1 Падышалар 7:1-51 KYB2004 - Bible AI

1Ал эми өз үйүн Сулайман он үч жылда куруп бүтүрдү.

2Ал Лебанондун жыгачынан үй тургузду, анын узундугу жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, бийиктиги отуз чыканак эле. Кедрден төрт катар мамы орнотту. Мамылардын үстүнө кедр устундары коюлду.

3Бир катарда он бештен турган кырк беш мамынын үстүнө кедр секи жабылды.

4Бири-бирине тушташ үч катар терезе коюлду.

5Бардык эшиктер жана алардын кашектери төрт бурчтуу болду, үч катар терезелер бири-бирине тушташ болду.

6Узундугун элүү чыканак, туурасын отуз чыканак кылып, мамылардан кире бериш бөлмө курду. Анын алдына мамыларды тургузду, тепкичтүү аянтча жана босого курду.

7Бийлик жүргүзүүчү тагы бар дагы бир кире бериш бөлмө курду. Сот жүргүзүү үчүн кире бериш бөлмө куруп, анын полуна кедр төшөдү.

8Өзү жашаган үйдүн кире бериш бөлмөсүнүн артындагы короону да ушундай жасады. Сулайман аялдыкка алган фараондун кызынын үйүнө да ушундай кире бериш бөлмө курду.

9Мунун баары, пайдубалынан баштап үй чатырынын астындагы чыгып турган кырбусуна чейин, сырт жагынан чоң короого чейин ичи-тышы арааланган, өлчөмү менен жылмаланган кымбат таштардан жасалды.

10Yйдүн пайдубалына он чыканак жана сегиз чыканак болгон чоң, кымбат таштар коюлду.

11Анын үстүнө да өлчөмү менен жылмаланган таштар, кедр жыгачы коюлду.

12Чоң короо үч катар коюлган жылмаланган таштар менен, бир катар коюлган кедр устундары менен тегерете тосулган. Теңирдин ийбадатканасынын ички короосу да, кире бериш бөлмөсү да ушундай эле.

13Сулайман падыша Тирге киши жиберип, Хурамды чакыртты.

14Ал Напталы уруусундагы жесир аялдын уулу эле. Анын атасы тирлик зергер болгон. Ал жезден ар кандай нерселерди жасаган жөндөмдүү, чебер уста эле. Ал Сулайман падышага келип, анын ар кандай жумуштарын кылды.

15Ал бийиктиги он сегиз чыканак болгон эки жез мамы жасады, эки мамыны тең он эки чыканак чынжыр менен курчады.

16Мамынын башына коюуга жезден эки таажы куйду. Бир таажынын бийиктиги беш чыканак, экинчи таажыныкы да беш чыканак эле.

17Мамылардын үстүндөгү таажылар үчүн согулган торлорду жана чынжыр түрүндөгү боолорду жасады. Ар бир таажыга жетиден чынжыр.

18Мамылардын үстүндөгү таажыларды жаап туруш үчүн, ал торду айланта эки катар анар жемишин жасады. Экинчи таажыга да дал ошондой жасады.

19Ал эми кире бериш бөлмөдөгү мамылардын үстүндөгү таажылардын бийиктиги төрт чыканак болуп, лилия гүлүнө окшош жасалды.

20Эки мамынын үстүнө, тордун жанындагы чыгып турган капталынын үстүнө таажылар жасалды. Башка таажыга да тегерете катар-катар эки жүз анар жемишин жасады.

21Мамыларды ийбадаткананын кире бериш бөлмөсүнүн алдына койду. Оң жагына койгон мамыга Жахин деген ат берди, сол жагына койгон мамыга Бууз деген ат берди.

22Мамылардын үстүнө лилия гүлүнө окшош жасалган таажыларды койду. Мамылар ушундайча жасалып бүттү.

23Бир четинен экинчи четине чейин он чыканак болгон, жезден куюлган тептегерек чоң чара жасады, анын бийиктиги беш чыканак, аны отуз чыканак чынжыр менен тегерете курчады.

24Чаранын кырбусунун астына жез бадыраңдар тегерете эки катар болуп кошо куюлду, бир чыканакка он бадыраң туура келди. Бадыраңдар чара менен бирге куюлду.

25Ал чара он эки өгүздүн үстүндө турган. Өгүздөрдүн үчөө түндүктү, үчөө батышты, үчөө түштүктү, үчөө чыгышты карап турган. Алардын үстүнө чара коюлган, өгүздөрдүн арты чаранын астына кирип турган.

26Анын калыңдыгы алакандай эле, жээги болсо табактын жээгиндей, ачылган лилия гүлүнө окшош жасалган. Анын сыйымдуулугу эки миң бат эле.

27Анан ал он дөңгөлөктүү койгуч жасады, аларды жезден жасады. Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун узундугу төрт чыканак, туурасы төрт чыканак, бийиктиги үч чыканак эле.

