пайгамбарларынан дагы барбы? Биз ал аркылуу Теңирдин эркин сурайт элек», – деп сурады.

8Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Дагы бир киши бар, ал аркылуу Теңирдин эркин сураса болот, бирок мен аны жек көрөм, анткени ал мага жакшы кабар айтпайт, жаман гана кабар айтат. Ал – Жимланын уулу Михей», – деди. Жошапат ага: «Падыша, андай дебе», – деди.

9Ысрайыл падышасы бир эбнухту чакырып: «Тезирээк Жимланын уулу Михейди чакырып кел», – деди.

10Ысрайыл падышасы менен Жүйүт падышасы Жошапат падыша кийимин кийип, Самария дарбазасынын жанындагы аянтта ар бири өзүнүн тактысында отурушту, алардын алдында бардык пайгамбарлар пайгамбарчылык кылып жатышты.

11Ошондо өзүнө темир мүйүз жасап алган Кенаана уулу Ситкия: «Теңир мындай дейт: Бул мүйүз менен сириялыктарды сүзүп жок кыласың», – деди.

12Пайгамбарлардын бардыгы ушундай эле пайгамбарчылык кылышты: «Гилаттын Рамотуна каршы бар, жеңишке жетесиң, аларды Теңир падышанын колуна салып берет».

13Михейди чакырып келгени барган эбнух ага: «Мына, пайгамбарлардын баары бир добуштан падышага жакшы кабар айтышты. Сенин сөзүң да алардын сөзү менен бирдей болсун, сен да жакшы кабар айт», – деди.

14Ошондо Михей: «Теңир тирүү! Теңир мага эмне деп айтса, мен ошону айтам», – деди.

15Ал падышага келди. Падыша андан: «Михей! Гилаттын Рамотуна согушканы барсак болобу же болбойбу?» – деп сурады. Михей ага: «Бар, жеңишке жетесиң, Теңир аны падышанын колуна салып берет», – деп жооп берди.

16Падыша ага: «Мага Теңирдин атынан чындыктан башка эч нерсе айтпа деп, канча жолу суранышым керек?» – деди.

17Ошондо ал: «Мен тоолордо койчусу жок чачырап жүргөн койлордой болгон ысрайылдыктарды көрүп жатам. Теңир мындай деди: “Булардын башчысы жок, ошондуктан ар бири өз үйүнө тынчтык менен кайтсын”», – деди.

18Ошондо Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мага ал жакшы кабарды эмес, жаман кабарды гана айтат деп, мен сага айтпадым беле?» – деди.

19Михей дагы мындай деди: «Теңирдин сөзүн ук: Мен Өзүнүн тактысында отурган Теңирди көрдүм. Анын жанында, оң жана сол тарабында асман кошууну туруптур.

20Анан Теңир мындай деди: “Гилаттын Рамотуна барып өлүшү үчүн, Ахапты ким көндүрө алат?” Бирөө мындай, бирөө тигиндей айтты.

21Ошондо бир рух чыгып, Теңирдин алдына келип: “Аны мен көндүрөм”, – деди. Теңир андан: “Кантип?” – деп сурады.

22Ал: “Мен чыгам да, пайгамбарлардын баарынын оозуна жалган рух болуп кирем”, – деди. Теңир ага: “Сен аны көндүрөсүң, ушуну аткарасың. Бар, ушундай кыл”, – деди.

23Мына, Теңир азыр пайгамбарларыңдын баарынын оозуна жалган рухтун кирүүсүнө жол берди, бирок Теңир сен жөнүндө жакшы нерсе айткан жок».

24Ошондо Кенаана уулу Ситкия Михейге жакын келип, аны жаакка бир чаап: «Кандайча, Теңирдин Руху сен аркылуу сүйлөш үчүн, менден кетип калдыбы?» – деди.

25Михей: «Сен муну жашыныш үчүн бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө чуркап жүргөн күнү көрөсүң», – деди.

26Ошондо Ысрайыл падышасы мындай деди: «Михейди алгыла да, шаар башчысы Амонго жана падыша уулу Жаашка алып баргыла.

27Анан аларга: Падыша мындай дейт: “Муну зынданга салгыла да, мен тынчтык менен кайтып келгенче, жарыбаган нан, жарыбаган суу берип тамактандырып тургула”, – деди».

