1Кудай Атабыздын жана Теңирибиз Ыйса Машайактын Тесалоника Жыйынына Пабылдан, Сыластан жана Тиметейден салам! Кудай cилерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!
2Сыйынган сайын силерди эсибизге алып, бардыгыңар үчүн ар дайым Кудайга ыраазычылык билдиребиз.
3Кудай Атабыздын алдында ишеним менен кылып жаткан ишиңерди, сүйүү менен кылып жаткан эмгегиңерди жана Теңирибиз Ыйса Машайакка үмүттөнүү менен чыдамдуулук көрсөтүп жатканыңарды дайыма эскеребиз.
4Кудай сүйгөн бир туугандарым, силерди Ал тандап алганын билебиз.
5Себеби биз силерге Жакшы Кабарды сөз менен гана эмес, күч менен, Ыйык Рух менен жана бекем ишеним менен жеткирдик. Силердин араңарда силер үчүн кандай болгонубузду өзүңөр билесиңер.
6Көп кыйынчылыктарга карабастан, сөздү Ыйык Рухтан келген кубаныч менен кабыл алып, силер бизден жана Теңирден үлгү алуучулар болуп калдыңар.
7Ошентип, силер Македониядагы жана Ахаядагы бардык ишенгендер үчүн үлгү болуп калдыңар.
8Анткени Теңир Сөзү силерден Македония менен Ахаяга гана тараган жок. Кудайга болгон ишенимиңер бардык жерге тарады, бизге бул тууралуу айтуунун кажети жок.
9Анткени алар биз жөнүндө, бизди кандай кабыл алганыңар жөнүндө, тирүү, чыныгы Кудайга кызмат кылуу үчүн, буркандардан баш тартып, Ага кайрылганыңар жөнүндө,
10өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Уулу Ыйсаны асмандан күтүп жатканыңар жөнүндө айтып жатышат. Ал бизди келечектеги каардан куткарат.