1Ошондуктан биз чыдай албай, Афинде өзүбүз эле калып, бир тууганыбыз Тиметейди жибердик.
2Ал – Кудайдын кызматчысы, Машайактын Жакшы Кабарын таратуу ишинде биздин кызматташыбыз. Аны силерге ишенимиңерди бекемдеши үчүн, силерди сооротушу үчүн,
3ушул кыйынчылыктардан улам эч кимиңер олку-солку болбошуңар үчүн жибердик. Анткени бизге азап чегүү белгиленгендиги силерге маалым.
4Азап чегерибиз тууралуу силерге барганыбызда, алдын ала айткан элек, айтканыбыздай болгонун өзүңөр да билесиңер.
5Ошондуктан мен чыдай албай, ишенимиңер жөнүндө билип келсин деп, Тиметейди жибердим. Силерди азгыруучу азгырып, эмгегибиз текке кеткен жокпу, билейин дедим.
6Тиметей бизге силердин ишенимиңер, сүйүүңөр жөнүндө жакшы кабар менен келди. Силер бизди кубаныч менен эскерериңерди, биз сыяктуу эле силер да бизди көргүңөр келерин айтты.
7Азыр болсо биз, бир туугандар, азап чегип, муктаж болуп жатканыбызга карабастан, силер жөнүндө, силердин ишенимиңер жөнүндө угуп сооронуп калдык.
8Анткени силер Теңир жолунда бекем турсаңар эле, биз тирүүбүз.
9Кудайыбыздын алдында силер үчүн, силер үчүн кубанып жатканыбыз үчүн, Кудайга кандай ыраазычылык билдирсек болот?
10Жүзүңөрдү көрсөк экен деп, ишенимиңердин жетишпегенин толуктасак экен деп, күнү-түнү чын жүрөктөн сыйынып жатабыз.
11Кудай Атабыз Өзү жана Теңирибиз Ыйса Машайак биздин жолубузду силерге багыттаса экен.
12Биздин силерге болгон сүйүүбүз кандай болсо, Теңир силердин бири-бириңерге жана бардык адамдарга болгон сүйүүңөрдү ошондой арттыра берсин.
13Теңирибиз Ыйса Машайак Өзүнүн бардык ыйыктары менен келгенде, Кудай Атабыздын алдында, ыйыктык жолунда жүрөгүңөр бекем, кемчиликсиз болсун.