1 Тиметейге 1:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Биздин Куткаруучубуз Кудайдын жана үмүтүбүз Теңир Ыйса Машайактын буйругу боюнча Ыйса Машайактын элчиси болгон Пабылдан

2ишеним жолундагы чыныгы уулум Тиметейге салам! Сага Атабыз Кудай жана Теңирибиз Машайак Ыйса ырайымын төгүп, боорукердигин көрсөтүп, тынчтыгын бере берсин!

3Македонияга кетип жатканымда, мен сенден муну өтүнгөм: Эфесте калып, кээ бирөөлөргө эскерт, алар башка окутууларды таратышпасын,

4тамсилдер жана аягы жок санжыралар менен алек болушпасын, анткени ал нерселер ишенимди бекемдөөнүн ордуна көптөгөн талаш-тартыштарды туудурат.

5Акыл-насааттын максаты болсо чын жүрөктөн чыккан сүйүү, таза абийир жана чыныгы ишеним болуп эсептелет.

6Булардан алыстап, кээ бирөөлөр куру сөзгө кирип кетишти.

7Алар мыйзам үйрөтүүчү болууну каалашат, бирок эмне жөнүндө айтып жатышканын, эмнени ырастап жатышканын өздөрү түшүнүшпөйт.

8Ал эми биз мыйзамга ылайык колдонулган мыйзамдын жакшы экенин билебиз.

9Мыйзам адил адамдар үчүн эмес, тескерисинче, мыйзамсыздар жана баш ийбестер, кудайсыздар жана күнөөкөрлөр, бузулгандар жана ыйык нерсени булгоочулар, ата-энесин өлтүрүүчүлөр, киши өлтүрүүчүлөр,

10ойноштук кылып нике бузгандар, бачабаздар, адам уурдап сатуучулар, (ушакчылар, малга жанашуучулар), калпычылар, антты бузуучулар жана туура окутууга каршы тургандар үчүн берилгендигин билебиз.

11Бул окутуу – берекелүү Кудайдын мага ишенип тапшырган даңктуу Жакшы Кабарына ылайык келген окутуу.

12Мага күч берген Теңирибиз Машайак Ыйсага ыраазычылык билдирем, анткени Ал мени ишенимдүү деп таап, кызматка дайындады.

13Мен мурда Кудайга тил тийгизгем, Ыйсага ишенгендерди куугунтуктагам, кордогом, бирок мага ырайым кылынды, анткени мен буларды билбестиктен жана ишенбегендиктен кылгам.

14Биздин Теңирибиздин ырайымы мага ишеним жана Машайак Ыйсадагы сүйүү менен кошо мол төгүлдү.

15«Машайак Ыйса бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келди» деген сөз туура жана бардык жагынан кабыл алынууга татыктуу. Мен ошол күнөөкөрлөрдүн биринчисимин.

16Ыйса Машайакка ишенип түбөлүк өмүргө ээ боло тургандарга үлгү кылып көрсөтүү үчүн, Ал Өзүнүн чыдамдуулугун алгач мага көрсөтүп, мага ырайым кылды.

17Түбөлүктүү Падыша, өлбөс, көрүнбөс, жалгыз акылман Кудай түбөлүккө урматталып, даңктала берсин! Оомийин.

18Уулум Тиметей, мен сага өзүң жөнүндө айтылган пайгамбарчылыктарга ылайык жакшы аскер сыяктуу согушуп,

19ишенимиңди жана абийириңди таза сактагын деп кеңеш берем. Кээ бирөөлөр абийирин таза сакташкан жок, ошондуктан алардын ишеними кыйроого учурады.

20Именей менен Искендер ошондойлордон, Кудайга акарат келтирбөөнү үйрөнүшсүн деп, мен аларды шайтанга тапшырдым.

le>