1 Падышалар 6:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл уулдарынын Мисир жеринен чыкканына төрт жүз сексен жыл болгондо, Сулаймандын Ысрайылга падыша болгонуна төрт жыл болгондо, Зуп айында, экинчи айда ал Теңирге арнап ийбадаткана кура баштады.

2Теңирге арнап Сулайман курган ийбадаткананын узундугу алтымыш, туурасы жыйырма, бийиктиги отуз чыканак эле.

3Ийбадаткананын алдындагы кире бериш бөлмөнүн узундугу жыйырма чыканак (имараттын туурасына барабар), туурасы он чыканак эле.

4Сулайман үйгө тосмо торлуу, ачылбаган терезелерди жасады.

5Ийбадаткананын дубалын тегерете, ийбадаткананы тегерете, ички бөлмөнү тегерете курулуш улады. Тегерете каптал бөлмөлөрдү курду.

6Үйгө улай салынган курулуштун төмөнкү кабатынын туурасы беш чыканак, ортоңкусунун туурасы алты чыканак, үчүнчүсүнүн туурасы жети чыканак болду, улай салынган курулуш ийбадаткананын дубалына тийип турбаш үчүн, ийбадаткананын сыртына тегерете чыгып турган кошумча дубал тургузулду.

7Ийбадаткана курулуп жатканда, ага жылмаланган таштар пайдаланылды. Ийбадаткананы куруу убагында балтанын да, балканын да, башка темир куралдардын да үнү угулган жок.

8Yйгө улай салынган курулуштун ортоңку кабатына кирүүчү эшик оң жагында эле. Тегерек тепкич аркылуу ортоңкуга, ал эми ортоңкудан үчүнчү кабатка чыгышкан.

9Сулайман ийбадаткананы куруп бүтүп, сыртын кедр тактайы менен каптады.

10Ийбадаткананын бардык капталына бийиктиги беш чыканак бөлмөлөрдү курду. Ийбадатканага алар кедр устундары менен бириктирилди.

11Сулайманга Теңирден сөз болду, ага мындай айтылды:

12«Сен ийбадаткананы куруп жатасың, эгерде сен Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарым боюнча жүрүп, осуяттарымдын баарын сактап, аткара турган болсоң, анда Мен атаң Дөөткө айткан сөзүмдү орундатам.

13Ысрайыл уулдарынын арасында жашап, Өз элим Ысрайылды таштабайм».

14Сулайман ийбадаткананы куруп бүттү.

15Ал ийбадаткананын ичин кедр тактайы менен каптады. Ийбадаткананын полунан шыбына чейин тактай менен каптап, полуна кипарис тактайын төшөдү.

16Ийбадаткананын арт жагынан, четинен жыйырма чыканак ары карай дубал тургузду. Шыбы менен дубалын кедр тактайы менен каптап, ички бөлмөнү курду.

17Ийбадаткананын алдыңкы бөлүгү кырк чыканак эле.

18Ийбадаткананын ичиндеги кедр тактайынын бетине бадыраңдын жана ачылган гүлдөрдүн сүрөтү оюлуп түшүрүлдү. Баары кедр менен капталып, ташы көрүнбөй калды.

19Ийбадаткананын ичине жасалган ички бөлмөнү ал Теңирдин келишим сандыгын коюу үчүн даярдады.

20Ички бөлмөнүн узундугу жыйырма чыканак, туурасы жыйырма чыканак, бийиктиги да жыйырма чыканак болду. Аны таза алтын менен каптады. Кедрден жасалган курмандык чалынуучу жайды да алтын менен каптады.

21Сулайман ийбадаткананын ичин таза алтын менен каптады, ички бөлмөнүн алдына алтын чынжыр тартып, аны да алтын менен каптады.

22Ийбадаткананы бүт бойдон алтын менен каптады, ички бөлмөнүн алдындагы курмандык чалынуучу жайды да бүт бойдон алтын менен каптады.

23Ички бөлмөгө зайтун жыгачынан бийиктиги он чыканак болгон эки керуп жасады.

24Керуптун бир канаты беш чыканак, экинчи канаты беш чыканак эле. Бир канатынын четинен экинчи канатынын четине чейин он чыканак болчу.

25Экинчи керуп да он чыканак болчу. Эки керуптун өлчөмү менен сырткы көрүнүшү бирдей эле.

26Эки керуптун тең бийиктиги он чыканак эле.

27Ал керуптарды ийбадатканадагы ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн ортосуна койду. Керуптардын канаты жазылып, бирөөнүн канаты дубалдын бир жагына, экинчи керуптун канаты дубалдын экинчи жагына тийип турчу. Алардын экинчи канаттары да ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн ортосунда бири-бирине тийишип турчу.

28Ал керуптарды да алтын менен каптады.

29Ийбадаткананын бардык дубалынын бетине керуптардын, пальмалардын, ачылган гүлдөрдүн сүрөттөрүн ичинен да, тышынан да оюп түшүрдү.

30Ийбадаткананын ички жана алдыңкы бөлмөлөрүнүн полун алтын менен каптады.

31Ички бөлмөнүн кире беришиндеги эшикти жана беш бурчтуу кашегин зайтун жыгачынан жасады.

32Зайтун жыгачынан жасалган, эки жакка ачылма эшиктердин бетине керуптардын, пальмалардын жана ачылган гүлдөрдүн сүрөтүн оюп түшүрүп, алтын менен каптады. Керуптарды да, пальмаларды да алтын менен каптады.

33Ийбадаткананын эшигинин төрт бурчтуу кашегин да зайтун жыгачынан жасады.

34Кипарис жыгачынан эки эшик жасады. Бир эшигинин эки каалгасын да, экинчи эшиктин эки каалгасын да жылып турма кылды.

35Алардын бетине да керуптарды, пальмаларды жана ачылган гүлдөрдү оюп түшүрүп, алтын менен каптады.

36Жылмаланган таштардан үч катар, кедр устундарынан бир катар коюп, ички короону курду.

37Ал төртүнчү жылдын Зуп айында Теңирдин ийбадатканасынын пайдубалын койгон.

38Ал эми он биринчи жылдын Бул айында – сегизинчи айда ийбадаткананы жана ага тиешелүү бардык нерселерди долбоор боюнча бүтүрдү. Аны жети жыл курду.

le>