1 Тиметейге 2:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Ошентип, баарынан мурда суранарым: такыбаалык, тазалык менен бейпил жана коогасыз жашашыбыз үчүн,

2бардык адамдар үчүн, падышалар жана бардык башкаруучулар үчүн сыйынгыла, өтүнгүлө, жалынгыла жана ыраазычылык билдиргиле.

3Анткени бул жакшы жана биздин Куткаруучубуз Кудайга жагат.

4Анткени Ал бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт.

5Анткени Кудай бирөө, Кудай менен адамдардын ортосундагы арачы да бирөө. Ал – адам болуп келген Машайак Ыйса.

6Ал Өзүн бардык адамдар үчүн кун катары берди: өз убагында берилген күбөлөндүрүү ушул.

7Мен ошол күбөлөндүрүүнүн жар салуучусу жана элчиси, ишеним жана чындык менен окуткан бутпарастардын окутуучусу болуп дайындалгам. Мен чындыкты айтып жатам, калп айткан жокмун.

8Ошондуктан мен эркектердин бардык жерде таза колдорун көтөрүп, ачууланбастан жана шектенбестен сыйынууларын каалайм.

9Ошондой эле аялдар да өздөрүн өргөн чачы, алтын, бермет, кымбат баалуу кийим менен эмес, жөнөкөй кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен,

10өздөрүн такыбаа жашоого арнаган аялдарга таандык болгон жакшы иштер менен жасалгалашсын.

11Аял киши унчукпастан, толук баш ийүү менен үйрөнсүн.

12Аял кишинин окутушуна, күйөөсүнө бийлик кылышына тыюу салам, ал унчукпасын.

13Анткени адегенде Адам ата, андан кийин Обо эне жаратылган.

14Адам ата азгырылган эмес, аял азгырылып, күнөөгө баткан.

15Ошондой болсо да, эгерде ишенимди жана сүйүүнү, ыйыктыкты жана адеп-ахлактуулукту сактаса, бала төрөө аркылуу куткарылат.

le>