1 Петир 1:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса Машайактын элчиси Петирден Понтко, Галатияга, Кападокияга, Асияга жана Битинияга тараган, ошол жерлерде келгин болуп жашап жаткан,

2Кудай Атанын алдын ала билүүсү боюнча, Рухтун ыйыктоосу менен, тил алуу үчүн жана Ыйса Машайактын каны аркылуу тазалануу үчүн тандалгандарга салам! Кудай силерге мындан ары да ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

3Теңирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы даңкталсын! Анткени Ал Ыйса Машайакты өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү аркылуу бизге тирүү үмүт берүү үчүн,

4асманда сакталган чирибес, таза, соолгус мураска ээ кылуу үчүн, бизди Өзүнүн улуу ырайымы менен кайрадан төрөлттү.

5Акыркы убакта айкын көрүнүүгө даяр турган куткарылууга ээ болууңар үчүн, силер ишенимиңер аркылуу Кудайдын күчү менен корголуп турасыңар.

6Мына ошондуктан азыр ар кандай сыноолордон бир аз кыйналышыңар керек болсо да, ошол үмүт менен кубангыла.

7Анткени сыналган ишенимиңер от менен тазаланса да, жок болуп кетчү алтындан баалуу. Ыйса Машайак келгенде, сыналган ошол ишенимиңер силерди мактоого, урмат-сыйга, атак-даңкка ээ кылат.

8Силер Аны көрбөсөңөр да, сүйөсүңөр. Азыр да Ага көрбөй туруп ишенип, сөз менен жеткире алгыс, улуу кубаныч менен кубанып жатасыңар.

9Анткени ишенимиңердин максатына – жаныңардын куткарылышына жетесиңер.

10Силерге ырайым көрсөтүлө тургандыгы жөнүндө пайгамбарчылык кылган пайгамбарлар ушул куткарылууну ынталуулук менен изилдешкен.

11Машайактын тарта турган азаптарын жана алардан кийин даңк коштоору жөнүндө өздөрүндөгү Машайактын Руху алдын ала күбөлөндүрткөндө, кайсы жана кандай убакытты көрсөткөндүгүн алар изилдешкен.

12Асмандан жиберилген Ыйык Рухтун күчү менен Жакшы Кабар таратуучулар аркылуу азыр силерге жар салынып жаткан Жакшы Кабар алардын өздөрүнө эмес, бизге тиешелүү экендиги аларга белгилүү болгон. Муну периштелер да өз көздөрү менен көргүлөрү келген.

13Ошондуктан, бир туугандар, акыл-оюңар иш-аракетке даяр болсун, сергек болгула. Ыйса Машайак келгенде, силерге көрсөтүлө турган ырайымга толук үмүттөнгүлө.

14Билбестиктен баткан мурунку кумарларыңарга кайрадан ык албагыла, тескерисинче, тил алуу үчүн тандалган балдар катары

15бардык жүрүш-турушуңар ыйык болсун, анткени силерди чакырып алган Кудай ыйык.

16Себеби Ыйык Жазууда: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын», – деп жазылган.

17Ар бир адамды ишине жараша бет карамалык кылбастан соттоочу Кудайды Ата деп жатсаңар, анда келгин катары жашап жаткан убактыңарды коркунуч менен өткөргүлө.

18Анткени муундан муунга өтүп келе жаткан түйшүктүү жашоодон силер жок болуп кетчү күмүш же алтын менен эмес,

19кемчиликсиз, таза Козунун – Машайактын кымбат баалуу каны аркылуу куткарылгандыгыңарды билесиңер.

20Ал дүйнө жаратыла электен мурун эле дайындалган, бирок силер үчүн убакыттын акырында келди.

21Силер Ал аркылуу Кудайга ишенип жатасыңар. Кудайга ишенип, Андан үмүттөнүшүңөр үчүн, Кудай Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтип даңктады.

22Бир туугандык таза сүйүүгө ээ болуу үчүн, рух аркылуу чындыкка тил алуу менен жаныңарды тазалап, бири-бириңерди дайыма чын жүрөктөн сүйгүлө.

23Себеби силер чирий турган уруктан эмес, чирибей турган, Кудайдын түбөлүк кала турган тирүү Сөзү аркылуу кайрадан төрөлдүңөр.

24Анткени ар бир адам чөп сыяктуу, анын даңкы да талаа гүлүндөй. Чөп куурайт, гүл соолуйт.

25Ал эми Теңирдин сөзү түбөлүк калат. Бул сөз болсо – силерге жарыяланган сөз.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>