1 Падышалар 5:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Тир падышасы Хирам Сулаймандын атасынын ордуна падыша болуп майланганын угуп, ага өкүлдөрүн жөнөттү, анткени Хирам Дөөттүн түбөлүк досу болгон.

2Сулайман да Хирамга мындай деп айттырды:

3«Өзүң билесиң, атам Дөөт тегерегиндеги элдер менен согушуп тургандыктан, Теңир ал элдерди анын бут алдына жыкканга чейин, өз Кудай-Теңиринин ысымына арнап үй кура алган жок.

4Ушул кезде мага Кудай-Теңирим бардык жактан тынчтык берди. Душман жок, мындан ары тоскоолдук кыла турган эч ким жок.

5Теңир атам Дөөткө: “Сенин ордуңа, тагыңа Мен отургуза турган уулуң Менин ысымыма арнап үй курат”, – деген, ошондуктан мен Кудай-Теңиримдин ысымына арнап үй курууну ниет кылып жатам.

6Андыктан мен үчүн Лебанондон кедр дарагын кыюуну буйрук кыл. Менин кулдарым сенин кулдарың менен бирге болот, мен сенин кулдарыңа сен белгилегендей акы төлөйм, анткени бизде дарак кыюуну сидондуктардай билген киши жок экенин сен билесиң».

7Сулаймандын сөзүн укканда, Хирам абдан кубанып: «Ушул көп элди башкаруу үчүн, Дөөткө акылман уул берген Теңир даңкталсын!» – деди.

8Хирам Сулайманга мындай деп айттырды: «Мага элчи жибергениңдин себебин уктум, кипарис жана кедр жыгачтары жөнүндөгү бүт каалооңду аткарам.

9Менин кулдарым жыгачтарды Лебанондон деңизге жеткиришет, сен айткан жерге деңиз аркылуу сал менен жеткирип, жыйып коюшат, аларды ошол жерден аласың. Бирок сен да менин каалоомду аткарып, үй-бүлөмө дан жеткиртип бер».

10Хирам Сулаймандын каалоосун толук аткарып, кипарис жана кедр жыгачтарын берип турду.

11Сулайман болсо Хирамга, анын үйү үчүн жыйырма миң кор буудай, жыйырма миң кор жанчылган зайтун майын берип турду. Жыл сайын Сулайман Хирамга ушунчадан берип турду.

12Теңир Сулайманга убада кылган акылмандыкты берди. Сулайман менен Хирам өз ара келишим түзүп, тынчтыкта болушту.

13Анан Сулайман падыша бүт Ысрайылга милдеттенме берди. Милдеттенмени аткаруучулардын саны отуз миң адам болду.

14Аларды Лебанонго ай сайын он миңден кезек менен жөнөтүп турду. Алар бир ай Лебанондо, эки ай үйлөрүндө болуп турушту. Аларга Адонурам башчылык кылды.

15Сулаймандын тоодо оор жүк көтөргөн жетимиш миң адамы, таш сомдогон сексен миң адамы болгон.

16Элдин ишин көзөмөлдөө үчүн, Сулайман үч миң үч жүз башчы койгон.

17Падыша үйдүн пайдубалы үчүн чоң, кымбат, жылмаланган таштарды ташып келүүнү буйрук кылды.

18Аларды Сулаймандын, Хирамдын жумушчулары жана гебалдыктар сомдошкон. Алар үй курууга жыгачтар менен таштарды даярдашкан.

le>