1Ошондой эле, силер, аялдар күйөөңөргө баш ийгиле. Кимиңердин күйөөңөр Кудайдын сөзүнө баш ийбесе,
2ал силердин таза, Кудайдан корккон жашооңорду көрүп, cилердин сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүш-турушуңар аркылуу Кудайга баш ийгидей болсун.
3Жасалгаңар сырткы кооздуктар болуп эсептелген өрүлгөн чач, алтын жасалга, жакшы кийим эмес,
4Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, туруктуу, момун жана жоош рух болсун.
5Качандыр бир убакта Кудайдан үмүттөнгөн ыйык аялдар да өздөрүн күйөөлөрүнө баш ийүү менен жасалгалашкан.
6Ошолордун бири Саара Ыбрайымды кожоюнум деп, ага баш ийген. Эгерде силер жакшы иш кылып жатсаңар жана эч бир коркунучтан коркпосоңор, Сааранын кыздарысыңар.
7Ошондой эле, силер, күйөөлөр, аялзатынын алсызыраак экенин эске алып, аялыңарга туура мамиле кылгыла. Сыйынууңарга тоскоолдук болбошу үчүн, аларга урмат көрсөткүлө, анткени алар да ырайымдуу жашоонун мураскорлору.
8Ошентип, баарыңар бир ойдо болгула, кайрымдуу болгула, бир туугандарыңарды сүйгүлө, боорукер жана момун болгула.
9Жамандыкка жамандык менен, жаман сөзгө жаман сөз менен жооп кайтарбагыла. Тескерисинче, батаңарды бергиле. Анткени ушуга – Кудайдын батасын мурастоого чакырылгансыңар.
10Себеби ким жашоону сүйсө жана жакшы жашагысы келсе, ал өзүнүн тилин жаман сөздөрдү айтуудан, оозун жалган кептерди сүйлөөдөн сактасын.
11Жамандыктан четтеп, жакшы иштерди жасасын. Тынчтыкты издеп, ошого умтулсун.
12Анткени Теңир адил адамдарга назарын салат, алардын сыйынууларына кулак төшөйт, ал эми жамандык жасагандардан Теңир Өз жүзүн бурат.
13Эгерде жакшы иштерди кылууга тырышып жатсаңар, анда силерге ким жамандык кыла алат?
14Эгерде чындык үчүн азап тартып жатсаңар, анда силер бактылуусуңар. Алардын коркутканынан коркпогула, кысынбагыла.
15Машайакты жүрөгүңөрдө Теңир катары ыйык туткула. Силердин үмүтүңөр жөнүндө айтып берүүңөрдү сураган ар бир адамга момундук жана коркунуч менен жооп берүүгө дайым даяр болгула.
16Абийириңерди таза сактагыла, Машайак жолундагы таза жашооңор үчүн силерди жамандык кылуучулар катары жамандагандар уялгандай болушсун.
17Анткени Кудайдын эрки болсо, жамандык кылып азап тарткандан көрө, жакшылык кылып азап тарткан жакшы.
18Себеби Машайак да бизди Кудайга алып келүү үчүн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир ирет азап тартты. Адил Адам адилетсиз адамдар үчүн азап тартты. Анын денеси өлтүрүлдү, бирок руху тирилтилди.
19Ал ошол руху менен зындандагы рухтарга барып жар салды.
20Алар качандыр бир убакта, Нухтун убагында, кеме курулуп бүткүчөктү Кудай чыдап күтсө да, баш ийбей койгондор эле. Ошол кемеде аз эле адам, тактап айтканда, сегиз гана жан суу аркылуу аман калган.
21Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү Ыйса Машайактын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат. Сууга чөмүлдүрүү – дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берүү.
22Асманга көтөрүлүп кеткен Машайак Теңирдин оң жагында отурат. Ага периштелер да, күчтөр да, бийликтер да багындырылган.