28Михей: «Эгер тынчтык менен кайтып келсең, анда мен аркылуу Теңир сүйлөгөн эмес», – деди. Анан дагы: «Бүт эл, ук!» – деди.

29Ысрайыл падышасы менен Жүйүт падышасы Жошапат Гилаттын Рамотуна кетишти.

30Ысрайыл падышасы Жошапатка мындай деди: «Мен кийимимди алмаштырам да, согушка кирем, а сен өзүңдүн падыша кийимиңди кий». Ысрайыл падышасы кийимин алмаштырды да, согушка кирди.

31Сирия падышасы майдан арабаларынын отуз эки башчысына: «Кичүүсү менен да, улуусу менен да салгылашпагыла, бир гана Ысрайыл падышасы менен салгылашкыла», – деп буйрук берди.

32Майдан арабалардын башчылары Жошапатты көрүп: «Ысрайыл падышасы ушул», – деп ойлоп, аны менен согушууга бурулушту. Ошондо Жошапат кыйкырып жиберди.

33Майдан арабалардын башчылары анын Ысрайыл падышасы эмес экенин көрүп, кайра бурулуп кетишти.

34Бир адам кокусунан жаа тартып жибергенде, жебе Ысрайыл падышасынын соот кийиминин тигишинен өтүп, аны жарадар кылды. Ошондо ал өзүнүн арабакечине: «Артка тарт, мени аскерлердин ичинен алып чык, мен жарадармын», – деди.

35Бирок ошол күнү салгылаш күчөдү. Падыша сириялыктардын каршысында майдан арабасында турду. Ал кечинде өлдү, анын жараатынын каны майдан арабага акты.

36Күн батканда бүткүл кошуунга: «Ар кимиң өз шаарыңа кайт, ар кимиң өз жериңе кайт!» – деп жарыя кылынды.

37Ошентип, падыша өлүп, сөөгүн Самарияга алып келишип, ошол жерге коюшту.

38Теңирдин айткан сөзү боюнча Самария көлмөсүнө анын майдан арабасын жуушту, анын канын иттер жалашты, ал көлмөгө бузулган аялдар жуунушчу.

39Ахаптын башка иштери, пилдин сөөгүнөн үй тургузганы, шаарларды курганы Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

40Ошентип, Ахап ата-бабаларына кошулду, анын ордуна уулу Ахазай такка отурду.

41Асанын уулу Жошапат Жүйүткө Ысрайыл падышасы Ахаптын падышачылыгынын төртүнчү жылында падыша болду.

42Жошапат такка отурганда, отуз беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма беш жыл падышачылык кылды. Анын энеси Шилхинин кызы Азуба болчу.

43Ал Теңирге жаккан иштерди кылып, бардык нерседе атасы Асанын жолун жолдоду, ал жолдон чыккан жок. Бирок бийик жерлердеги бутканалар алынган жок. Эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

44Жошапат Ысрайыл падышасы менен тынчтык келишимин түздү.

45Жошапаттын башка иштери, анын көрсөткөн эрдиктери жана согуш жүргүзүүсү Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

46Ал атасы Асанын убагынан калган бузулгандарды жер бетинен жок кылды.

47Ошол кезде Эдомдо падыша жок эле, аны падыша дайындаган адам башкарган.

48Жошапат Опирге алтынга барыш үчүн, деңизде сүзүүчү кемелерди жасады. Бирок алар Опирге жеткен жок, анткени Этсион-Геберде кыйроого учурады.

49Ошондо Ахаптын уулу Ахазай Жошапатка: «Кемелерде менин кулдарым сенин кулдарың менен чогуу барышсын», – деди. Бирок Жошапат макул болгон жок.

50Жошапат ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Жорам такка отурду.

51Ахаптын уулу Ахазай Жүйүттүн падышасы Жошапаттын падышачылыгынын он жетинчи жылында Ысрайылга падыша болуп, Самарияда эки жыл падышачылык кылды.

52Ал Теңирге жакпаган иштерди кылып, атасы менен энесинин, ошондой эле Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын жолун жолдоду.

53Ал Баалга кызмат кылып табынды. Атасы кылган иштердин баарын кылып, Ысрайылдын Кудай-Теңирин каардантты.

cle>