1Бир туугандар, убакыты жана мөөнөтү жөнүндө жазып кереги жок.
2Теңирдин күнү түн жамынган уурудай болуп келерин силер жакшы билесиңер.
3«Тынчтык жана коопсуздук», – деп айтышканда, кош бойлуу аялдын толгоосу кармаган сыяктуу, алар күтүлбөгөн жерден өлүмгө дуушар болушат жана андан качып кутула алышпайт.
4Бирок, бир туугандар, ал Күн силерге ууруга окшоп күтүлбөгөн жерден келгидей, силер караңгыда эмессиңер.
5Анткени силер, баарыңар, жарыктын уулдарысыңар, күндүн уулдарысыңар. Биз караңгынын да, түндүн да уулдары эмеспиз.
6Ошондуктан башкаларга окшоп уктабайлы. Тескерисинче, сергек жана эстүү бололу.
7Себеби уктагандар түнкүсүн укташат, ичкендер түнкүсүн ичишет.
8Биз болсо күндүн уулдарыбыз, ошондуктан эстүү бололу. Ишеним менен сүйүүнү соот кылып, куткарылуу үмүтүн туулга кылып киели.
9Анткени Кудай бизди каарга эмес, биз үчүн өлгөн Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу куткарылууга белгилеген.
10Сергек болсок да, уктасак да, Аны менен жашашыбыз үчүн, Ал ушундай кылган.
11Ошондуктан бири-бириңерге кайрат берип, акыл-насаат айтып жатканыңардай эле, мындан ары да ошондой кыла бергиле.
12Бир туугандар, силерден суранарыбыз, араңарда эмгектенип жаткандарды, Теңир жолундагы жетекчилериңерди жана насаатчыларыңарды сыйлагыла.
13Аларды кылган эмгеги үчүн өзгөчө сыйлагыла, сүйгүлө. Өз ара тынчтыкта болгула.
14Силерден өтүнөрүбүз, бир туугандар, ээнбаштык кылгандарды эскерткиле, коркокторго кайрат бергиле, алсыздарды колдогула, баарына чыдамдуулук көрсөткүлө.
15Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, ар дайым бири-бириңерге жана бардыгына жакшылык кылгыла.
16Дайыма кубангыла.
17Үзгүлтүксүз сыйынгыла.
18Бардыгы үчүн ыраазычылык билдиргиле, анткени Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу силерге ачылган эрки ушундай.
19Рухту өчүрбөгүлө.
20Пайгамбарчылыктарга маани бербей койбогула.
21Бардыгын сынагыла, жакшысын кабыл алгыла.
22Ар кандай жамандыктан алыс болгула.
23Тынчтыктын булагы болгон Кудай Өзү силерди толугу менен ыйык кылсын. Рухуңар, жаныңар жана денеңер Теңирибиз Ыйса Машайак келгенге чейин эч кемчиликсиз, толук сакталсын.
24Силерди чакырып алган Кудай ишенимдүү, Ал ишке ашырат.
25Бир туугандар, биз үчүн сыйынгыла.
26Бардык бир туугандарды өөп, салам айтып койгула.
27Бул катты бардык ыйык бир туугандарга окуп беришиңерди Теңирдин атынан суранам.
28Теңирибиз Ыйса Машайак баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.