1 Петир 2:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Ошондуктан ачууланууну, алдамчылыкты, эки жүздүүлүктү, көрө албастыкты жана ушакчылыкты таштап,

2жаңы төрөлгөн балдар катары рухий таза сүттү сүйгүлө. Ал аркылуу өсүп, куткарылууга жеткиле.

3Анткени силер Теңирдин жакшы экенин татып калдыңар.

4Адамдар жаратпай койгон, бирок Кудай тандап алган кымбат баалуу тирүү ташка – Машайакка жакындагыла.

5Өзүңөр да тирүү таштар катары өзүңөрдөн рухий үй тургузгула. Ыйса Машайак аркылуу Кудайга жагымдуу рухий курмандыктарды алып келүү үчүн, ыйык кызмат кылуучу болгула.

6Анткени Ыйык Жазууда: «Мына, Мен Сионго тандалган, кымбат баалуу, негизги таш коём. Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп жазылган.

7Демек, ишенгендер, силер үчүн Ал – кенч. Ал эми ишенбегендер үчүн Ал – куруучулар жаратпай койгон, бирок бурчтун башкы ташы болуп коюлган, ошондой эле мүдүрүлтүүчү, азгыруучу таш.

8Алар Кудай Сөзүнө баш ийишпегендиктен, ошол ташка мүдүрүлүшөт, анткени аларга ошол нерсе белгиленген.

9Ал эми силер тандалган уруусуңар, Падышанын ыйык кызмат кылуучуларысыңар, ыйык элсиңер, Кудай энчилеп алган элсиңер. Силерди караңгылыктан Өзүнүн ажайып жарыгына чакырып алган Кудайдын улуу иштерин жар салыш үчүн тандалгансыңар.

10Бир кезде эл эмес элеңер, азыр Кудайдын элисиңер. Бир кезде силерге ырайым кылынган эмес, азыр силерге ырайым кылынды.

11Сүйүктүү бир туугандар, силер бул дүйнөдө жолоочу жана келгинсиңер, ошондуктан силерден өтүнөрүм, жаныңарга каршы күрөшкөн дене кумарларынан качкыла.

12Бутпарастардын арасында таза жашагыла. Алар силерди жаман иштерди кылуучулар деп жамандашса да, жакшы иштериңерди көрүп, Кудай өздөрүнө келген күнү Аны даңкташсын.

13Ошентип, жогорку бийликте турган падышага болобу, күнөөкөрлөрдү жазалоо үчүн, жакшы иш кылгандарды сыйлоо үчүн, падыша тарабынан коюлган башкаруучуларга болобу,

14мамлекеттик бардык бийликке Теңир үчүн баш ийгиле.

15Анткени Кудайдын каалоосу мындай: силер эркин адамдар катары, бирок эркиндик менен жаман иштерди жаап-жашыруучулар катары эмес,

16Кудайдын кулдары катары жакшы иштерди жасап, акылсыз жана адепсиз адамдардын оозун жабышыңар керек.

17Бардык адамдарды урматтагыла, бир туугандарыңарды сүйгүлө, Кудайдан корккула, падышаны урматтагыла.

18Кулдар, өзүңөрдүн кожоюндарыңардын жакшы жана момундарына гана эмес, катаалдарына да урмат көрсөтүү менен баш ийгиле.

19Анткени ким адилетсиз эле жерден азап тартып жатса, бирок ошол азапты Теңир үчүн көтөрө билсе, бул Кудайга жагат.

20Эгерде силер кылмыш кылып, ошон үчүн сабаганга чыдап жатсаңар, мунун эмнеси мактарлык? Бирок силер жакшы иш кылып жатып азап чегип жатсаңар жана ошого чыдап жатсаңар, анда бул Кудайга жагат.

21Анткени силер ушуга чакырылгансыңар. Себеби Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен:

22Ал эч кандай күнөө кылган эмес, Анын оозунан бир да кошомат сөз чыккан эмес.

23Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган.

24Күнөөдөн арылып, адил жашашыбыз үчүн, Ал биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнүн денеси менен жыгачка көтөрүп чыкты. Силер Анын жарааты менен айыктыңар.

25Анткени силер адашып жүргөн койлордой болчусуңар, азыр болсо жаныңарды Кайтаруучуга жана Коргоочуга кайтып келдиңер.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>