1 Падышалар 4:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Ошентип, Сулайман бүт Ысрайылга падыша болуп турду.

2Анын кол астындагы башкаруучулары мына булар эле: ыйык кызмат кылуучу: Садоктун уулу Азария.

3Катчылар: Шиши уулдары Элихореп менен Акия. Тарыхчы: Акилут уулу Жошапат.

4Аскер башчы: Жойат уулу Беная. Ыйык кызмат кылуучулар: Садок менен Абыйатар.

5Натан уулу Азария – дубан кызматчылардын үстүнөн башчы, ыйык кызмат кылуучу Натандын уулу Забут – падышанын досу.

6Падыша сарайынын башчысы – Акишар, салык жыйноочулардын башчысы – Абда уулу Адонурам.

7Сулаймандын бүткүл Ысрайылга койгон он эки башкаруучусу бар эле, алар падышага, анын үйүнө азык-түлүк жеткирип турушчу. Ар бири жыл сайын бир айга жеткидей азык жеткирчү.

8Алардын аттары: Эпрайым тоосун Хур уулу,

9Макасты, Шаалбимди, Бейт-Шемешти, Эйлонду жана Бейт-Кананды Декер уулу,

10Арубатты Хесет уулу башкарчу. Сохо менен бүт Хейпер жерин да ал башкарчу.

11Бүтүн Напат-Дорду Абинадап уулу башкарчу. Сулаймандын кызы Тафат анын аялы эле.

12Акилут уулу Баана Таанахты, Мегидону, Изрейелдин төмөн жагындагы Саретандын жанындагы Бейт-Шейанды, Бейт-Шейандан Абел-Мекелге чейинки жерлерди, атүгүл, Жокмаамдын ары жагындагы жерлерди да башкарчу.

13Гебер уулу Гилаттын Рамотун башкарчу. Анын карамагында Менашенин уулу Жайырдын Гилаттагы кыштактары бар эле. Ошондой эле анын карамагына Башандагы Аргоп дубаны дубалдуу жана жез кулпулуу алтымыш чоң шаары менен тиешелүү эле.

14Маханайимди Идо уулу Акинадап башкарчу.

15Напталы жерин Акимаас башкарчу. Ал Сулаймандын кызы Басематты аялдыкка алган.

16Бейалот жана Ашыр жерин Хушайдын уулу Баана башкарчу.

17Исахар жерин Паруахтын уулу Жошапат башкарчу.

18Бенжемин жерин Эйланын уулу Шимей башкарчу.

19Гилат жерин, Амор падышасы Сихондун жерин жана Башан падышасы Огдун жерин Ури уулу Гебер башкарчу.

20Деңиз жээгиндеги кумдай көп Жүйүт менен Ысрайыл ичип-жеп, көңүл ачып жатты.

21Сулайман Эфрат дарыясынан Пелишти жерине чейинки, Мисир жерине чейинки бүт падышачылыктарга ээлик кылды. Алар Сулаймандын көзү өткөнчө кызмат кылып, тартуу алып келип турушту.

22Сулаймандын бир күнкү азык-түлүгү отуз кор буудай унунан, алтымыш кор башка ундан,

23бугулардан, жейрендерден, бөкөндөрдөн жана семиртилген канаттуулардан тышкары бордолгон он өгүздөн, жайыттан алынган жыйырма өгүздөн, жүз койдон турган.

24Анткени ал дарыянын берки өйүзүндөгү бардык жерге, Типсактан Азага чейин, дарыянын берки өйүзүндөгү бардык падышаларга үстөмдүк кылды жана тегерегиндеги бардык өлкөлөр менен тынчтыкта болду.

25Сулаймандын көзү өткөнчө, Дандан Бейер-Шебага чейин жаткан Ысрайыл менен Жүйүт эли өздөрүнүн анжыр жыгачынын, жүзүм багынын астында бейкапар жашады.

26Сулаймандын майдан арабага чегилген аттары үчүн кырк миң мамысы, аттары үчүн он эки миң мамысы бар эле.

27Ошол башкаруучулардын ар бири өзүнө белгиленген айда Сулайман падышанын дасторконуна тиешелүү болгон бардык нерселерди жеткирип турушту, аны эч нерсеге муктаж кылышкан жок.

28Падыша конуш алган жерге ар бири өз кезеги менен аттарга, качырларга арпа, саман жеткирип турушту.

29Кудай Сулайманга деңиз жээгиндеги кумдай көп акылмандык, даанышмандык, кеменгерлик берди.

30Сулаймандын акылмандуулугу чыгыш уулдарынын бүт акылмандуулугунан жана мисирликтердин бүт акылмандуулугунан жогору эле.

31Ал бардык адамдардан акылдуу болчу, акылы эзрахилик Эйтандан, Эйман, Калкол, Дарда, Махол уулдарынан алда канча өйдө болчу. Тегерек-четтеги бардык элдерге аты чыкты.

32Ал үч миң накыл сөз айткан, анын бир миң беш ыры бар эле.

33Ошондой эле дарактар жөнүндө, Лебанондогу кедр жыгачынан баштап дубалга жабышып өсүүчү иссопко чейин айткан. Жаныбарлар, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана балыктар жөнүндө айткан.

34Сулаймандын акылмандыгы жөнүндө уккан жер үстүндөгү бардык падышачылыктардан, бардык элдерден анын акылмандуулугун угуу үчүн келип турушчу.

le>