1Рух болсо мындай деп ачык айтып жатат: акыркы убактарда адаштыруучу рухтарга жана жиндердин окутууларына кулак салып, кээ бирөөлөр ишенимден четтешет.
2Бул окутуулар абийири күйүп кеткен калпычылардын эки жүздүүлүгү менен таратылат.
3Алар үйлөнүүгө жана Кудай жараткан кээ бир тамактарды жегенге тыюу салышат. Бирок ал тамактарды ишенгендер менен чындыкты таанып билгендер ыраазычылык билдирүү менен жеши керек.
4Анткени Кудай жараткан нерсенин бардыгы жакшы. Эгерде ыраазычылык менен кабыл алынса, эч бир нерсе четке кагылбоого тийиш.
5Себеби алардын бардыгы Кудайдын сөзү жана сыйынуу менен ыйыкталынат.
6Ушуну бир туугандарга үйрөтсөң, өзүң жолдогон жакшы окутуунун жана ишенимдин сөздөрү менен азыктанган, Ыйса Машайактын жакшы кызматчысы болосуң.
7Пайдасыз, куру сөздөрдөн кач. Такыбаа болууга машык.
8Анткени денени машыктыруудан пайда аз, ал эми такыбаалык бардык нерсеге пайдалуу, анда азыркы жана келечектеги жашоо үчүн убадалар камтылган.
9Бул сөз чындык жана толугу менен кабыл алынууга арзыйт.
10Анткени биз бардык адамдардын, айрыкча Ыйсага ишенгендердин, Куткаруучусу болгон тирүү Кудайдан үмүттөнгөндүгүбүз үчүн, эмгектенип да, кордукка чыдап да жатабыз.
11Ушуну айтып үйрөт.
12Эч ким сени жашсынтпашы үчүн, сен Ыйсага ишенгендерге сөзүң менен, жүрүш-турушуң менен, сүйүүң менен, ишенимиң менен, тазалыгың менен үлгү бол.
13Мен келгенче, Ыйык Жазууну окуп берип, насаат айтып, үйрөтүп тур.
14Пайгамбарчылык боюнча Жыйын башчыларынын кол коюп сыйынуусу аркылуу берилген жөндөмдүүлүгүңө көңүл коштук кылба.
15Ошол үчүн кам көр, ошону таштаба, сенин ийгилигиңди бардыгы көргүдөй болсун.
16Өзүңө жана окутууга көңүл бур, ушул нерседе туруктуу бол, анткени ошентүү менен өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың.