1Бир туугандар, биздин силерге барганыбыз пайдасыз болбогонун билесиңер.
2Бирок буга чейин биздин Филипиде азап чегип, кордук көргөнүбүздү өзүңөр билесиңер. Катуу каршылыктарга карабастан, Кудайдан кайраттуулук алып, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын жарыяладык.
3Анткени биз силерге насаатты адашкандыктан же арам ой менен айтпайбыз, эч кимди алдабайбыз.
4Тескерисинче, Кудай ылайык деп таап, Жакшы Кабар таратуу ишин бизге ишенип тапшыргандыктан, биз адамдарга жагуу үчүн эмес, жүрөгүбүздү сынаган Теңирге жагуу үчүн сүйлөйбүз.
5Өзүңөр билесиңер, биз силерге эч качан жагалданган жокпуз, куулук менен өз пайдабызды көздөгөн жокпуз. Буга Кудай күбө!
6Силерден да, башкалардан да адамдык атак-даңк издеген жокпуз.
7Машайактын элчилери катары силерге салабат менен келсек деле болмок, бирок биз баласын бөпөлөгөн энедей болуп, силерге жумшак мамиле кылдык.
8Силерге болгон сүйүүбүздөн улам биз силерге Жакшы Кабарды таратып гана тим болбостон, өз жаныбызды берүүгө да даяр элек, анткени силер биз үчүн кымбат болуп калдыңар.
9Бир туугандар, биздин эмгегибиз, кыйналганыбыз силердин эсиңерде: эч кимиңерге оорчулук түшпөшү үчүн, күнү-түнү иштеп жүрүп, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын тараттык.
10Силердин – Ыйсага ишенгендердин алдында өзүбүздү ыйык, адил жана кемчиликсиз алып жүргөндүгүбүзгө өзүңөр күбөсүңөр, Кудай да күбө.
11Анткени өзүңөр билесиңер, силердин ар бириңерге атасы балдарына кылгандай мамиле кылдык:
12силерге кайрат берип, силерди сооротуп, силерди Өз падышачылыгына жана даңкына чакырып алган Кудайга татыктуу жашашыңарды өтүндүк.
13Биз жарыялаган Кудай Сөзүн кабыл алганыңар үчүн, Кудайга дайыма ыраазычылык билдиребиз. Силер муну адамдын сөзү катары эмес, Кудай Сөзү катары кабыл алдыңар, чынында эле бул – Кудай Сөзү. Ыйсага ишенген силерде аракеттенип жаткан да ошол сөз.
14Анткени силер, бир туугандар, Кудайдын Жүйүт аймагындагы, Машайак Ыйса жолундагы Жыйындарына окшоп кыйынчылык көрүп жатасыңар. Жүйүттөр тарабынан кыйынчылык көрүп жаткан алар сыяктуу силер да өз уруулаштарыңар тарабынан кыйынчылык көрүп жатасыңар.
15Алар Теңир Ыйсаны өлтүрүштү, Анын пайгамбарларын өлтүрүштү, бизди кууп жиберишти. Кудайга жакканды кылышпайт, адамдардын бардыгына каршылык көрсөтүшөт.
16Куткарылып калышсын деп, бутпарастарга Жакшы Кабар таратып жатсак, бизге тоскоол болуп жатышат. Ушул аркылуу алардын күнөөлөрү чегине жетет. Алар Теңирдин каарына калышты.
17Бир туугандар, кыска убакытка силер менен жүз көрүшпөсөк да, жүрөгүбүздө силер менен биргебиз, ошондой болсо да силердин жүзүңөрдү көрсөк деген каалообуз чоң.
18Биз, мен, Пабыл, силерге баралы деп, бир-эки жолу чыгындык, бирок бизге шайтан кедерги болду.
19Үмүтүбүз, кубанычыбыз же мактанар таажыбыз ким? Теңирибиз Ыйса Машайак келгенде, Анын алдында ошол нерселерибиз силер эмессиңерби?
20Ооба, биздин мактанычыбыз да, кубанычыбыз да силерсиңер.