1Жыйын башчыларынын бири, Машайактын азап тартканына күбө болгон, айкын көрүнө турган даңкка ортоктош боло турган мен силердин Жыйын башчыларыңардан өтүнөмүн:
2Кудайдын силерге тапшырган үйүрүн кайтаргыла. Аны аргасыздан эмес, чын көңүлдөн, Кудайга жаккандай, өзүңөрдүн керт башыңардын кызыкчылыгы үчүн эмес, ынталуулук менен,
3энчиңердин үстүнөн үстөмдүк кылуу менен эмес, үйүргө үлгү болуу менен кайтаргыла.
4Жыйын башчыларынын Башчысы келгенде, силер даңктын соолубас таажысын аласыңар.
5Ошондой эле, жаштар, Жыйын башчыларына баш ийгиле. Бардыгыңар бири-бириңерге баш ийип, момун болгула. Анткени Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат.
6Демек, Кудай силерди Өз убагында жогору көтөрүшү үчүн, Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула.
7Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт.
8Эстүү жана сергек болгула. Силердин душманыңар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүрөт.
9Ага бекем ишенимиңер менен каршы тургула, дүйнөнүн ар тарабындагы бир туугандарыңар да силер сыяктуу эле азап тартып жатышканын билгиле.
10Бизди Машайак Ыйса аркылуу Өзүнүн түбөлүк даңкына чакырып алган жана ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап тартканыңардан кийин, силерди Өзү жеткилең, бекем, кайраттуу жана туруктуу кылат.
11Бийлик түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы! Оомийин.
12Силерге жазган ушул кыска катымды мен ишенимдүү бир тууган деп эсептеген Сыласка жаздырдым. Бул катты силерге кайрат берүү үчүн, Кудайдын ырайымынын чындык экендигин күбөлөндүрүү үчүн жаздым. Силер ошол ырайым менен жашап жатасыңар.
13Бабылдагы силер сыяктуу эле тандалган Жыйын жана уулум Марк силерге салам айтып жатышат.
14Бири-бириңер менен өбүшүп саламдашкыла. Машайак Ыйсага ишенгендердин бардыгына тынчтык болсун. Оомийин.