1 Петир 4:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Машайак биз үчүн денеси менен азап тарткандыктан, силер да ошол ой менен куралдангыла. Анткени денеси менен азап тарткан адам күнөө кылганын коёт.

2Эми мындан аркы жашооңорду адамдык кумарлар менен эмес, Кудайдын эрки менен жашагыла.

3Анткени буга чейин бутпарастык жашоо менен, бузуктук кылып, кумарларга, (бачабаздыкка, мал менен жанашуучулукка, арам ойлуулукка), аракечтикке, тамаксоолукка жана жийиркеничтүү бутка табынуучулукка берилүү менен жашап келгениңер жетишет.

4Бутпарастар менен кошо бузуктук кылбай калганыңарга таң калып, алар силерди жамандап жатышат.

5Алар өлгөндөрдү жана тирүүлөрдү соттоого даяр турган Сот алдында жооп беришет.

6Адам баласы сыяктуу денеси менен соттолуп, Кудай сыяктуу руху менен жашашы үчүн, өлгөндөргө да Жакшы Кабар таратылган болчу.

7Бирок бардык нерсенин аягы жакын. Ошондуктан акылдуу болгула жана сыйынуу үчүн сергек болгула.

8Баарынан мурда бири-бириңерди ынталуулук менен сүйгүлө, анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт.

9Бири-бириңерге күңкүлдөөсүз меймандостук көрсөткүлө.

10Ар бириңер Кудайдан алган жөндөмдүүлүгүңөр менен бири-бириңерге кызмат кылгыла. Кудайдын ырайымы менен берилген көп түрдүү жөндөмдүүлүктөрдү жакшы үй башкаруучулар катары колдонгула.

11Ким сүйлөсө, Кудайдын сөзүн сүйлөгөндөй сүйлөсүн. Ким кызмат кылса, Кудай берген күчүнө жараша кызмат кылсын. Ошентип, Кудай бардык нерседе Ыйса Машайак аркылуу даңкталсын. Даңк жана бийлик түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы! Оомийин.

12Сүйүктүү бир туугандар, сыналышыңар үчүн жиберилип жаткан оттуу сыноону жат нерсе катары өгөйлөбөгүлө.

13Тескерисинче, Машайак тарткан азапка ортоктош болуп жаткандыгыңар үчүн кубангыла, анткени Анын даңкы көрүнгөндө, кубанычка жана шаттыкка бөлөнөсүңөр.

14Эгерде Машайактын ысымы үчүн кордолуп жатсаңар, анда бактылуусуңар. Анткени даңк Руху – Кудайдын Руху силерде. Алар аркылуу Ага акарат келтирилет, ал эми силер аркылуу Ал даңкталат.

15Бирок силердин араңардан эч ким киши өлтүрүп, же уурулук кылып, же жаман иштерди кылып, же бирөөнүн ишине кийлигишип азап тартпасын.

16Эгерде машайакчы болгону үчүн азап тартып жатса, анда уялбасын. Тескерисинче, ушул наамы үчүн Кудайды даңктасын.

17Анткени сот Кудайдын Жыйынынан баштала турган убакыт келди. Эгерде сот биринчи бизден башталса, анда Кудайдын Жакшы Кабарына баш ийбегендердин акыры эмне болот?

18Эгерде адил адам араң куткарылып жатса, анда кудайсыз, күнөөкөр адам кайсы жерде болот?

19Ошондуктан Кудайдын эрки боюнча азап тартып жаткандар жакшы иш кылуу менен, өздөрүнүн жанын ишенимдүү Жаратуучуга тапшырышсын.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>