28Дөңгөлөктүү койгучтардын түзүлүшү мындай: алардын капталдары болгон, капталдары бурчтарындагы тирөөчтөрдүн ортосунда болгон.

29Бурчтарындагы тирөөчтөрдүн ортосундагы капталдарына арстандардын, өгүздөрдүн, керуптардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Бурчтарындагы тирөөчтөрдө да ошондой, ал эми өгүздөр менен арстандардын өйдө жагына да, ылдый жагына да бажырайган гүлдөр оюлуп түшүрүлгөн.

30Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун жезден жасалган төрт дөңгөлөгү жана октору болгон. Анын төрт бурчуна, идиштин астына уркуюп чыгып турган тирөөч куюлуп жасалган, бардык тарабына гүлдөр оюлуп түшүрүлгөн.

31Дөңгөлөктүү койгучтун ичинин тереңдиги бир чыканак. Анын ичи тегерек болгон, диаметри бир жарым чыканак, ага өрүлгөн оймолор түшүрүлгөн. Бирок анын капталдары тегерек эмес, төрт бурчтуу.

32Капталдарынын астына төрт дөңгөлөк октору менен бекитилген, ар бир дөңгөлөктүн диаметри бир жарым чыканак.

33Дөңгөлөктөрдүн түзүлүшү майдан арабанын дөңгөлөктөрүнүн түзүлүшүнө окшош. Дөңгөлөктөрдүн октору, алкактары, чабактары жана күпчөктөрү куюлуп жасалган.

34Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун төрт бурчу уркуюп чыгып турган. Анын бурчтары уркуюп чыгып турган.

35Дөңгөлөктүү койгучтун үстү тегерек болуп жасалган, анын бийиктиги жарым чыканак. Дөңгөлөктүү койгучтун жогору жагына – капталдарына туткалары кошо куюлуп жасалган.

36Анын туткаларынын бетине, капталдарына керуптардын, арстандардын, пальмалардын жана гүлдөрдүн сүрөтүн тегерете жыш түшүрдү.

37Ал он дөңгөлөктүү койгучту мына ушундай жасады. Куюлуп жасалган алардын баарынын өлчөмү, сырткы көрүнүшү бирдей.

38Анан жезден он жуунгуч жасады. Жуунгучтардын ар биринин сыйымдуулугу кырк бат. Ар бир жуунгучтун бийиктиги төрт чыканак. Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун үстүнө жуунгуч коюлган.

39Ийбадаткананын оң жагына беш, сол жагына беш дөңгөлөктүү койгуч койду. Ал эми чоң чараны ийбадаткананын оң жагына, түштүк-чыгыш тарабына койду.

40Ошентип, Хурам жуунгучтарды, калактарды, чараларды жасады. Хурам Теңирдин ийбадатканасы үчүн Сулайман падыша тапшырган бардык жумушту бүтүрдү.

41Эки мамыны жана алардын башын курчаган эки таажыны, мамылардын башын курчаган эки таажыны жаап турган эки торду,

42эки тордун үстүнө төрт жүз анарды жасады, анарлар торлордо эки катар болуп жайгаштырылган. Ал анарлар мамылардын башын курчаган эки таажыны жаап туруу үчүн жасалган.

43Анан ал он дөңгөлөктүү койгуч жасады, ал дөңгөлөктүү койгучтардын үстүнө он жуунгуч жасады.

44Бир чоң чара жана анын астындагы он эки өгүздү,

45казандарды, калактарды, чараларды жасады. Теңирдин ийбадатканасы үчүн Сулайман падышага Хурам жасап берген бардык нерселер жылмаланып жылтыратылган жезден эле.

46Падыша аларды Иордандын жанында, Саретан менен Сукоттун ортосундагы чопо топурактуу жерде куйган.

47Анан Сулайман ушул нерселердин бардыгын өз ордуна койду. Алардын өтө көптүгүнөн жездин салмагы аныкталган жок.

48Сулайман Теңирдин ийбадатканасындагы бардык буюмдарды жасады. Алтындан курмандык чалынуучу жай, нан курмандыктары коюлуучу үстөл,

49таза алтындан ийбадаткананын арткы бөлмөсүнүн алдына, сол жагына жана оң жагына беш-бештен чырактан, алтындан чырактарды, гүлдөрдү, кычкачтарды,

50таза алтындан табактарды, бычактарды, чараларды, салгычтарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, алтындан ийбадаткананын ички бөлмөсүнүн – ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн эшиктеринин илгичтерин, ийбадаткананын эшиктеринин илгичтерин жасады.

51Сулайман падыша Теңирдин ийбадатканасы үчүн бардык жумуштарды мына ушундай бүтүрдү. Сулайман атасы Дөөттүн Теңирге арнаган алтын-күмүштөрүн, буюмдарын алып келип, Теңирдин ийбадатканасынын казыналарына тапшырды.

le>