1 Тесалоникалыктарга 4:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Бир туугандар, Кудайга жагуу үчүн кандай жашаш керек экендигин бизден үйрөндүңөр. Мындан ары да бул нерседе ийгиликке жетишиңерди Теңирибиз Ыйсанын атынан өтүнүп суранабыз.

2Силерге Теңирибиз Ыйсанын атынан кандай осуяттарды бергенибизди билесиңер.

3Кудайдын каалоосу – силердин ыйыкталышыңар: ойноштук кылуудан алыс болгула;

4ар ким өз денесин ыйык жана таза сактай билсин,

5Кудайды тааныбаган бутпарастарга окшоп дене кумарына батпасын;

6чектен чыгып, өз бир тууганын пайдаланып, бул нерседе өз кызыкчылыгын көздөбөсүн, анткени Теңир мунун баары үчүн өч алат. Биз мурун силерге бул жөнүндө айтканбыз, эскерткенбиз.

7Анткени Кудай бизди ыпыластыкка эмес, ыйыктыкка чакырган.

8Баш ийбеген киши адамга эмес, бизге Өзүнүн Ыйык Рухун берген Кудайга баш ийбеген болот.

9Силерге бир туугандык сүйүү жөнүндө жазуунун кереги жок, анткени силер Кудайдан бири-бириңерди сүйүүнү үйрөндүңөр.

10Анткени силер бүтүндөй Македония жериндеги бардык бир туугандарга ушундай мамиле кылып жатасыңар. Бирок, бир туугандар, силерден суранарыбыз: бул нерседе мындан ары да ийгиликке жеткиле,

11силерге буйруганыбыздай, тынч жашаганга аракет кылгыла, өз ишиңерди кылгыла, өз колуңар менен иштегиле,

12сырттагылардын алдында туура жашашыңар үчүн, эч нерсеге муктаж болбошуңар үчүн ушундай кылгыла.

13Бир туугандар, үмүтсүз адамдарга окшоп кайгырбашыңар үчүн, өлгөндөр тууралуу билүүңөрдү каалайм.

14Ыйсанын өлүп кайра тирилгенине ишенгенибиздей эле, Кудайдын Ыйсага ишенип жүрүп көз жумгандарды да Аны менен бирге алып келерине ишенебиз.

15Теңирдин сөзүнүн негизинде силерге айтарыбыз бул: Теңир келгенге чейин өлбөй тирүү жүргөн биз өлгөндөрдөн озуп кетпейбиз.

16Анткени буйрук берилгенде, башкы периштенин жана Кудайдын сурнайынын үнү чыкканда, Теңир Өзү асмандан түшүп келет. Адегенде Машайакка ишенип жүрүп көз жумгандар тирилишет.

17Андан кийин тирүү жүргөн биз алар менен бирге Теңир менен абада жолугушуу үчүн, булут үстүндө асманга көтөрүлөбүз. Ошентип, түбөлүккө Теңир менен болобуз.

18Ошондуктан бири-бириңерди ушул сөздөр менен соороткула.

r>