1 Падышалар 8:1-66 KYB2004 - Bible AI

1Ошондо Сулайман падыша Ысрайылдын аксакалдарын, уруу башчыларын, үй-бүлө башчыларын Иерусалимге чакырды, анткени Дөөттүн шаарынан, атап айтканда, Сиондон Теңирдин келишим сандыгын алып келүү керек эле.

2Жетинчи деп эсептелген Эйтаним айында бардык ысрайылдыктар майрамга, Сулайман падышанын алдына чогулушту.

3Ысрайылдын бүт аксакалдары келишти. Ыйык кызмат кылуучулар келишим сандыгын көтөрүштү.

4Алар Теңирдин келишим сандыгын, жыйын чатырын, анын ичиндеги бардык ыйык буюмдарды көтөрүп жөнөштү. Аларды ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер көтөрүп жүрүштү.

5Ал эми Сулайман падыша жана анын алдына чогулган бүт Ысрайыл жамааты келишим сандыгынын алдында бара жатышты. Бодо, майда малдан курмандыкка чалып бара жатышты, көптүгүнөн аларды саноого мүмкүн эмес эле.

6Ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин келишим сандыгын ийбадаткананын ички бөлмөсүнө, ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнө алып кирип, керуптардын канаттарынын астындагы орунга коюшту.

7Анткени сандык коюлуучу жерде керуптар канаттарын жайып турушкан. Сандыкты жана анын шыргыйларын керуптар жаап турган.

8Шыргыйлардын учтары ички бөлмөнүн алдындагы ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнөн көрүнүп турчу, бирок сыртына чыгып турчу эмес. Алар ушул күнгө чейин ошол жерде.

9Сандыкта эки таш лооктон башка эч нерсе жок эле. Ысрайыл уулдары Мисирден чыккандан кийин, Теңир алар менен келишим түзгөндө, Муса ал таш лоокторду Хорепте сандыкка салган болчу.

10Ыйык кызмат кылуучулар ыйык жайдан чыкканда, булут каптап, Теңирдин үйүн толтурду.

11Булут каптап тургандыктан, ыйык кызмат кылуучулар кызмат кыла алышкан жок, анткени Теңирдин даңкы Теңирдин ийбадатканасын толтуруп турган эле.

12Ошондо Сулайман: «Теңир Өзүнүн караңгылыкта жашоону кааларын айткан.

13Сен түбөлүк жашашың үчүн, Сага ийбадаткана тургуздум», – деди.

14Анан падыша бурулуп, чогулган ысрайылдыктарга батасын берди. Ысрайылдыктардын бүткүл жамааты туруп турду.

15Падыша аларга мындай деди: «Атам Дөөткө Өз оозу менен айткан, ушул күндө Өз колу менен аткарган Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк! Ал мындай деп айткан:

16“Өз элим Ысрайылды Мисирден алып чыккан күндөн бери Ысрайыл урууларынын бир да шаарын Өзүмдүн ысымым болуп тура турган үй курууга тандап алган жокмун. Бирок Ысрайыл элимди башкарсын деп, Дөөттү тандап алдым”.

17Атам Дөөттүн жүрөгүндө Ысрайылдын Кудай-Теңиринин ысымына арнап ийбадаткана тургузам деген каалоо бар эле.

18Бирок Теңир атам Дөөткө: “Сенин жүрөгүңдө Менин ысымыма арнап ийбадаткана курам деген каалоо бар. Жүрөгүңдө ушул каалоонун болгону жакшы.

19Бирок ийбадаткананы сен курбайсың. Менин ысымыма арнап ийбадаткананы өз дениңден чыккан уулуң курат”, – деген.

20Теңир Өзү айткан сөздү аткарды. Теңир Өзү айткандай, мен атам Дөөттүн ордун басып, Ысрайылдын тагына отуруп, Ысрайылдын Кудай-Теңиринин ысымына арнап ийбадаткана тургуздум.

21Ата-бабаларыбызды Мисир жеринен алып чыкканда, Теңирдин алар менен түзгөн келишими салынган сандык үчүн ошол жерге орун даярдадым».

22Сулайман Теңирдин курмандык чалынуучу жайынын жанында, бүткүл Ысрайыл элинин алдында туруп, колдорун асманга көтөрүп, мындай деди:

23«Ысрайылдын Кудай-Теңири! Жогоруда асманда жана төмөндө жерде Сендей Кудай жок. Сага чын жүрөгү менен берилген кулдарыңа Сен Өзүңдүн келишимиңди сактап, ырайымыңды көрсөтөсүң.

24Сен Өз кулуң Дөөткө, атама, айткан Өз сөзүңдү аткардың. Өз оозуң менен айтканды Өз колуң менен ушул күнү аткардың.

