1Сулайман Мисир падышасы фараон менен туугандашып, анын кызын аялдыкка алды. Өзүнүн үйүн, Теңир үйүн, Иерусалим дубалдарын кура элек болгондуктан, аялын Дөөттүн шаарына алып келди.
2Бирок эл курмандыкты дагы эле бийик жерлерде чалып жаткан, анткени ошол убакка чейин Теңирдин ысымына арналып үй курула элек эле.
3Сулайман Теңирди сүйдү, атасы Дөөттүн осуяты боюнча жүрдү, бирок ал да бийик жерлерде курмандык чалчу, жыпар жыттуу зат түтөтчү.
4Курмандык чалуу үчүн, падыша Гибонго кетти, анткени ал жерде чоң курмандык чалынуучу жай бар эле. Ошол курмандык чалынуучу жайда Сулайман бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан миңди чалды.
5Гибондо, түн ичинде Сулаймандын түшүнө Теңир кирди. Кудай ага: «Сура, сага эмне берейин?» – деди.
6Сулайман мындай деди: «Сен Өз кулуң Дөөткө, менин атама, зор ырайым көрсөттүң. Ал Сенин алдыңда туура, түз жүрүп, чынчыл болгондугу үчүн Сен ага ушул улуу ырайымды сактадың, тагына отура турган уул бердиң. Ал мына ушул күндө жүзөгө ашып отурат.
7Кудай-Теңирим, Сен азыр кулуңду атам Дөөттүн ордуна падыша кылдың, бирок мен жашмын, көп нерсени билбейм.
8Кулуң Өзүң тандаган элиңдин, көп сандаган элиңдин арасында турат, көптүгүнөн аларды санап чыгуу да, карап чыгуу да мүмкүн эмес.
9Сенин элиңди башкарууга, жаман-жакшыны ажырата билүүгө Өз кулуңа акылдуу жүрөк бер, анткени Сенин көп сандуу элиңди ким башкара алат?»
10Сулаймандын бул суранычы Теңирге жакты.
11Кудай ага: «Сен ушуну сураганың үчүн, узун өмүрдү, байлыкты жана душмандарыңдын жанын сурабай, туура бийлик жүргүзүүгө акыл сураганың үчүн
12Мен сенин сөзүң боюнча кылам. Мына, мен Сага акылдуу, даанышман жүрөк берип жатам, сендей адам сенден мурун да болгон эмес, сенден кийин да болбойт.
13Мен сага сен сурабаган нерсени, байлыкты, даңкты берип жатам, андыктан өмүрүң өткөнчө, падышалар арасында сендей адам болбойт.
14Эгерде сен атаң Дөөттөй болуп, Менин жолум менен жүрсөң, мыйзамдарым менен осуяттарымды аткарсаң, Мен сенин өмүрүңдү да узун кылам», – деди.
15Сулайман ойгонгондо, бул түш экенин билди. Анан ал Иерусалимге барып, Теңирдин келишим сандыгынын алдында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалып, кызматчыларына чоң той берди.
16Ошондо бузулган эки аял келип, падышанын алдында турду.
17Аялдын бири мындай деди: «Оо мырзам! Бул аял экөөбүз бир үйдө жашайбыз. Ошол үйдө мен мунун көз алдында төрөдүм.
18Мен төрөгөндөн кийин, үчүнчү күнү бул аял да төрөдү. Экөөбүз чогуу болчубуз, үйдө бизден бөлөк эч ким жок эле. Yйдө экөөбүз эле болчубуз.
19Түн ичинде бул аялдын баласы өлүп калды. Анткени ал уктап калып, баласын басып өлтүрүп алды.
20Анан ал түн ичинде, күңүң мен уктап жатканда, туруп келип, менин баламды өзүнүн койнуна алып, өзүнүн өлгөн баласын менин койнума салып коюптур.
21Баламды эмизейин деп, эртең менен турсам, ал өлүп калыптыр. Эртең менен жакшылап карасам, ал мен төрөгөн бала эмес экен».
22Анда тиги аял: «Жок, менин балам тирүү, сенин балаң өлгөн», – деди. Ал эми берки аял: «Жок, өлгөн бала сеники, менин балам тирүү», – деди. Падышанын алдында алар ушинтип талашып жатышты.
23Ошондо падыша мындай деди: «Бул аял: “Тирүү бала меники, өлгөн бала сеники”, – дейт. Тиги аял болсо: “Жок, өлгөн бала сеники, тирүү бала меники”, – дейт».
24Анан падыша: «Мага кылычты алып бергиле», – деди. Падышага кылычты алып келип беришти.
25Падыша: «Тирүү баланы экиге бөлө чаап, жарымын бирине, жарымын экинчисине бергиле», – деди.
26Баласы тирүү аял баласын аяп, жан алакетке түшүп, падышага: «Оо мырзам! Тирүү баланы буга бергиле, аны өлтүрбөгүлө», – деди. Тиги аял болсо: «Бөлө чапкыла, бала меники да, аныкы да болбосун», – деди.
27Ошондо падыша: «Тирүү баланы буга бергиле, аны өлтүрбөгүлө, анткени бул – анын энеси», – деп жооп берди.
28Бүт Ысрайыл падышанын өкүмү жөнүндө укту, ошондон кийин падышадан коркуп калышты, анткени анда сот жүргүзүү үчүн Кудайдан болгон даанышмандык бар экенин көрүштү.