1 Тиметейге 3:1-16 KYB2004 - Bible AI

1«Ким Жыйындын башчысы болууга умтулуп жатса, ал жакшы ишти каалап жатат» деп айтылып жүргөн сөз туура.

2Бирок Жыйын башчысы кемчиликсиз, бир эле жолу үйлөнгөн адам болушу керек. Ал токтоо, акыл-эстүү, адептүү, чынчыл, меймандос, окутууга жөндөмдүү,

3ичкиликке жакын эмес, эч кимге кол көтөрбөгөн, көр жеме эмес, дүнүйөкор эмес, тескерисинче, кичи пейил, тынчтыкты сүйгөн, акчаны сүйбөгөн,

4өз үйүн жакшы башкара билген, балдарын өзүнүн кадыр-баркы менен баш ийдире алган адам болушу керек.

5Анткени өз үйүн башкара албаган адам Кудайдын Жыйыны үчүн кам көрө алабы?

6Текеберденип кетип, шайтан сыяктуу сотко кабылбашы үчүн, ал Кудайга жаңы кайрылгандардан болбошу керек.

7Жаман сөзгө калбаш үчүн, шайтандын торуна түшпөш үчүн, ал сырттагылар тарабынан жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болгон адам болушу керек.

8Диакондор да өз кадыр-баркын сактай билген, эки сүйлөбөгөн, ичкиликке жакын эмес, дүнүйөкор эмес,

9ишенимдин сырын таза абийир менен сактаган адамдар болуулары керек.

10Бирок булар да адегенде сыналуулары керек, андан кийин, эгерде кемчиликсиз болушса, кызмат кылышсын.

11Аялдар да өз кадыр-баркын сактай билген, ушак сүйлөбөгөн, акыл-эстүү, бардык нерседе ишенимдүү болуулары керек.

12Диакон бир эле жолу үйлөнгөн, балдарын жана өз үйүн жакшы башкара билген адам болушу керек.

13Анткени жакшы кызмат кылгандар жакшы даражага жетишет жана Машайак Ыйсага болгон ишеним жолунда зор кайраттуулукка ээ болушат.

14Сага жакында барам деген үмүтүм бар болсо да, балким, кечирээк барып каламбы деп, ушул катты жазып жатам.

15Чындыктын тиреги жана негизи, тирүү Кудайдын Жыйыны болгон Кудайдын үйүндө өзүңдү кандай алып жүрүүнү билишиң керек.

16Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү.

le>