25Ысрайылдын Кудай-Теңири, “Сен Менин алдымда жүргөндөй, сенин уулдарың да Менин алдымда жүрүшсө, өз жолдоруна көңүл бурушса, Менин алдымда сенин тукумуң Ысрайылдын тагынан түшпөйт”, – деп, Өз кулуң Дөөткө, атама, айткан Өз сөзүңдү эми аткар.

26Ысрайылдын Кудайы, кулуң Дөөткө, менин атама, айткан сөзүң ушул күнү орундалса экен!

27Бирок Кудай жерде жашамак беле? Сени мен курган бул ийбадаткана түгүл, асман да, асмандын асманы да батыра албайт.

28Бирок Өз кулуңдун сыйынуусуна, өтүнүчүнө кулак сала көр, Кудай-Теңирим! Кулуңдун Сага жалбарган үнүн жана сыйынуусун ук.

29“Менин ысымым ошол жерде болот”, – деп Өзүң айткан ушул жерден, ушул ийбадатканадан күнү-түнү көзүңдү алба. Ушул жерде сыйынган Өз кулуңдун сыйынуусун ук.

30Ушул жерде Өз кулуң жана Өз элиң Ысрайыл сыйынганда, алардын жалынуусун ук. Өзүң жашаган жайдан – асмандан угуп, ырайым кыл.

31Жакынына каршы күнөө кылган адамдын каргануусун талап кылышканда, ал карганыш үчүн Сенин курмандык чалынуучу жайыңдын алдына, ушул ийбадатканага келгенде,

32Сен асмандан ук, Өз кулдарыңдын үстүнөн сот жүргүз, күнөөлүүнү айыпта, анын кылган ишин өз мойнуна жүктө, айыпсызды акта, ага актыгына жараша тиешесин бер.

33Өз элиң Ысрайыл Сенин алдыңда күнөө кылгандыгы үчүн душманга жеңилип калганда, Өзүңө кайрылып, Сенин ысымыңды даңктаганда, ушул ийбадатканада Өзүңдөн жалынып сураганда,

34аны асмандан угуп, Өз элиң Ысрайылдын күнөөсүн кечир, алардын ата-бабаларына берген жерге кайра алып кел.

35Сенин алдыңда күнөө кылышкандыгы үчүн асман жабылып, жамгыр жаабай калганда, алар ушул жерде сыйынып, Сенин ысымыңды даңктап, күнөөсүнөн баш тартышканда,

36Сен асмандан ук, Өзүңдүн кулдарыңдын, Өзүңдүн Ысрайыл элиңдин күнөөлөрүн кечир, аларга жүрө турган туура жолду көрсөт, Өз элиңе мураска берген Өз жериңе жамгыр жаадыр.

37Жерде ачарчылык, же жугуштуу оору, же куйкалоочу шамал болгондо, же эгинди коңур дат басканда, же жерди чегиртке, курт каптаганда, же душман аларды өздөрүнүн жеринде кысымга алганда, же оору, же алаамат каптаганда,

38Өз элиң Ысрайылдын ичинен кайсы бир адам сыйынып жалынганда, алар алааматты жүрөгү менен сезип, ушул ийбадатканага колун сунушканда,

39Сен асмандан – Өзүң жашаган жайдан угуп, ырайым кыл. Алардын жүрөгүн карап көрүп, ар кимге өз жолуна жараша тиешесин бер, анткени адам баласынын жүрөгүн бир гана Сен билесиң.

40Сен Өзүң ата-бабаларыбызга берген жерде жашап жатканда, алар бардык убакта Сенден коркушу үчүн ушундай кыл.

41Сенин улуу ысымың, сунулган колуң жана күчтүү билегиң жөнүндө уккан Сенин элиң Ысрайылдын ичинен эмес, бөтөн элден, алыскы жерден Сенин ысымың үчүн кимдир бирөө келип, ушул ийбадаткананын жанында сыйынса, Сен асмандан – Өзүң жашаган жайдан ук, Сени чакырган ошол бөтөн элдик адамдын сураганын бер. Сенин ысымыңды жер бетиндеги бардык элдер билиши үчүн, Өз элиң Ысрайыл сыяктуу Сенден коркушу үчүн, мен курган ушул ийбадаткана Сенин ысымың менен аталарын билиши үчүн ушундай кыл.

44Сенин элиң Сен жиберген жол менен өз душманына каршы согушка чыкканда, Сен тандап алган шаарды, Сенин ысымыңа арнап мен курган ийбадаткананы карап, Сага сыйынганда,

45Сен асмандан алардын сыйынуусун, өтүнүчүн ук, аларга керектүүсүн бер.

