1Кары кишини жемелебе, тескерисинче, ага атаң катары, жаштарга бир туугандарың катары,
2кемпирлерге энең катары, жаш аялдарга эже-карындаштарың катары адеп-ахлактуулук менен акыл-насаат айт.
3Чыныгы жесир аялдарды сыйла.
4Эгерде бир жесир аялдын балдары же неберелери болсо, анда алар адегенде өздөрүнүн үй-бүлөсүнө Кудайдан коркуу менен мамиле кылууну жана ата-энелери үчүн кам көрүүнү үйрөнүшсүн, анткени бул Кудайга жагат.
5Чыныгы жесир, жалгыз бой аял Кудайдан үмүттөнүп, күнү-түнү сыйынат жана жалынат,
6ал эми ыракатты сүйгөн аял – тирүүлөй өлүк.
7Кемчиликсиз болуулары үчүн, аларга ушуларды үйрөт.
8Ким өз туугандары үчүн, айрыкча өз үйүндөгүлөрү үчүн, кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан, ишенбегендерден да жаман адам.
9Жашы алтымыштан кем болбогон, бир эле жолу турмушка чыккан, жакшы иштери менен таанымал болгон жесир аял,
10эгерде балдарын тарбиялап өстүргөн болсо, жолоочуларды кабыл алып, ыйыктардын бутун жууп, кыйналгандарга жардам берип, жакшы иштерди тырышчаактык менен кылып жүрсө, анда ал Жыйындын жесирлер тизмесине киргизилсин.
11Жаш жесир аялдарды тизмеге киргизбе, анткени алар дене каалоолоруна алдырганда, Машайактын каалоолоруна каршы чыгып, күйөөгө тийүүнү самашат.
12Алар өздөрүнүн алгачкы чечиминен баш тартышкандыктан, айыпталууга дуушар болушат.
13Андан сырткары, алар жалкоо болушкандыктан, үйдөн үйгө киргенди адатка айландырып алышат. Алар жалкоо гана эмес, сүйлөөк да болушат, башка бирөөлөрдүн ишине кийлигишишет, керексиз нерселерди сүйлөшөт.
14Ошондуктан мен жаш жесирлердин күйөөгө тийип, бала төрөп, үй иштерин кылуусун жана душмандын жамандоосуна себепкер болбоосун каалаймын.
15Анткени алардын ичинен кээ бирлери азгырылып, шайтандын жолуна түшүп кетишти.
16Эгерде Ыйсага ишенген адамдын, ал эркек болобу, аял болобу, жесир калган жакындары болсо, анда ал аларга жардам берсин, алар Жыйынга жүк болушпасын. Ошондо Жыйын чыныгы жесирлерге жардам бере алат.
17Туура жетекчилик кылган Жыйын жетекчилерине, айрыкча насаат айтып, окутуп кызмат кылгандарга, эки эсе урмат көрсөтүлсүн.
18Анткени Ыйык Жазууда: «Эгин бастырып жаткан өгүзүңдүн оозун таңба!» жана «Эмгектенген адам эмгек акысын алууга татыктуу», – деп жазылган.
19Эки же үч күбө болбосо, Жыйын жетекчисине карата айтылган айыптоону кабыл алба.
20Башкаларда да коркунуч болуш үчүн, күнөө кылгандарды бардыгынын алдында ашкереле.
21Кудайдын, Теңир Ыйса Машайактын жана тандалган периштелердин алдында сенден суранарым: ушул көрсөтмөлөрдү эч кандай жаман ойсуз сакта, бардык нерседе калыс бол.
22Башка бирөөлөрдүн күнөөлөрүнө ортоктош болуп калбаш үчүн, бирөөнүн үстүнө кол коюуга шашпа, өзүңдү таза сакта.
23Мындан ары суу эле иче бербе, ашказаның менен тез-тез кармаган ооруларың үчүн аз-аздан шарап да ичип тур.
24Кээ бир адамдардын күнөөлөрү сотко чейин эле белгилүү болот, ал эми кээ бирөөлөрдүн күнөөлөрү кийин билинет.
25Ошол сыяктуу эле жакшы иштер да ачык көрүнүп турат, ачык көрүнбөсө да, жашыруун бойдон калбайт.