46Алар Сенин алдыңда күнөө кылышканда (анткени күнөө кылбаган адам жок), Сен каарданып, аларды душман колуна салып бергенде, душмандар аларды туткундап, алыскы же жакынкы душман жерине алып кетишкенде,

47алар туткунда жүргөн жерде күнөөлөрү үчүн өкүнүп, аларды туткундап кеткендердин жеринде Сага: “Биз күнөө кетирдик, мыйзамсыз иштерди кылдык, биз айыптуубуз”, – деп сыйынышканда,

48аларды туткундап кеткен душмандардын жеринде алар Сага чын жүрөгү менен, жан-дили менен кайрылышканда, Сен алардын ата-бабаларына берген жерди, Сен тандап алган шаарды, Сенин ысымыңа арнап мен курган ийбадаткананы карап сыйынышканда,

49Сен асмандан – Өзүң жашаган жайдан алардын сыйынуусун, өтүнүчүн ук, аларга керектүүсүн бер.

50Өз элиңдин Сенин алдыңда кылган күнөөсүн, Сенин алдыңда кылган мыйзамсыздыгын кечир. Аларга ырайымдуу мамиле кылышы үчүн, аларды туткунга алгандардын жүрөгүндө аёо сезимин ойгот.

51Анткени алар Сен Мисирден, темир мештен алып чыккан Өз элиң жана Өз энчиң.

52Өз кулуң жана Өз элиң Ысрайыл Сени чакырганда, алардын сыйынуусун дайыма ук, көздөрүң ачык болуп турсун.

53Анткени, Эгедер Теңир, Сен ата-бабаларыбызды Мисирден алып чыккандан кийин, Өзүңдүн кулуң Муса аркылуу айткандай, аларды бардык элдердин арасынан бөлүп алып, Өзүңө энчилеп алгансың!»

54Сулайман Теңирге ушинтип сыйынып, өтүнүчүнүн баарын айтып бүткөндөн кийин, Теңирдин курмандык чалынуучу жайынын жанында тизелеп турган жеринен турду, анын колдору болсо жогору көтөрүлүп турган.

55Туруп, Ысрайылдын бүткүл жамаатына катуу үн менен мындай деп батасын берди:

56«Өзү айтканындай, Өз эли Ысрайылга тынчтык берген Теңир даңкталсын! Анын Өз кулу Муса аркылуу айткан жакшы сөздөрүнүн бири да аткарылбай калган жок.

57Кудай-Теңир биздин ата-бабаларыбыз менен болгондой эле, биз менен да болсун, бизди таштабасын, бизди калтырбасын.

58Биз Анын жолдору менен жүрүшүбүз үчүн, Анын ата-бабаларыбызга берген осуяттарын, буйруктарын, мыйзамдарын аткарышыбыз үчүн, жүрөгүбүздү Өзүнө бурсун.

59Теңирдин алдында сыйынганда айткан бул сөздөрүм күнү-түнү Кудай-Теңирибиздин жүрөгүндө болсун, Өз кулуна жана Өзүнүн эли Ысрайылга эмне керек болсо, ошону күн сайын берсин.

60Теңир Кудай экенин, Андан башка Кудай жок экенин бардык элдер билишсин.

61Буйруктарын аткарып жашашыңар үчүн жана осуяттарын сакташыңар үчүн, жүрөгүңөр азыркыдай эле Кудай-Теңирибизге толук берилсин».

62Анан падыша жана бардык ысрайылдыктар Теңирге арнап курмандык чалышты.

63Сулаймандын Теңирге арнап чалган тынчтык курмандыктары булар: жыйырма эки миң бодо, жүз жыйырма миң майда мал. Падыша жана бардык Ысрайыл уулдары Теңирдин ийбадатканасын ушинтип ыйыкташты.

64Ошол эле күнү падыша Теңирдин ийбадатканасынын алдындагы короонун ортоңку бөлүгүн ыйыктап, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыгын, тынчтык курмандыктарынын майларын өрттөдү. Теңир алдындагы жезден жасалган курмандык чалынуучу жай бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыгын, тынчтык курмандыктарын өрттөөгө кичинелик кылды.

65Сулайман бүт Ысрайыл эли менен жети күн, дагы жети күн, бардыгы он төрт күн майрам өткөрдү. Биздин Кудай-Теңирибиздин алдына Хаматтын кире беришинен Мисир дарыясына чейин жашаган жамаат чогулду.

66Сулайман сегизинчи күнү элди таратты. Алар падышага бата берип, Теңирдин Өз кулу Дөөткө жана Өз эли Ысрайылга көрсөткөн ырайымына чын жүрөктөрүнөн кубанып, шаттанып, чатырларына кайтышты.

le>